Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Жакынкы Чыгыш: "Хезболла" менен ЦАХАЛдын тиреши курчуду


Кирят Биалик аткылоодон кийин. 22-сентябрь, 2024-жыл.
Кирят Биалик аткылоодон кийин. 22-сентябрь, 2024-жыл.

Израилдин коргонуу күчтөрү өткөн түнү Ливандан жүздөн ашык ракета атылганын, алардын көбү атып түшүрүлгөнүн билдирди. Израил бул чабуулдар үчүн АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган Ливандын "Хезболла" тобун айыптады.

Жекшемби күнү Израил менен Хезболла бири-бирине сокку урду. Рейтер агенттиги Израилдин согуштук учактары Ливандын түштүгүнө абадан сокку урганын, "Хезболла" Израилдин түндүгүнө ракета учурганын жазды.

Израилдин коргонуу күчтөрү өткөн түнү Ливандан жүздөн ашык ракета атылганын, алардын көбү атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Израилдин өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтары өлкөнүн түндүк аймактарында Кирят Биалик, Цур Шалом жана Морешетте чыккан өрттү өчүрүүдө. Кирят Биаликте эки үй жабыркап, үч адам жаракат алды.

Израилдин түндүгүндө мектеп жана коомдук жайлар убактылуу жабылды. Ооруканалар өз ишин бомбадан коргонгон жайларда улантууга мажбур болду.

Израилдин Хайфа району. 22-сентябрь, 2024-жыл.
Израилдин Хайфа району. 22-сентябрь, 2024-жыл.

Израилдин Коргоо министри Йоав Галлант жекшембиде буларды айтты:

"Аскердик операциялар Израилдин түндүгүндөгү тургундар үйлөрүнө аман-эсен кайтып келе турган абалга жеткенге чейин уланат. "Хезболла" Израилдин коргонуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сезе баштады.".

"Хезболла” анын түнкү чабуулу Израилдин Хайфа аймагындагы аскердик заводду бутага алганын билдирди.

Ал тапта Ливандын борбор шаары Бейрутка Израилдин 20-сентябрдагы чабуулунан кеминде 37 адам каза болгону кабарланды. Ливандан Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондор арасынд үч бала жана жети аял бар.

"Жарадар болгондорду айта турган болсом, алгач ооруканага 68 адам жаткырылган. Алардын 53ү үйлөрүнө кайтты. Ооруканада дарыланып жаткан 15 адамдын ичинен эки бейтаптын абалы оор", - деди өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирасс Абиад.

Транспорт министри Али Хамие өлкө боюнча кеминде 23 адам дайынсыз жоголгонун билдирди.

«Албетте, биз согушту каалабайбыз. Бирок ал чечим бизден көз каранды эмес. Мен ливандыктардын бардыгы тынчтык каалаган көз карашта экенине ишенгим келет. Азыр биздин өлкөдө эмне болуп жатканын сөз менен айтып түшүндүрө албайм», - деди Бейруттун тургундарынын бири журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Бейруттун түштүк четиндеги Израилдин ракеталык соккусу болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат 20-сентябрь, 2024-жыл .
Бейруттун түштүк четиндеги Израилдин ракеталык соккусу болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат 20-сентябрь, 2024-жыл .

Жума күнү АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган Ливандын "Хезболла" тобу Израилдин соккусунан 16 мүчөсү каза болгонун билдирген.

"Хезболла" тобу каза болгондор арасында башчылары Ибрагим Акиль жана Ахмед Вахби болгонун кошумчалаган.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) "Хезболланын" аскердик башкаруу чынжырчасы толугу менен жок кылынганын кабарлаган.

Даниэл Хагари
Даниэл Хагари

"Бүгүн эртең менен Израил армиясы "Хезболла" террордук уюмунун командири Ибрагим Акилди жана аны менен бирге "Радван" атайын күчтөрүнүн башчыларын бутага алып, жок кылышты" деди Израилдин армиясынын (ЦАХАЛ) басма сөз катчысы Даниэл Хагари.

Израил Ливанда "Хезболла" жоочулар тобунун турумдарына жапырт сокку урганын, алардын бир учурда 1000 ракета учура алуучу 100гө жакын техникасын жок кылганын 19-сентябрдын кечинде билдирген.

Бул операция маалында ЦАХАЛ эки жоокерин жоготкон.

Буга чейин Ливандын аймактарында, өзгөчө борбор калаасы Бейрутта пейжер жана байланыш каражаттарынын жарылуусунан кеминде 32 адам каза болуп, 3000ден ашыгы жараат алган.

Былтыр 7-октябрда АКШ менен Израилде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөшү "Хезболлага" каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты.

Ливан: «Хезболланы» бутага алган пейжер чабуулу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG