Дүйнөлүк коомчулукту Орусиянын эгемен Украинага каршы согушун колдоо үчүн түндүк корей аскер тобу жөнөтүлүп жаткандыгы тууралуу каңшаар кабар түйшөлтүүдө. Деги Түндүк Кореяга коңшулаш Түштүк Кореянын бул баскынчыл согушка карата туруму кандай болууда? Тарыхчынын блогу.
“Чучхэ” идеялары жеңген өлкөнүн режими Кремлдин баскынчыл саясатын колдоодо
Түндүк Кореядагы Ким тукумунун диктатордук режими эгемен Украинага каршы 2014-жылдын февралынан тартып баскынчыл согуш жүргүзүп жаткан жана 2022-жылдын 24-февралынан тартып бул согушту кеңири өлчөмдө уланткан путиндик Орусиянын тикелей колдоочуларынан болуп жаткандыгы азыркы тапта эч кимге деле жашыруун эмес.
Түндүк Корея эгемен Украинанын Орусия тарабынан убактылуу каратылып алынган чыгыш аймактарын Орусияга таандык деп санайт.
2024-жылы май айында Украинанын Харьков шаарында кулап түшкөн ракетанын сыныктарынан улам, ал ракета Түндүк Кореяда өндүрүлгөндүгү аныкталган.
Үстүбүздөгү айда (2024-жылдын октябрында) Түндүк Кореянын жоокерлери дагы Орусиянын режиминин баскынчыл согушуна Кремл тарабында тикелей аралашуу үчүн жөнөтүлүп жаткандыгы жөнүндөгү кабарды 2024-жылы 24-октябрда президент Владимир Путин да четке каккан жок.
Журналисттин “жасалма жандоочу (спутник) тарабынан тартып алынган фото сүрөткө караганда, түндүк кореялык аскерлер Орусиянын Украинага каршы согушу жүрүп жаткан аймакта жайгашкандыгы байкалган экен, бул маселеге кандайча карайсыз?” дегендей суроосуна орус президенти В.Путин мындайча жооп узатты:
“Сүрөттөр – олуттуу нерсе; эгерде андайлар бар болчу болсо, демек алар кандайдыр-бир жагдайды чагылдырып жатышат да” ("Снимки – вещь серьезная, если они есть, значит, что-то отражают"), – деди В.Путин.
Андан ары ал аксымданып, Украинадагы кырдаалдын курчушуна 2014-жылдагы бул өлкөдөгү “мамлекеттик төңкөрүш” алып келди да, деген эски “жомогун” кайталады.
Мындай элдик ыңкылаптар XXI кылымдын башында эле эгемен Кыргызстанда үч жолу жүзөгө ашкан, бирок расмий Кремл заманбап Кыргызстандагы улам жаңы өкмөт менен кызматташуусун улантып келет. Анткени бул окуялар – Кыргызстандын ички турмушуна таандык саясий окуялар. Украинанын борборунда деле 2004–2005-жылдары жана 2013–2014-жылдары жүзөгө ащкан ыңкылаптар Бишкектегидей эле ички саясий окуялар болгон.
Ал эми В.Путин өзүнүн баскынчы жоокерлерин маскөөчүл Виктор Янукович ээрден шыпырыла элек кезде эле Кырымга аттандыргандыгы орусиялык журналисттер тарабынан даректүү маалыматтар менен ашкереленген болчу.
Ал эми Түндүк Кореянын дүйнө жүзүнөн обочодо калган диктаторлук режими үчүн Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушу расмий Кремлден өзөктүк куралдарга таандык аскердик жаңы технологияны сатып алуу жаатында жаңы мүмкүнчүлүк ачты.
2024-жылы 19-июнда Түндүк Кореянын борбору Пхеньянда Орусия менен Түндүк Кореянын стратегиялык шериктиги жөнүндө атайын келишимге кол коюлду.
Бул келишим 2024-жылы 24-октябрда Орусиянын парламенти тарабынан ратификациялангандыгын да президент Владимир Путин Казан шаарындагы ошол күнкү маалымат жыйынында тастыктап айтып, андагы берене жөнүндө толугураак маалымдады:
“Анда 4-берене бар жана биз [Түндүк] Кореянын жетекчилиги биздин келишимдерибизге олуттуу мамиле жасайт деп эч кандай шектенген деле эмеспиз. Эмнени жана кантип жүзөгө ашырабыз – бул биздин [ички] ишибиз эмеспи. Ушул берененин алкагында...” (“Там есть статья 4, и мы нисколько никогда не сомневались, что корейское руководство относится к нашим договорённостям серьёзно. Что и как мы будем делать, это уже наше дело. В рамках этой статьи...”), – деди В.Путин.
Ал эми 2024-жылы 14-октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский иш жүзүндө Түндүк Корея баскынчыл Орусия тарабында согуш аракеттерине киришти, деп соңку окуяларга карата өз баасын билдирген. Анын оюнча, түндүк кореялык жоокерлер Украинага каршы согуштагы кан майданга 27–28-октябрда киргизилиши ыктымал.
Улуу Британиядагы “Guardian” гезити болсо Түндүк Кореянын аскер кызматкерлери буга чейин эле орустарга түндүк корейлик KN-23 ракеталарын багыттап-көзөмөлдөөгө жардам берип жатышкан, деп жазып чыкты.
Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү болсо 2024-жылы 21-октябрда өз өлкөсүнүн жоокерлеринин Украинага каршы согушка Орусия тарабында жөнөтүлгөндүгү тууралуу жоромолдорду төгүнгө чыгарып сүйлөгөн. Бирок ал Түндүк Корея менен Орусия достук кызматташтыкты мыйзам ченемдүү өөрчүтүп жатканын да баса айткан.
Түштүк Корея Украинага карата тилектештигин билдирүүдө
Күн Чыгыштагы демократиялык өлкөлөрдүн бири болгон Түштүк Корея жумурияты – путиндик режимдин Украинага кааршы кеңири өлчөмдөгү баскынчыл согуш аракеттерин кескин айыптап чыккан көпчүлүк мамлекеттердин бири.
Түштүк Кореянын 2022-жылдын башындагы президенти Мун Чжэ Ин (Moon Jae-in) мырза “Орусиянын Украинага басып кириши эч кандай кырдаалда актала албайт”, – деп 2022-жылы 24-февралда эле таасын билдирген жана Путиндин режимине каршы экономикалык чектөөлөрдү киргизүүгө үндөгөн.
2022–2023-жылдары Түштүк Корея БУУнун Жалпы жыйынынын Орусиянын Украинага каршы баскынчылыгын айыптаган жана Украинанын аймактык бөлүнгүстүгүн жактаган бир катар чечимдерин ырааттуу колдоп добуш берген.
2022-жылдын 7-апрелинде Корея Республикасы Орусия Федерациясын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгаруу сунушун жактырып добуш берген.
Түштүк Кореянын азыркы президенти Йун Сок Йөл (Yoon Suk Yeol) мырза 2023-жылы 25-июлда эгемен Украинага расмий иш сапар менен келген жана калайыгы кыргынга учураган Буча жана Ирпин шаарчаларын кыдырып чыккан.
Ал эми Түштүк Кореянын быйыл күзүндө жаңыдан дайындалган коргоо министри Ким Йөн Хйөн (Kim Yong-hyun) мырза 2024-жылы 8-октябрда өз өлкөсүнүн парламентинде чыгып сүйлөп жатып, Түндүк Корея өз жоокерлерин “Орусияны колдоого алуу максатында” Украинага жөнөтүп жаткандыгы чындыкка жакын болушу ыктымал, деген алгачкы бүшүркөөсүн шардана кылган. Бул министр Орусия менен Түндүк Кореянын стратегиялык шериктик жаатындагы келишимин “аскердик ынтымакка тете” деп да баалаган.
Түндүк Кореянын айрым аскер топтору Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы аймагына 8–13-октябрдын аралыгында орусиялык кеме аркылуу ташылып келгендиги тууралуу маалымат Түштүк Кореянын чалгын кызматынын 18-октябрдагы билдирүүсүндө тастыкталган. Алгачкы баскычта түндүк кореялык 1500 жоокер Орусиянын Владивосток шаарына жеткирилди, деп алиги чалгын кызматы маалымдаган.
2024-жылы 21-октябрда, дүйшөмбү күнү, Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги бул өлкөдөгү Орусиянын элчисин чакырып алып, Түндүк Кореянын аскерлерин дароо Орусиянын аймагынан чыгарып жиберүү талабын билдирди.
Азыркы тапта чейин Түштүк Корея Украинага кайрымдуулук жардамдарды ырааттуу көрсөтүп келди. Расмий Сеул аскердик жабдуулардан болгону минага каршы жабдууларды гана Украинага жөнөткөнү маалым.
Ал эми Түштүк Кореянын президентине караштуу Улуттук коопсуздук кеңеши Орусиянын Түндүк Корея менен учурдагы аскердик кызматташтыгын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Корея менен аскердик кызматташтыкка тыюу салган чечимин (резолюциясын) одоно бузуу болуп саналат, деп 2024-жылы 22-октябрда маалымдады.
Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин башкы орун басары Ким Тэ Хйө (Kim Tae-hyo) мырза 2024-жылдын 22-октябрындагы Сеулдагы маалымат жыйыны маалында:
“Эгерде Түндүк Корея менен Орусиянын ортосундагы мыйзамсыз аскердик кызматташтык улантыла берсе, анда [Түштүк Корея] четте кала бербейт жана эл аралык коомчулук менен кызматташуу аркылуу чечкиндүү түрдө жооп кайтарат”, – деп бекем айтты.
Жаңы түзүлгөн кырдаалга ылайык, эми Түштүк Корея дагы Украинага согуш куралдарын жана нускоочу катары көмөк кыла турган аскер адистерин жөнөтүшү ыктымал. Бул адистер Түндүк Кореядан жөнөтүлгөн жоокерлердин согуш маалындагы аскердик тактикасына талдоо кылышы жана алардын туткунга түшкөн өкүлдөрүн суракка алууга катышуусу ажеп эмес.
Ошентип, Күн Чыгыштагы эки бир тууган мамлекет – тоталитардык Түндүк Корея менен демократиялык Түштүк Корея өз аймактарынан 7 миң чакырымдай батышыраакта улантылып жаткан Орусия-Украина согушу жаатында бири-бирине таптакыр карама-каршы турумда болушууда.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине