Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталганына бир айдан ашты. Бирок эмдөө өтө жай жүргөнү байкалууда. Расмий эсепте ушул кезге чейин 33 миңден ашуун киши вакцина алды. Ал тапта өлкөдө коронавирус жугузуп алгандар барган сайын көп катталууда. Вирустан каза болгондор да улам көбөйүп жатат.
Чек арадагы кагылыштан курман болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетти. Ал эми Тажикстан тараптан 16 адам каза тапканы айтылууда. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана жарандарына каршы кылмыш ишин козгоп, чек арадагы окуяны «агрессия» деп баалады.
Кыргыз-тажик чек арасында каза болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 30-апрелде кечки саат 20:00га карата 31ге жетти. Жаракат алгандар 154 адам. Түштөн кийин Кыргызстан менен Тажистандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. //"Бүгүн Азаттыкта". 30.04.2021.//
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал оор бойдон калууда. Эки тараптан атышуу болуп, каза тапкандар бар. АКШнын президенти Жо Байден 4 триллион доллардык планын жарыялады. Белгилүү акын, «Азаттыктын» кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун каза болгонуна туура бир жыл толду. //"Бүгүн Азаттыкта". 29.04.21.//
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Индияда коронавирус боюнча абал дагы деле оор. Бишкекте биринчи жолу электромобилдердин жүрүшү өттү.
Коронавируска каршы эмдөө Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлө баштады. Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө жана дарылоо кандай жүрүүдө? Дарыгерлер уу коргошундун тундурмасы менен дарылоо тууралуу кандай пикирде?
Түркияда коронавируска байланыштуу локдаун жарыяланды. Өлкөдө дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн башка мекемелер толугу менен жабылат. Баткен облусунан жоголуп, Тажикстандан табылган кыргызстандыктар коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын айтышууда.
Индияда COVID-19га чалдыккандардын жаңы рекорду катталды. Ал эми Кыргызстан уу коргошунду дары катары колдоно бермекчи. Муну министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Ал арада парламент депутаттары Бейшеналиевдин отставкасын карамай болду.
Индияда коронавируска чалдыккандардын бир күндүк көрсөткүчү дагы жаңы чекке жетти. Соңку бир суткада өлкөдө 353 миңдей адам вирусту жугузуп алды.
Дагы жүктөңүз