Новосибирск шаарынын тургуну, эки баланын атасы Дмитрий үчүн Орусиянын үч жыл мурун Украинага кол салуусу жашоосундагы эң жагымсыз окуя болуп калды.
Президент Владимир Путиндин саясатына каршы болгон IT тармагында иштеген адистин кирешеси санкциялардан улам азайып кетти, машина жана башка товарлар кымбаттады, уулу, Дмитрийдин пикиринде, кооптуу улутчул пропагандага туш болду.
Ал эмгек өргүүсүн адатта үй-бүлөсү менен дачасында же Алтай крайында өткөрчү. Эми согуш башталгандан бери жашоосу абдан өзгөргөнүн айтат.
50 жашка чукулдап калган Дмитрий 1991-жылы СССРдин ыдырашына, 1998-жылы орус рублинин куну бир күндө түшкөнүнө жана дефолтко, Орусияга катуу таасир эткен 2008-2009-жылкы глобалдык экономикалык кризиске күбө болгон.
“Санкциялар көп нерсени кыйындатты. Орусиялык компьютердик программалар АКШныкына караганда анча жакшы эмес. Бирок чыгымдарымды жабууга чамам жетет. Жаңы машина гана ала албайм. Машиналар азыр кымбат, көбү Кытайда жасалат”, - дейт Дмитрий.
“Свобода” радиосу маектешкен башка орусиялыктардай эле ал коопсуздугу үчүн корккондуктан толук атын атабоону өтүндү.
Москвада жашаган Викториянын Украинада туугандары бар. Согуш жаңы тутанганда нес болсо, бара-бара коркуу сезими тарагандай. Уруштун алгачкы күндөрүндөгү дары-дармек тартыштыгы эбак эле унутта калды. Товарлардын көбү кымбаттаганы менен маяна көтөрүлдү. Москвада акыркы үч жылда ачылган көптөгөн жаңы жайлар жашоону көп жагынан жагымдуураак кылды.
Викториянын айтымында, Батышка саякаттоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калышканы эң чоң сокку болуп калды. Эки баланын энеси бир кездери үй-бүлөсү менен Парижге, Римге барып эс алса, 2022-жылдан бери негизинен Жакынкы Чыгышка же Орусиядагы башка жерлерге барууга аргасыз болуп калды.
Кошуна өлкөсүнө кол салганы үчүн Батыштын санкцияларына туш болгон Орусиянын туризм тармагына инвестиция байма-бай салынып жаткан чак. Виктория эми Алтай, Кавказ, Кара деңиздеги Сочи москвалыктар үчүн популярдуу багытка айланганын айтат.
“Согуштун айынан досторумдун эч кимиси кыйынчылыкка дуушар болгон жок. Бирок мен Москвада жашайм, региондордо кырдаал башкача”, - деп түшүндүрдү Виктория.
Орусиянын Украинага басып кириши 21-кылымдын тарыхында кала турган окуя болуп калды. Согуш эбегейсиз жоготууга, кыйроолорго алып келди, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери орногон Батыш жетектеген дүйнөлүк тартип урады.
Куралдуу жаңжалдын кесепети дүйнөдө ар башкача сезилип жаткандай эле Орусияда да анын залакасы бирдей эмес. 144 миллион калктын көбүнө согуш эч кандай таасир тийгизбесе, башкалары андан пайда табууда, дагы бирөөлөрү өз өмүрүнөн, укуктарынан ажырап жатат.
Согуштун региондордогу таасири
Саясий активисттерди жана мигранттарды, ЛГБТ өкүлдөрү өңдүү азчылыктарды эске албаганда, москвалыктар согуштун армияга алуу жана башка терс кесепеттерине учураган жок.
Украина менен чектешкен Белгород жана Сибирдин эң жакыр жерлеринин бири болгон Бурятия сыяктуу алыскы аймактарда жумуш орундары, эмгек акысы кескин көбөйүп, ошол эле маалда каза тапкандардын, жараат алгандардын саны өстү.
Украинадагы согушка салынгандардын көбү ошол региондордон чыккандар. Алар үчүн майданга баруу лотерея оюнундай эле. Тирүү калсаң, жергиликтүү ченем менен эсептегенде абдан чоң акча аласың.
Аскерлер алган акча алар жашаган жерлердеги маянадан эселеп ашат. Майдандан кайтып келгендер өз алдынча үй-жай алууга, машинасын жаңыртууга же өмүрүндө биринчи жолу чет өлкөдө эс алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Иш жүзүндө согуш улуттук байлыкты мамлекеттик фонддон аскерлерге берилген маяна, жөлөк пул, кенемте, курал-жаракка буюртма түрүндө жакырчылыкка баткан региондорго которуу иши болуп калды. Орусия быйыл коргонууга кеткен чыгымын 25 процентке көбөйтүп, 150 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт. Аскердик заводдордун көбү ошол аймактарда жайгашкан.
“Аскердик чыгымдардын арты менен товарларды керектөө Москвада гана эмес, бүтүндөй өлкөдө өстү. Бирок мындай абал туруктуу эмес. Тынчтык орносо, киреше абдан азайып кетет”, - деп айтты “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Macro-Advisory изилдөө компаниясынын негиздөөчүсү Крис Уифер.
Мүшөккө салынган сөөктөр жана табыттар
Согуш негизинен Украинада жүргөнү менен Орусияга да азап чегүү алып келди. Кремль жоготууларды ачыкка чыгарбаганы менен АКШнын мурдагы коргоо министри Ллойд Остин январда урушта 700 миңдей орусиялык каза тапканын же жарадар болгонун билдирген. Бул, өз кезегинде, ансыз да каражат аз бөлүнгөн саламаттыкты сактоо системасына кошумча жүк болуп калды. Курман болгон аскерлердин саны жагынан Бурятия өңдүү алыскы улуттук аймактар алдыда турат.
Согуштун башында чакан шаарлар менен кыштактарга сөөк салынган каптар менен табыттардын келиши элди нес кылып жатты. Үч жылдан кийин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Idel.Realities долбоорунун, БиБиСи жана башка агенттиктердин көз каранды эмес иликтөөлөрү көргөзгөндөй, каза тапкан орусиялык аскерлердин саны он миңдеген болуп саналат. Коомдук башаламандыкты алдын алуу үчүн Кремль ал статистиканы жашыруун кылып салды. Бирок жоготуулардын масштабы купуя сакталганы менен орусиялыктар согушта дагы бир кошунасы өлгөнүнө анча капа болбой деле калды.
“Башында набыт болгон ар бир адамды талкуулап, сөөк коюуга барып жаттык. Эми акыркы болуп кимиси өлгөнүн, канчасы өлгөнүн, канчасы тирүү экенин билбей калдым”, - деп айтып берди Улан-Удэнин 40 жаштагы тургуну.
Согуш орусиялык айрым аймактарга кыйроо алып келди, билим берүүгө жана башка тармактарга деп бөлүнгөн каражат аскердик максаттарга жумшалууда. Белгород аткылоого туш болуп келатат, кошуна Курск облусунун кээ бир райондорун Украина басып алган. Ошентип, согуш, чакан бир бөлүгүнө болсо да, Орусиянын өзүнө кирип барды. Өлкөнүн батышында, Санкт-Петербургдан Краснодарга чейинки аймагында энергетикалык жана аскердик жайлар улам соккуга кабылууда.
Репрессивдүү мамлекет
2022-жылы толук масштабдуу согуш баштоо менен Путин сөз эркиндигине, жарандардын эркин чогулуу укугуна, жеке турмушунун купуялуулугуна каршы күрөштү күч алдырды. Либерал көз караштагы жарандар, ЛГБТ өкүлдөрү, мигранттар, аялдар болуп көрбөгөндөй куугунтукка учурап жатат.
Согушка каршы пикирин билдиргендерге экстремизм үчүн айып тагылып, узак мөөнөттөргө абакка кесилүүдө. ЛГБТ уюмдарына тыюу салынды, гейлердин барлары жабылды. Борбор Азиядан барган мигранттар урушка салынды же депортацияланды.
Лидерлери камалган, өлтүрүлгөн, өлкөдөн куулган оппозициялык кыймыл ойрон болду. Тарапкерлери коопсуз өлкөлөргө бозгунга кетти же камалуудан чочулап бийликти ачык сындоого даабай калды.
Путин ошондой эле коомдун бардык баскычтарында патриоттук идеологияга сугарууну күчөттү. Өзгөчө мектептерде окуучуларды “мекенди жакшы көрүүгө” жана өлкөгө кызмат өтөөгө үйрөтүшөт.
Уруш, идеологияга сугаруу жана репрессиялар коомдун бөлүнүшүнө алып келди. Согушту сындаган кошунасынын, жеке баарлашууда нааразылыгын айткан тааныштардын үстүнөн арыздануу көнүмүшкө айланды.
Куралдуу жаңжал Орусиядагы ансыз да жакшы эмес демографиялык абалды начарлаткан чакта бийлик абортторду чектеп, аялдардын көбүрөөк балалуу болуусуна өбөлгө түзүүдө.
Чыгыш жана Батыш менен мамиле
Орусиянын Украинага кол салуусу менен Москванын Батыш менен соода алакалары үзүлүп калды. Америкалык жана европалык фирмалар өлкөдөн чыгып кетип, ордун жергиликтүү жана азиялык компаниялар ээледи.
Көчөлөрдө Батыштын белгилүү бренддери жана дүкөндөрү дээрлик байкалбайт. Уифердин айтымында, ошондой эле товар саткан орусиялык компанияларды, Азиядан келген азык-түлүктү көрүүгө болот. Жолдо кытайлык машиналар жайнайт.
Жайкысын Москвага жана Санкт-Петербургга агылган европалык туристтердин ордуна араб өлкөлөрүнөн келген конокторду, кытайлыктарды жолуктурасың. Батыш тыюу салган орусиялык авиа компаниялар Жакынкы Чыгышка жана Азияга жаңы маршруттар менен каттамдарды өнүктүрүүдө.
Согуш Орусияны экономикасын Азияга багыттоого түрттү.
Уифер согуш аяктагандан кийин дипломатиялык, ишкердик алака-катыш калыбына келсе да соода жана башка байланыштар мурдагыдай болот деп ишенбейт.
Шерине