Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстандагы коммерциялык банктардын эл аралык санкцияга кирип калуусун алдын алуу багытында иш жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу 25-февралда мекеменин басма сөз жыйынында белгиленгендей, АКШнын “кара тизмесине” кирген “Керемет банк” боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн төрага Кошмо Штаттарга барып келген.
“Керемет банкка” карата санкцияны жокко чыгаруу боюнча АКШга иш сапар менен барып, АКШнын Финансы министрлигинде жолугушуу жүргүздүк. Азыркы кезде аталган банктан санкцияны алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Негизи, ишкана санкцияга алынганда, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн 30-45 күн берилет. Санкциялар 1-мартта күчүнө кирет. Ага чейин Улуттук банк “Керемет банкты” санкциядан чыгаруу үчүн бүт күч-аракетин жумшап жатат”, - деди Тургунбаев.
15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялаган. Анын ичинде Кыргызстандагы “Керемет банкка” да санкция салынган.
АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.
“Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 23-январда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен “Керемет банктын” жана Кыргызстанда катталган “Газпромнефть Азия”, “Мунай мырза” компанияларынын санкцияга илиниши боюнча сүйлөшкөн.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон “АзияУниверсалБанк” 2010-жылдан кийин Улуттук банкка өткөрүлүп, кийин ал “Залкар Банк”, “Росинбанк” жана “Керемет банк” болуп бир нече ирет аталышын өзгөрткөн.
2024-жылы март айында банкты Кыргызстандын Финансы министрлиги сатып алып, кайра күзүндө жеке колго саткан. Айрым басылмалар “Керемет банк” люксембургдук компанияга сатылганын жазса, кээ бир депутаттар банк орусиялык ишкерлерге өткөнүн айтып чыгышкан. Банк өзү бул маалыматты четке каккан.
Шерине