Евробиримдик Киевге "өтө маанилүү ресурстар" боюнча келишим түзүүнү сунуштады.
Бул тууралуу Еврокомиссиянын өнөр жай стратегиясы боюнча комиссары Стефан Сежурне AFP агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ал бул сунушту 24-февралда Киевге Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен биргеликте барган маалда украин бийлик өкүлдөрүнө тапшырган.
"Европа муктаж болгон эң маанилүү 30 ресурстун ичинен 21ин Украина камсыздай алат. Бул эки тарап үчүн тең пайдалуу өнөктөштүк болот", – деди Сежурне.
Ал Европа "эч качан эки тарапка тең пайдасыз келишимди талап кылбай турганын" белгиледи.
"Акыркы үч жылда Евробиримдик Украинага чоң донор болуп келди. Биз муну Украина жана украин эли үчүн гана эмес, Европанын коопсуздугу үчүн да жасап жатабыз. Бирок Украинанын табигый ресурстарынан эч нерсе кайтарып алган жокпуз", – деп билдирди Евробиримдик Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта "Суспільне" телеканалына курган маегинде.
Европалык аткаминерлер кайсы ресурстар тууралуу сөз кылып жатканы так айтылган жок.
Украинага АКШ да сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишим сунуштаган.
Президент Дональд Трамп Киевге берилген жардамдын ордун толтуруу максатында ушундай сунуш киргизген. Ал АКШнын Украинага берген жардамынын көлөмүн 500 миллиард долларга баалаган.
Бирок Украина Вашингтондун алгачкы келишим долбоорун четке каккандан кийин Трамп украин президенти Владимир Зеленскийди кескин сынга алган. Ал эми 24-февралда Трамп жакынкы эки жумада украин лидери менен жолугуп, сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюуну пландап жатканын билдирди.
Ошол эле учурда Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын мамлекеттик жана жеке компаниялары менен сейрек кездешүүчү металлдар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.
"Бизде мындай ресурстар Украинаныкына салыштырмалуу алда канча көп экенин баса белгилегим келет", – деди Путин.
Шерине