Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Бишкекте кыз зордуктоого шектелип таксист кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) маалыматына караганда, 21-февралда саат 22:36 чамасында милициянын "102" кызматына Орок айылында 26 жаштагы сиңдиси зордукталганын айткан жаран кайрылган. Арыз ээси сиңдисин жеткирип келе жаткан таксист зордуктаганын билдирген.

Райондук милициянын ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 23 жаштагы жаран кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө ал кардар катары жеткирип бараткан кызды зордуктаганы аныкталган. Учурда тергөө уланууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 2024-жылы “Зордуктоо” беренеси менен 14, “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси менен 7 жана “Ыплас аракеттер” беренеси менен 9 иш козголгон.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. (ZКo)

Шерине

XS
SM
MD
LG