Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Бишкекте кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелип үч адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-февраль күнү Бишкектеги жаңы конуштардын биринде 25 жаш чамасындагы аялдын зомбулуктун белгилери бар сөөгү табылганы тууралуу маалымат Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) келип түшкөн.

Милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кыз алгач зордукталып, анан өлтүрүлгөнүн аныкташкан.

Бул иш боюнча аталган РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов РИИБдин кызматкерлери бул ишке шектүү катары 29 жаштагы К. Б., 23 жаштагы К. А. жана П. Б. аттуу адамдарды аныктап, кармашкан.

Алар милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилгени, иликтөө иштери уланып жатканы кабарланды. Киши колдуу болгон кыздын тек-жайы, окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат берилген жок.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, 2024-жылы “Зордуктоо” беренеси менен 14, “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси менен жети жана “Ыплас аракеттер” беренеси менен тогуз иш козголгон.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. (ZКo)

Шерине

XS
SM
MD
LG