Жогорку сот үч журналисттин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды
Бүгүн Жогорку соттун коллегиясы Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызынын жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун ишин карады. Адвокаттар соттук коллегиядан абактагы эки журналист жана Айке Бейшекееванын күнөөсү жоктугун белгилеп, аларды актоону өтүнүштү.
Прокурорлор журналисттерге коюлган кине соттук-лингвистикалык экспертизалардын жыйынтыгы менен далилденгенин айтып, алардын жазасын өзгөртпөөнү суранды.
Жогорку соттун коллегиясы кеңешүүдөн кийин үч журналисттин жазасы тууралуу Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Тажибек кызын алты, Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган.
Бишкекке Европарламенттин делегациясы келгени кабарланды
Европарламенттин Адам укуктары комитетинин төрагасы Мунир Сатури жетектеген делегация Бишкекке келгенин Социал-демократтар партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун жакындары 25-февралда "Азаттыкка" кабарлашты.
Делегациянын курамындагы депутат Бруно Гонсалвес Темирлан Султанбековдун ишине "жашыруун" деген гриф коюлганына тынчсыздануусун билдирген.
Ушундай эле маалыматты айрым басылмалар Президенттик администрацияга шилтеме кылып жазууда. Ага ылайык, Европарламент мүчөлөрү Бишкекке президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келген. Бийлик Европарламент делегациясынын сапары тууралуу расмий билдире элек.
Жогорку Кеңеште блогерлер боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алуу сунушталды
Жогорку Кеңеште блогерлер боюнча мыйзамдык талаптарды күчөтүү керектиги айтылды. Маселени 25-февралда тармактык комитеттин жыйынында депутат Карим Ханжеза көтөрүп, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбооруна блогерликти да камтууну сунуштады. Ал блогер кайсы бир адамдын аброюна шек келтирген окуялар болуп жатканын белгиледи.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев блогерлердин жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешеси болбогону үчүн алардын жоопкерчилиги жаран катары башка мыйзамдарда каралганын билдирди.
"Журналист да, блогер да маалымат таратып жатпайбы деген суроо коюлууда. Журналисттерге мамлекеттик органдарда, чоң иш-чараларда, форумдарда, аккредитациядан өтүүдө бир катар укуктар берилет. Ошондуктан биз блогерлер боюнча талдап, өзүнчө иштеп чыгышыбыз керек”, - деди Тагаев.
Көлбаевдин жакындарынын иши боюнча арыз Жогорку сотто каралды
Жогорку сот кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиева жана анын жарандык никедеги жубайы делген Нурия Тентешова боюнча кассациялык арызды караганы белгилүү болду. Былтыр 18-декабрда чыккан чечимге ылайык, Тентешовага берилген сегиз жылдык жаза мөөнөтү жети жыл болуп өзгөргөн. Калган өкүмдөр өзгөртүүсүз калган.
Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 8-августта Алиеваны Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кесип, бир жылдык шарттуу түрдө жаза чегерген. Тентешова сегиз жылга эркиндигинен ажыратылып, өкүм күчүнө киргенден кийин ага издөө жарыяланары маалым болгон.
Мындан тышкары райондук соттун өкүмү менен Мая Алиеванын наамына катталган 13 мүлк, Тентешованын атындагы беш мүлк мамлекеттин эсебине алына турган болгон. Алардын арасында Чолпон-Ата шаарындагы үй жана соода борбору, “Народный” дүкөнү, “Барс” эс алуу жайы, сарай жана Бишкектеги турак жай, батирлер да бар.
"Кудайберген" базарына жакын тетик саткан дүкөндөрдөн өрт чыкты
25-февралдын таңында Бишкек шаарынын Патрис Лумумба жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги автоунаа тетиктерин саткан дүкөндөн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, “Кудайберген” базарына жакын жердеги өрт таңкы саат 6 чамасында чектөөгө алынды.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб, мындан тышкары райондук электр тармактарынан жана ИИМден бригада тартылган.
Касымалиев менен Токаев чек арадан жүк өткөрүүдөгү текшерүүнү жеңилдетүүнү сүйлөштү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Астанадагы расмий сапары алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү билдиргендей, тараптар кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн жоюу үчүн электрондук система киргизүүнү, өткөрүлүп жаткан жүктү текшерүүнү жеңилдетүүнү талкуулашты.
Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана толук ишке ашыруу маселелери да каралды.
Казак өкмөтү Алматы облусунда биринчи АЭС курула турган жерди расмий аныктады
Казакстандын өкмөтү биринчи атомдук электр станциясы салына турган аймак катары Алматы облусунун Жамбыл районун расмий түрдө аныктады.
Буга чейин АЭС салууга ыңгайлуу жер катары айтылып жүргөн Балкаш көлүнүн айланасындагы Үлкөн айылы да ушул районго карайт.
"Атом электр станцияcы" атомдук энергетика объектисин кура турган жер тууралуу токтомго былтыр 30-декабрда кол коюлган. Ал быйыл 25-февралда күчүнө кирди.
Казакстанда АЭС курууга кызыкдар компаниялардын катарында Орусиянын "Росатом", Кытайдын CNNC, Франциянын EDF жана Түштүк Кореянын KHNP ишканасы бар.
Быйыл январь айында Энергетика министрлиги азырынча атомдук электр станцияны кайсы компания курары чечиле электигин билдирген.
Конгодо белгисиз оору эки күндө 50дөй адамдын өмүрүн алды
Конго Демократиялык Республикасынын түндүк-батыш тарабында белгисиз оорудан 50дөн ашуун адам көз жумду. Бул тууралуу 24-февралда жергиликтүү дарыгерлер жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирди.
Бикор шаардык ооруканасынын медициналык директору Серж Нгалебато Associated Press агенттигине айтканына караганда, бейтаптардын көбү оорунун белгилери байкалгандан 48 сааттын ичинде көз жумушкан.
"Бул эң кооптуу жагдай", - деди Нгалебато
Өлкөдө белгисиз оорунун жайылышы 21-январда башталган. Ушул күнгө чейин жалпы 419 бейтап катталып, алардын 53ү өлүм менен аяктады.
ДССУнун Африкадагы кеңсесинин маалыматына караганда, биринчи бейтап Болоко шаарында катталган. Үч бала жарганаттын этин жеп, 48 саат ичинде денеси ысып, кансырап каза болушкан.
Трамп Зеленский менен "ушул же кийинки жумада" жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен ушул же кийинки жумада сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюу үчүн жолугушууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал 24-февралда Ак үйдө Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушуп жатып билдирди.
"Мен президент Зеленский менен жолугушам. Чынында, ал ушул же кийинки жумада келишимге кол коюу үчүн келиши мүмкүн. Абдан жакшы болмок, мен аны менен жолугушууну каалайм. Биз Сүйрү кабинетте жолугушабыз. Келишим боюнча иштер жүрүп жатат. Бул сейрек кездешүүчү металлдар жана башка бир катар нерселер боюнча келишим болот. Мен түшүнгөндөй, ал келишимге ушул жерде кол коюуну каалайт, бул мен үчүн да эң сонун болмок", - деди Трамп.
Көп өтпөй АКШ президенти Truth Social социалдык тармагына бул келишим "экономикалык өнөктөштүктүн" бир бөлүгү экенин жазып, ал "Американын Украинага жөнөткөн ондогон миллиард долларын жана аскердик жабдууларын кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк жаратат, ошондой эле согуш аяктап бараткандыктан Украинанын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт" деп кошумчалады.
Украинанын европалык жана евроатлантикалык интеграция боюнча вице-премьер-министри Ольга Стефанишина Киев менен Вашингтон сейрек кездешүүчү кендер боюнча келишимге байланыштуу акыркы сүйлөшүү баскычында экенин айткан.
Шерине