"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыгып, уулу эки айга камалды. Кыргызстанда жаңы муфтийди тандоо башталды. Израил менен ХАМАС согушкерлери 11 күнгө созулган ок атышууну токтотушту.
Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы баяндамасында аптасына 55 сааттан көп иштөө жүрөк дартынан же инсульттун себепкери болуп, эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылат. Адистер COVID-19 пандемиясы жумуш убактысын көбөйтүүгө алып келген тенденцияны күчөтүшү мүмкүн деп эсептешет.
Жогорку Кеңеш “Кумтөр голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө токтомду колдоду. Баткенде чек арада кайрадан келишпестик чыкты. Казакстанда Нурсултан Назарбаев тууралуу сатиралык пост жазган блогер жоопко тартылышы ыктымал.
“Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизилет. Камактагы активист Мелис Аспеков Садыр Жапаров президенттик өнөктүккө Жээнбековдордон 10 миллион доллар алганын ачыктады. Армения өзүнүн аймагына Азербайжандын аскерлери кирип келип, аймактык бүтүндүгүнө шек келтиргенин билдирди.
Мамлекеттик комиссия Centerra Gold компаниясынан дээрлик 5 миллиард доллар алууну көздөп атат. Бул "Кумтөр" кенинен экологияга келтирилген зыян, түшпөй калган салыктардын кенемтеси катары түшүндүрүлүүдө.
Индияда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 250 миңден ашты. Ал арада өлкөдөгү карапайым эл уйдун жампасын "инфекцияны жеңет" деген ишеним менен сүйкөнүп жатышат. Дарыгерлер мындай ыкма тескерисинче зыян экенин эскертишти.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын жакындарына турак үйлөр курула баштады. Улуттук валюта сомдун киргенине туура 28 жыл болду. Ооганстанда "Талибан" кыймылы Орозо айттын алдында ок атышууну үч күнгө токтоторун жарыялады.
Кыргызстанда соңку эки жумадан бери Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коронавирус жугуп, каза болгондор улам көбөйүп баратат. Ооруга каршы эмдөө башталганына бир айдан ашса да вакцина алгандар аз. Буга байланыштуу "Азаттык" эмдөөнү кимдер, каяктан, кандай шартта алат жана анын пайдасы тууралуу түшү
Дагы жүктөңүз