Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

"Кытай вакцинасы балдарга жана карыларга сайылбайт"


Коронавируска каршы эмдөө Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлө баштады. Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө жана дарылоо кандай жүрүүдө? Дарыгерлер уу коргошундун тундурмасы менен дарылоо тууралуу кандай пикирде?

Ушул жана башка сурооолор "Азаттыктын""Арай көз чарай" берүүсүндө талкууланды. Ага Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов, Ош облусундагы айылдарда иштеген инфекционист дарыгери Дилшад Мамажанов катышты.

Гүлбара Ишенапысова: Учурда жалпы 18900дөй киши эмделди. Анын 90% медицина кызматкерлери. Бир жума мурда "SinoPharm" вакцинасы менен кеңири катмарды эмдөө тууралуу өкмөт, министрлик тарабынан чечим кабыл алынган.

Ал эми "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөнү кырдаалга байланыштуу Бишкек жана Чүйдө "SinoPharm" менен бирге эле жүргүзүп жатабыз.
"SinoPharm" жөнүндө маалымат берип кетсем, бул инактивдүү вакцина, эффективдүүлүгү 79% болчу, азыркы малда 80% чыкты.

Коронавирус менен ооруп айыккандар да вакцина алат. Эгер ооруган күндөн бери алты-сегиз ай өтсө, барып ала берсе болот. Биз буга байланыштуу атайын стратегия иштеп чыкканбыз. Вакцинация жүрүп жаткан жерде адистер эмделгени келгендерге дароо эле вакцинаны сайышпайт. Бул үчүн алдын ала атайын сурамжылоо жүргүзүлөт. Анкета алынат. Эмделгени келген адам текшерүүдөн өтөт. Кытай вакцинасы 18 жашка чейинкилерге жана 65 жаштан улууларга берилбейт.

Планга ылайык, Кыргызстанга бери дегенде миллион доза вакцина керек.

Кубанычбек Калмаматов: Бүгүнкү күндө Бишкек жана Чүйдө кырдаал оор болуп жатат. Бардык стационарларда кошумча керебеттер, анын ичинде реанимацияга ылайыкталган керебеттер даярдалган. Бишкекте 1057 бейтап, Чүй облусунда 644 бейтап дарыланууда жатат. Апрель айында 5-протокол иштелип чыккан. Дарылоо азыр ошол протоколдун негизинде жүрүп жатат. Азыркы маалда дарыгерлер мурдагыга караганда кыйла тажрыйбалуу болуп калды.

Уу коргошун менен дарылоо 5-протоколдо жок. Бул тундурманы колдонуу үчүн кандайдыр бир тастыкталган анализ керек. Учурда клиникалык жактан тастыкталган эмес же сыноо деп коёт, ар бир дары колдонууга чыгарда сыноодон өткөрүлөт. Уу коргошун тундурмасы андай сыноодон өтө элек.

Дилшад Мамажанов: Вакцинация боюнча маалымат жетишсиз болуп жатат. Препараттарды кытайдыкы, орустуку деп тандай башташты. Көпчүлүгү коркуп, кооптонуп жатат. Мисалы, бир ай мурда эч ким алыгысы келбей жаткан. Эми айрымдар ала баштады. Менин да пациенттерим “эмделе берелиби” деп дарыгерлерден сурап жатат. Ошол эле учурда элдин ар кандай маалыматтардан башы айланып калды.

Министрибиз ортодон "уу коргошун менен дарылап жатам" деп чыкты. Уу коргошун боюнча айтсам, бул тундурма биринчиден дарылоо протоколуна кирген эмес. Экинчиден, биз уу коргошун менен иштеген эмеспиз, тажрыйбабыз жок.

Менимче бул нерсени башка жакта колдонуп жаткандыр. Бирок коронавирусту уу коргошун менен дарылоо деген бул жөнөкөй адамга деле түшүнүктүү болсо керек. Анда биз эмнеге кыйналып жүрдүк? Баарына эле суу ичирип айыктырып салбайт белек.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” уктуруусун толугу менен бул жерден уга аласыз:

"Арай көз чарай" талкуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:55 0:00
Түз линк

28-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин парламентке келишин Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттары талап кылышты. Алар өлкөдө коронавирустун эпкини кайра күчөп турган учурда министр кырдаалды түшүндүрүп бериши керек деп эсептешет.

“Вакцина тууралуу жана коронавирустун жаңы штаммы боюнча кырдаалды түшүндүрүп беришин бир айдан бери талап кылып жатабыз. Министр комитеттин жыйындарына да келген жок. Бүгүн да келбептир. Туура, ал министрди президент колдоп жаткан экен. Бирок депутаттарды да сыйлап коюшу керек да. Буга чейинки министрлерди да президент колдогон. Аларды да көргөнбүз”, - деди депутат Тазабек Икрамов.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Бул билдирүү коомдо кызуу талкуу жараткан. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана бир катар адистер коронавирустан дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилдене электигин эскерткен.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Бейшеналиев жыйынга келбегенине байланыштуу аны кызматтан алуу маселесин бир нече жолу көтөрүшкөн.

Депутаттар “Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү анын бул кызмат ордуна ылайык келбейт” деп өкмөткө да сунуш жолдошкон.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG