Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

"Өчүрүп көңдөй нөлүн жетимиштин, мен али жетидемин бала бойдон". Эл акыны Нурпаис Жаркынбаевди эскерүү


Нурпаис Жаркынбаев.
Нурпаис Жаркынбаев.

86 жашында акка моюн сунган эл акыны Нурпаис Жаркынбаев кыргыз улуттук драма театрынын алдында акыркы сапарга узатылды. Калемгер жакын арада гана 85 жылдык маарекесин өткөрүп, китебин чыгарган болчу. Замандаштары аны өмүр бою окуп-изденген, мээнеткеч, өз доорунун мекенчил акыны катары сыпатташат. 

"Новаторлук позициялары бар болчу"

Нурпаис Жаркынбаевдин жалындуу жаштыгынын арбын жылдары кезинде кыргыз адабиятына кызмат кылган “Ленинчил жаш” гезитинде узак убакыт иштөө менен өткөн. Учурунда 200 миң нуска менен чыгып турган жаштардын бул басылмасында ал корректордон баштап адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орун басары кызматтарына чейин аркалаган.

“Ленинчил жашта” ошол жылдары Нурпаис Жаркынбаев менен бирге иштеген калемдеши, Эл акыны, “Байчечекей” балдар журналынын редактору Токтосун Самудинов замандашын жарандык позициясы бийик акын катары сыпаттайт:

Токтосун Самудинов.
Токтосун Самудинов.

"Нурпаистин акын катары жаңы новаторлук позициялары бар болчу. Бул анын ырларынын уйкаштарынан дагы, темаларынан дагы көрүнүп турар эле. Ал доор үнүн чагылдырганы менен башка замандаш акындардан айырмаланып турчу. Өзү котормочулукка да шыктуу эле. Жарандык позициясы болгондуктан советтик доордун мыкты акыны Маяковскийди жактырып, которуп жүрдү. Андан сырткары Егор Исаевдин, Евгений Евтушенконун, Андрей Вознесенскийдин чыгармаларын которуп жүрдү. Котормолорунун баарында салмак, жарк эткен ой, жаңылык сезилип турчу. Ушунусу менен Нарпаис курбуларынын арасында сый-урматка ээ эле".

Нурпаис Жаркынбаев.
Нурпаис Жаркынбаев.

"Жөпжөнөкөй өмүр кечирди"

Акын Жаркынбаев “Жаштык жазы”, “Өмүрлөр тоодон башталат”, “Чабалекей”, “Жүрөк тартуулары”, “Түндө кимдер уктабайт”, “Бешик ыргагы”, “Мезгил бийиги”, “Азаматсың, жылкычы”, “Таңкы торгой”, “Бүчүрлөр жарылганда”, “Кыргыз көчү” баштаган ондогон китептердин автору. Бир катар ырларына обон чыгарылган.

Жакын арада эле акын 85 жылдык мааракесин белгилеп, “Торгой тумшук калемим” деген китебин чыгарган болчу.

Анын ырлары казак, каракалпак, молдован, украин, өзбек, уйгур тилдерине которулган. Өзү Олжас Сулеймановдун, Евгений Евтушенконун, Эдуардас Межелайтистин, Афанасий Феттин, Федор Тютчевдин, Владимир Маяковскийдин, Александр Пушкиндин ырларын которгон.

Адабиятчылар айрыкча ал акын Егор Исаевдин “Судь памяти” (“Акыл-эс соту”) деген поэмасын чебер которгонун айтып жүрүшөт.

Эл акыны Төлөгөн Мамеев калемдеши өрнөктүү өмүр кечирип, ырларын артына мурас катары калтырып кетти дейт:

"Нурпаис чоң акын да, жакшы адам да эле. Ал өмүр бою поэзия майданында жашап, жакшы ырларын мурас катары таштап кетти, жакшы адам катары да ысымы калды. Ал тирүүсүндө эч качан жулкунган эмес, кыйынсынган эмес. Жөпжөнөкөй өмүр кечирди. Кыргыз эли барда анын чыгармалары унутулбайт, дайым эскерилип турат".

Эл акыны Нурпаис Жаркынбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Эл акыны Нурпаис Жаркынбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

"Өзүнүн стили, көз карашы бар болчу"

Жаштайынан калем кармап, поэзия дүйнөсүнө каныгып өскөн Нурпаис Жаркынбаев 1957-62-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алган. 1973–1975-жылдары Москвадагы Жогорку партиялык мектепте журналистика факультетин аяктап, 1975–1986-жылдары "Кыргызстан коммунисти" журналынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору, кийин "Советтик Кыргызстан" гезитинде адабият жана көркөм өнөр бөлүмүнүн башчысы, "Кыргыз Энциклопедиясынын" башкы редакциясында илимий редактордук кызмат өтөгөн.

Эл акыны Анатай Өмүрканов кыргыз поэзиясы улуу муундагы таланттуу акынынан айрылды деп кайгырып турат:

Анатай Өмүрканов.
Анатай Өмүрканов.

"Нурпаис жаш кезинен ыр дүйнөнү сүйүп, терең изденүү менен калыптанган акын жигит эле. Мунун өзүнүн өзүнчө стили, көз карашы бар болчу. Көп окугандыктан дайым колунан китеп түшчү эмес. Мына ушул изденүүнүн натыйжасында ал терең ырларды жазып Нурпаис болуп отурат. Өнөр өзү атанын каны, эненин сүтү менен келчү касиет. Аны бирөөдөн көчүрүп же үйрөнүп ала албайсың. Калемдешим табиятынан талант бүткөн, журтка жугумдуу, калкка кадырлуу мыкты акын болчу".

Акын менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өттү. Ага бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, замандаштары, калемдештери жана жакындары катышты.

Маркумдун кичүү уулу Рысбек Жаркынбаев атасы тууралуу буларды эскерди:

"Атабыз бизге мээримдүү, камкор ата болду. Бизге жакшы тарбиясын берди. Баарыбызды жогорку окуу жайларда окутту. Өзү көр дүйнөгө кирип кетпей, поэзия менен гана алек болду".

Рысбек Жаркынбаевдин айтымында калемгер атасынын артында жубайы, үч кызы, эки уулу калды. Балдарынын ичинен бир кызы ата жолун жолдоп, ыр жазып жүрөт.

"Көрсө коштошкон экен"

Эл акыны Жедигер Саалаев калемдеш агасын сөзгө терең маани берген акын эле дейт:

Жедигер Саалаев.
Жедигер Саалаев.

"Бул киши өмүрүнүн акырына чейин башка нерсеге алаксыбай, жалаң гана чыгармачылыкка баш-отун сайып коюп иштегени үчүн жакшы чыгармаларды калтырып кетти. Мына, жакын арада эле, 85 жылдыгына карата чыгармаларынын толук жыйнагынан турган “Торгой тумшук калемим” китебин чыгарып, бет ачарын өткөрүп, элге чай берген. Көрсө, баарыбыз менен коштошуп кеткен экен. Ошонун алдында негедир аты жаман угулган “Акыркы күнүмө чейин” деген да китеп чыгарган эле. Мен аны окуп "Байке, шашпаңыз" деп тамашаладым эле. Анан бул киши Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек баштаган болгон кыргыз көлдөрүнө арнап поэмаларды жазып, ар бирине китеп чыгарган. Кыргыздын табиятын, элин-жерин, салт-санаасын, наркын жакшы чечмелеп берген ырлары, кара сөзү көп. Мисалы, "Айтматовду "Тоолор кулаганда" деп туура эмес которушкан, тоолор кулабайт, урайт" деп жазганы бар. Сөзгө өтө маани берген, мыкты чыгармачыл инсан болчу”

Нурпаис Жаркынбаев 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чий кыштагында туулган.

1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун, 1982-жылы Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Көп жыл Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенген.

Адабиятка кошкон салымы үчүн 1994-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2018-жылы Эл акыны наамдары менен сыйланган.

Мекенчил акындын сөөгү борбордогу “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.

Акындын айрым ырлары:

Мен али жетидемин…

Таң берем

Ойдун талбас канатына,

Акын бир картайбаган бала тура.

Жашадым тентек, эркин. Бул турмуштун,

Чулганып агына да, карасына…

Жашымдын

Көктөм менен кышын көрдүм,

Бетинен ышкын эмес, ышкым тердим.

Төл башы “Жаштык жазым” гүл ачкандан,

Чыйралып келет ырга ынтаам, эргүүм.

Изденүү…

Кетпейт бул дарт санаа-ойдон,

“Чымыным” келет мага талаа-ойдон…

Өчүрүп көңдөй “нөлүн” жетимиштин,

Мен али… жетидемин – бала бойдон.

Танбаймын –

Жетимишин көрдүм жүзүн,

Талбаймын – калемимде өжөр күчүм:

Туусунда Күн тариздүү лепилдеген,

Түндүгүн кыргызымдын көтөрүү үчүн!

Карегимде калкылдайт

«Волга» келет жеңил, жумшак айдалып,

Мен да келем ичинде анын жайланып.

Калып жатат мелмилдеген түздүктөр,

Патефондун табагындай айланып.

Туулган жерге аз калганда жеткени,

Санаам туудай желбиреп бир кеткени.

Ана чиркин, карекке да чалдыкты,

Айылымдын бүлбүлдөгөн четтери…

Алдын-ала сезип келем баарысын:

Аттаганда өз үйүмдүн далисин.

Апам шашып башыман суу айлантат,

Таштай салып колундагы бар ишин.

Карап келем ак кар баскан жондорду,

Көп андагы кыйма чыйыр жолдорду-

Коломтонун табы өтөт жүрөккө,

Көргөн сайын түтүн созгон морлорду.

Туулган жерим! Сага күч жок теңелээр,

Көрсөм сени көңүл ийип, кеңелээр…

Ак чач болуп, кыркка таяп калсам да,

«Кичине бала» — деп чакырат жеңелер.

Кичинемин, бир сен үчүн жерим, мен

Чабак болуп ойнойм сууңда, элирем.

Дөңдөн далай «тай күлүк» деп кулаткан

Ташыңа да бала бойдон көрүнөм.

…«Волга» келет жумшак, жеңил айдалып,

Мен да келем ичинде анын жайланып.

Карегимде калкылдайт жай туулган жер,

Патефондун табагындай айланып.

Өмүрдүн драмасы

Күн батат сапарлап өз чыйырында,

бир жерде тоо артына көмөрүлө

бир жерде океандын кыйырында,

кылкылдайт, аз-аз калып чөгөөрүнө.

Күн чыгат кайра тоодон, океандан,

үмүттөр кошо чыгат чагылышып.

Көздөрү бөбөктөрдүн бакырайган,

ар таңда дүйнө көрөт жаңы, кызык.

Адамдар — өлөт, туулат жаңы кайта,

күрөшөт, жеңет чексиз уламасы.

Өмүрдүн көшөгөсү жабылбайт да —

өмүрдүн жүрө берет драмасы!

Биздин мурас

Биз тоолордун бийигинде төрөлүп,

Бул тоолорго сыйынганды билбейт ким?

Таштак турсун, саздак жерин ээн көрүп,

Жат таманга келбейт бир күн бийлетким.

Ушул тоолор — жайлоо болуп күтүрөп,

Аргымактар каптал салып жалт урган…

Боз үй тигип, биздер үчүн күч үрөп,

Чоң энелер ыйык очок калтырган.

Бул жайлоолор — ат соорундай жалтылдай,

Ата-баба конуш тандап көчүшкөн.

Кылка туруп бир жерин да калтырбай,

Тизе бүгө таазим этип өтүшкөн…

Биздер дагы — бош жай койбой бир үзүм,

Бул тоолорду кыдырабыз, кезебиз.

Мурас кылып, бизден соңку муун үчүн,

Тоону таштап, намыс таштап кетебиз!

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Шерине

Тектеш

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG