Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

"Аялым тарапты сотко бердим". Жаңы келген келиндин "актыгын" текшерткен териштирүү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын тургуну "алган жубайым кыз эмес экен" деп кайната-кайненесин сотко берди. Ал тойго кеткен акчанын баарын кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок сот анын арызын четке какты.

"Баарын кийин түшүндүрүп берерин айтты"

30 жаштагы тажикстандык Сухроб мурда Орусияда миграцияда жүргөн. Ал оболу "Азаттыктын" тажик кызматы "Озоди" радиосу, кийин "Азаттык Азия" редакциясы менен байланышып, үч жылдан бери үйлөнүү тоюна акча чогултуу үчүн иштеп келгенин айтып берди.

"Мен бир жердешим менен чогуу иштечүмүн. Бир күнү сүйлөшүп калдык. Үйлөнгөнгө кыз издеп жүргөнүмдү айтсам, ал мага 22 жаштагы карындашы Хосият (аты өзгөртүлдү) менен таанышууну сунуштады. Кыз Тажикстанда болгондуктан аны көрүш үчүн мекениме бардым. Бир жолу жолугуп, бири-бирибизди жактырып калдык. Кийин анын үйүнө жуучу жибердим. Ошентип, биздин үйлөнүү үлпөт тоюбуз 2024-жылы 20-сентябрда болду", - дейт Сухроб.

Сухроб менен Хосияттын үйлөнүү тоюнан сүрөт.
Сухроб менен Хосияттын үйлөнүү тоюнан сүрөт.

Ал тойдон кийин биринчи нике түнүндө жубайынын кыздык белгиси жок экенин байкаганын, себебин сураганда Хосият "баарын кийинчерээк түшүндүрүп берерин" убада кылып тим болгонун айтып берди.

"Дээрлик бир ай убакыт өткөндөн кийин Хосият мектепте окуп жүргөндө тууганы ага сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтты, бирок бул окуя тууралуу эч кимге айтпаптыр. Мен анын айткандарын баарын видеого тартым алдым", - дейт күйөөсү.

Экспертиза мекемесиндеги текшерүү

Жубайлар чогуу жашай баштаган күндөн тартып күйөөсү келинчегинен соттук-медициналык экспертизадан өтүүнү, кыздыгынан ажыраганына канча болгонун аныктоону талап кылып келди. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун корутундусунда (текшерүү 2024-жылы 19-октябрда өткөн) Хосият кыздык белгисинен качан ажыраганын аныктоо мүмкүн эместиги көрсөтүлгөн.

Медициналык текшерүүнүн корутундусу.
Медициналык текшерүүнүн корутундусу.

Ошондон кийин Сухроб Хосияттын атасына чалып, жагдайды түшүндүргөн.

"Кайын атам мени уккандан кийин кызын алып кете турганын айтып, аларды уят кылбай туруумду өтүндү. Ал 50 миң сомони акчаны кайра кайтарып берерин убада кылды. Мен макул болдум", - дейт Сухроб. Анын айтымында, үйлөнүү тоюна жана сепке 60 миң сомони (5 500 доллар) короткон.

Бирок Сухроб кайындары убадасына турбаганын айтууда.

"Ошондо мен аялымдын үй-бүлөсүнөн үйлөнүү тойго кеткен акчамды өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылып, аялымдын айткандары бар видеону жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын тиркедим. Алар да кыздын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргенимди айтып, доо арыз жазышты", - дейт тажикстандык жигит.

Келиндин үй-бүлөсү каршы доо арызында "күйөө бала жалаа жапты" деп айыптап, моралдык компенсация үчүн 10 миң сомони төлөп берүүнү талап кылышкан.

"Азаттык Азия" редакциясы Хосияттын атасы менен байланышкан, бирок ал журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Сухробдун айтымында, февралдын башында райондук сот Хосияттын үй-бүлөсүнүн пайдасына чечим чыгарган. "Эми мен аларга 10 миң сомони карыз экенмин. Аны кайдан табам? Бул окуядан кийин апам ооруп, ооруканага жатып калды", - дейт ал.

Тажик жигит аялын тойдон алдын ала текшерүүдөн өтүшүн талап кылбагандыгы үчүн өзүн жемелейт.

Кемсинткен талап

Тажикстанда турмуш курганы жаткан жарандардын милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү тууралуу мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. Бул ар кандай генетикалык илдеттердин, гепатит жана ВИЧ сыяктуу жугуштуу инфекциялардын бар же жогун аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Ошондой эле каалагандар кыздык белгини текшерүүдөн да өтө алышат, ал Дүйшөмбү шаарындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда гана жүргүзүлөт. Расмий маалыматтар боюнча, жыл сайын мындай текшерүүдөн кеминде 500 кыз өтөт.

Үйлөнүү тою. Дүйшөмбү шаары. 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Үйлөнүү тою. Дүйшөмбү шаары. 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Салттуу тажик коомунда "абийир тазалыгы" түшүнүгү бар. Башкача айтканда, никеге чейин жыныстык катнашка жол берилбейт, эгер биринчи нике түнүндө күйөөсү аялынын "ак эмес" экенин байкаса, келинди төркүнүнө жөнөтөт. Андыктан көпчүлүк учурда күйөө тарап ала турган келиндин мындай текшерүүдөн үйлөнүү тоюна чейин өтүшүн талап кылат.

Ал эми укук коргоочулар муну кемсинтүү катары баалап, тажик бийлигин мындай талапты жокко чыгарууга чакырып келишет.

Укук коргоочу жана гендер боюнча адис Лариса Александрова никеге чейин кыздардын актыгын текшерүү "зыян иш" деген пикирде.

Ал Тажикстан адам укуктары боюнча кол койгон жети негизги эл аралык келишимдин негизинде аялдардын укуктарынын бузулушуна, аялдарды жана кыздарды басмырлаган учурларды айыптоого, аялдарды мындай аракеттерден коргогон мыйзамдарды кабыл алууга жана күнөөлүүлөрдү жазалоого милдеттүү экенин баса белгилейт.

"Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенциянын 2-беренесинде бул тууралуу ачык айтылган. Мындай көрүнүш "зыян иш" деп да аталат", - деп баса белгиледи ал.

Укук коргоочу нике институту эки тараптын ортосундагы ишенимге жана бири-бирин сыйлоого, ошондой эле эркектердин да, аялдардын да укуктарын сактоого негизделиши керектигин айтат.

"Эгер эркек кыздын "таза" болушун талап кылса, анда ал өзү да "таза" экенин далилдеши керек. Бул, албетте, бир аз туура эмес угулат, бирок биз ишенимдүүлүктү кааласак, анда өзүбүздүн талаптарыбызга жооп беришибиз керек", - дейт Александрова.

Гименопластика "уяттан коргоп калуу амалыбы"?

Тажикстанда калыптанып калган каада-салтка жана коомдук түшүнүккө байланыштуу кыздардын айрымдары жыныстык органына пластикалык операция, тагыраагы, гименопластикалык операция жасатышат. Жашыруун маек курууга макул болгон Дүйшөмбүдөгү клиникалардын биринин гинекологунун айтымында, мындай процедура өлкөдө кадыресе көрүнүш. Операциянын баасы кеминде 300 долларды түзөт.

"Бул жөнөкөй жана коопсуз процедура, ал тойдон бир канча күн мурун гинекологиялык кабинетте жасалат. Операция чектелген наркоз менен жасалат", - деди маектеш.

Укук коргоочу Лариса Александрованын айтымында, кыз белгисин калыбына келтирүү операциясын жасоо - турмушка чыга элек кыздарга гана тааңууланган патриархалдык коомдун саркындысынан келип чыккан жосун.

"Ушул көз караштын негизинде турмушка чыккан кыз инсан катары эмес, товар, тукум улоо жана жыныстык мамилеге гана керек аял катары каралат. Башкача айтканда, кыздын инсан катары билими, мүнөзү эмес, маселенин интимдик жагы гана каралат", - дейт ал.

"Өз жанын кыйгандар көбөйдү"

Тажикстанда буга чейин "кыздык белгинин" айынан өз жанын кыйган окуялар катталган. 2017-жылы 18 жаштагы кыз нике түнүндө күйөөсү аны "ак эмес" деп айыптап чыккандан кийин өз жанын кыйган. Кыз күйөөсүн ишендирүүгө аракет кылган, бирок ал баары бир күмөн санап, эки жолу текшерүүгө алып барган.

Ал аялынан "чындыкты айтууну" талап кылып, тесттин корутундусуна ишенген эмес. Кийин күйөөсү аны үйдөн кууп чыкмай болгон, бирок кыз уксус ичип, көп өтпөй көз жумган.

Сот каза болгон кыздын күйөөсүн жети жылга эркинен ажыраткан.

2019-жылы Дангара районунда жергиликтүү тургун колуктусун "кыз эмес" деп ур-токмокко алган. Кыз сотко кайрылып, мурунку күйөөсүнөн 50 миң сомони өлчөмүндө моралдык компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган. Ал үйлөнүү тоюна чейин жана күйөөсүнүн айыптоосунан кийин төрт жолу догдурдан абийиринин тазалыгын далилдеген маалымкат (справка) алганын айткан. Эксперттер анын "таза" экенин аныкташканы менен сотто акыйкаттыкка жете алган эмес.

"Кыздык белги жөнүндө көптөгөн уламыштар бар, мисалы, ал сөзсүз түрдө катуу ооруп же көп кан агып бузулбайт. Чындыгында кээ бир кыздар кыздык белгиси жок төрөлсө, кээ бирлеринин кыздыгы жыныстык катнаш учурунда да бузулбайт", - дейт Тажикстандын борборундагы клиникалардын биринин гинекологу.

Укук коргоочу жана гендер боюнча адис Лариса Александрованын айтымында, 2018-жылы Тажикстандын өкмөтү аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияны сактоо боюнча отчет берген. Анда БУУнун комитети жаш аялдардын арасында өз жанын кыйгандардын көбөйүшүнө алып келген "кыздыкты текшерүү" тажрыйбасын жоюуну сунуштаган. Бирок бул сунуш ушул күнгө чейин аткарылбай келет.

"Азаттык Азия" редакциясынын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Шерине

XS
SM
MD
LG