Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Казак өкмөтү Алматы облусунда биринчи АЭС курула турган жерди расмий аныктады


Балкаш көлүнүн жээгинде жайгашкан Үлкөн айылы.
Балкаш көлүнүн жээгинде жайгашкан Үлкөн айылы.

Казакстандын өкмөтү биринчи атомдук электр станциясы салына турган аймак катары Алматы облусунун Жамбыл районун расмий түрдө аныктады.

Буга чейин АЭС салууга ыңгайлуу жер катары айтылып жүргөн Балкаш көлүнүн айланасындагы Үлкөн айылы да ушул районго карайт.

"Атом электр станцияcы" атомдук энергетика объектисин кура турган жер тууралуу токтомго былтыр 30-декабрда кол коюлган. Ал быйыл 25-февралда күчүнө кирди.

Казакстанда АЭС курууга кызыкдар компаниялардын катарында Орусиянын "Росатом", Кытайдын CNNC, Франциянын EDF жана Түштүк Кореянын KHNP ишканасы бар.

Быйыл январь айында Энергетика министрлиги азырынча атомдук электр станцияны кайсы компания курары чечиле электигин билдирген.

Буга чейин "Ростатомдун" башчысы "Москва менен Астана АЭС боюнча бирдиктүү чечим кабыл алууга жакындап калышканын" айткан.

Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө, Казакстан АЭСтин курулушуна катыша турган компаниялар "улуттук кызыкчылыктарды жана эл аралык эрежелерди эске алуу менен" тандалат.

21-январда Орусияга энергетика министри Алмасадам Саткалиев баш болгон делегация барган. Былтыр ал Түштүк Корея, Франция жана Кытайга барып атомдук электр станциянын курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Быйыл жыл башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик "Ана тілі" басылмасына курган маегинде атомдук электр станциясынын курулушун тездетүү керек экенин айткан. Ал "жакынкы келечекте биз экинчи же үчүнчү АЭСтин курулушуна киришүүбүз ыктымал" деп кошумчалаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG