Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

Кытай ишканасы Тажикстанда Борбор Азиядагы эң узун авто көпүрө курат


Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим менен Zhejiang Communications Construction Group Co. Ltd компаниясынын өкүлү Ли Минкун авто көпүрө куруу боюнча долбоорго кол коюп жатышат. 24-февраль, 2025-жыл.
Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим менен Zhejiang Communications Construction Group Co. Ltd компаниясынын өкүлү Ли Минкун авто көпүрө куруу боюнча долбоорго кол коюп жатышат. 24-февраль, 2025-жыл.

Тажикстандын Транспорт министрлиги жана Кытайдын Zhejiang Communications Construction Group Co. Ltd компаниясынын Дүйшөмбүдөгү филиалы Борбор Азиядагы эң узун автомобиль көпүрөсүн куруу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Тажикстандын Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун жалпы наркы 60 миллион долларды түзөт.

"Көпүрө заманбап жол курулуш нормаларына ылайык, жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбалуу адистердин катышуусунда курулуп, төрт жыл ичинде пайдаланууга берилет", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Транспорт министри Азим Иброхим "объекттин курулушу белгиленген мөөнөттөн мурда аякташы мүмкүн" деди.

Долбоор боюнча узундугу 920 метрлик көпүрө Нурабад районундагы Сурхоб дарыясынын үстүнөн өтөт.

Zhejiang Communications Construction Group Co. Ltd компаниясынын Тажикстандагы филиалынын өкүлү Ли Минкун компания бир нече жылдан бери өлкөдө иштеп, жол жана көпүрө куруу боюнча чоң тажрыйбага ээ экенин билдирди.

Zhejiang Communications Construction Group Co. Ltd – транспорттук инфраструктураны курууга адистешкен мамлекеттик корпорация. Компания 139 өлкөдө иш жүргүзүп, Кытайда жана башка мамлекеттерде бир топ ири долбоорлорду ишке ашырган.

Дүйнөдөгү эң узун көпүрөлөрдү, турак жай жана коммерциялык комплекстерди, автомагистралдарды куруп келген. Компания 36 чакырымдык Ханчжоу Бэй көпүрөсүн жана Бельгиядагы Антверпен портунун дүйнөдөгү эң чоң шлюздарын курган.

Тажикстанда кытайлык компаниялардын ишмердигине каршы чыккандар да болууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG