Дүйшөмбүдөн Бишкекке учуп келген учак артка кайтарылды. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын депутат иниси Асылбек Жээнбеков "кадыр-баркын коргоо" үчүн абактагы активист Мелис Аспековду сотко беришти. Беларус оппозициясы Лкашенкого каршы нааразылыктын жаңы толкунун даярдап жатканын билдирди.
Бишкектеги №6 оорукананын башкы медайымы, 68 жаштагы Екатерина Мусаева февраль айында коронавирустан каза болду. Анын үй-бүлөсү өкмөт убада кылган кенемтени ала албай убара болууда. Кыргызстанда COVID-19 вирусу башталгандан бери жүздөн ашуун медициналык кызматкердин өмүрүн алды. Бирок алардын канчас
Москвада батирде чыккан өрттөн кыргызстандык мигранттын 4 жана 5 жашар кыздарынын өмүрү кыйылды.Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургандар аткезчиликке каршы элдик кошуундарды түзүштү. Эдуард Кубатов Эверестти багындырды.
Сочиде Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукту. Кыргыз-тажик чек арасындагы кыймыл толук токтотулганын Улукбек Марипов маалымдады. Эксперттер коронавирус жуккандардын саны расмий эсептен төрт эсеге көп экенин болжошууда.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыгып, уулу эки айга камалды. Кыргызстанда жаңы муфтийди тандоо башталды. Израил менен ХАМАС согушкерлери 11 күнгө созулган ок атышууну токтотушту.
Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы баяндамасында аптасына 55 сааттан көп иштөө жүрөк дартынан же инсульттун себепкери болуп, эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылат. Адистер COVID-19 пандемиясы жумуш убактысын көбөйтүүгө алып келген тенденцияны күчөтүшү мүмкүн деп эсептешет.
Жогорку Кеңеш “Кумтөр голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө токтомду колдоду. Баткенде чек арада кайрадан келишпестик чыкты. Казакстанда Нурсултан Назарбаев тууралуу сатиралык пост жазган блогер жоопко тартылышы ыктымал.
“Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизилет. Камактагы активист Мелис Аспеков Садыр Жапаров президенттик өнөктүккө Жээнбековдордон 10 миллион доллар алганын ачыктады. Армения өзүнүн аймагына Азербайжандын аскерлери кирип келип, аймактык бүтүндүгүнө шек келтиргенин билдирди.
Дагы жүктөңүз