Парламентте коррупцияга шектелип кармалган мурдагы жана азыркы чиновниктердин кимиси канча акча төлөп, бюджетке канча каражат түшкөнүн ачыктоо талап кылынды.
Вашингтон 3-июнда коронавируска каршы вакцинанын 80 миллион дозасын башка мамлекеттерге таркатып берүү боюнча планын жарыялайт.
"Кумтөр ишине" байланыштуу Кыргызстандын мурдагы президенттери да жоопко тартылышы мүмкүн экенин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты. Бишкекте "бусиктердин" айдоочулары иш таштады. Беларуста активист Степан Латыпов сот залында өзүн кекиртекке сайып, ооруканага жеткирилди.
"Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланууда. Акыркы эки күндө Кумтөр ишине байланыштуу бир катар чиновниктер суралып, алардын айрымдары камалды. Орусияда саясатчы Андрей Пивоваров кармалды. //"Бүгүн Азаттыкта". 01.06.21//
Кумтөр иши боюнча Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камалышты. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы варианты даярдалат. Кытайда эми үч балага уруксат берилди. //"Бүгүн Азаттыкта". 31.05.21//
Президент Жапаров Баткен облусундагы эки жолдун курулушун көрдү. Орусиядан Ошко учуп келген Тажикстандын эки жараны алты жаштагы бала менен аба бекетинин транзиттик бөлүмүндө отурат. Орусиялык хакерлер АКШнын өкмөттүк мекемелерине чабуул койгону маалым болду.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган Максат айылына барды.
26-майда Өзбекстандын биринчи оппозициялык партиясы болгон "Эрк" белгилүү ырчы Жахонгир Атажановду президенттик шайлоого талапкер катары көрсөткөнүн жарыялады. Көп өтпөй белгисиз аялдар Атажановдун үйүнө бастырып кирип, чаң тополоң салышкан.
Дүйшөмбүдөн Бишкекке учуп келген учак артка кайтарылды. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын депутат иниси Асылбек Жээнбеков "кадыр-баркын коргоо" үчүн абактагы активист Мелис Аспековду сотко беришти. Беларус оппозициясы Лкашенкого каршы нааразылыктын жаңы толкунун даярдап жатканын билдирди.
Бишкектеги №6 оорукананын башкы медайымы, 68 жаштагы Екатерина Мусаева февраль айында коронавирустан каза болду. Анын үй-бүлөсү өкмөт убада кылган кенемтени ала албай убара болууда. Кыргызстанда COVID-19 вирусу башталгандан бери жүздөн ашуун медициналык кызматкердин өмүрүн алды. Бирок алардын канчас
Москвада батирде чыккан өрттөн кыргызстандык мигранттын 4 жана 5 жашар кыздарынын өмүрү кыйылды.Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургандар аткезчиликке каршы элдик кошуундарды түзүштү. Эдуард Кубатов Эверестти багындырды.
Сочиде Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукту. Кыргыз-тажик чек арасындагы кыймыл толук токтотулганын Улукбек Марипов маалымдады. Эксперттер коронавирус жуккандардын саны расмий эсептен төрт эсеге көп экенин болжошууда.
Дагы жүктөңүз