Экөөнүн тең башында Орусиядагы “Газпромнефть” холдинги турат. Бул тушта Казакстандагы “Газпромнефть – Казакстан операциялык компания” ишканасы да аталышын “Алатау Премиум Мунай” деп өзгөрткөнү жарыяланды.
Мындай өзгөрүүлөргө улам күчөп бараткан санкциялык тобокелдиктер түрткү берип жатабы? "Мунай Промдун" Кыргызстандын мунай рыногундагы орду кандай?
"Санкциялардын залакасы өзгөрүүгө мажбур кылды"
Юстиция министрлигинин маалымат базасында жарыяланган маалыматка ылайык, 11-февралдан тарта ал “Мунай Пром” жоопкерчилиги чектелген коому деп аталып калды.
Түзүүчүсү мурдагыдай эле Санкт-Петербургда жайгашкан “ГПН – Операционное управление” компаниясы (ал "Газпромнефть" холдингинин курамына кирет). Компанияны 2021-жылы түзүлгөндөн бери жетектеп келаткан Болот Абилдаевдин ордуна Улан Токтосунович Эгенбаев аттуу мурда “Газпром нефть Азияда” менежер болуп иштеген жаран жазылган.
“Мунай Промдун” юридикалык дареги да өзгөрүп, Көк-Жар жаңы конушундагы Жеңижок көчөсүнүн 32-үйүндө жайгашкан. 2GIS картасы боюнча ал даректе коммерциялык же административдик кеңсе эмес, жеке турак жай бар. Буга чейин ал АКШнын санкциясына илинген, түбү Орусиядан бириккен “Газпром нефть Азия” компаниясы менен чогуу Бишкектеги бир даректе жайгашып келген болчу.
“Мунай Пром” ишканасынын кеңсеси өзүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу ачык маалымат жарыялай элек. Аталышын өзгөртүүнүн себептери тууралуу “Азаттыктын” суроосуна компаниянын корпоративдик бөлүмүнүн менежери Алина мындайча жооп берди:
“Биздин юридикалык аталышыбыз “Мунай Пром” болуп өзгөрдү. Соңку маалыматтарга ылайык, санкциялар боюнча маселе жаралбадыбы. Бирок биздин “Газпромнефть – Азия Операциялык компания” эч качан ал тизмеде болгон эмес. Анткен менен, биздин аталышыбызда “Газпромнефть Азия” деген ат болгон үчүн бизге дагы залакасы тийди. Анткени кардарлар бизди ошол тизмеде экен деп ойлоду. Бирок биздики такыр эле башка уюм. Ага карабай, бардыгы бизди ошол жакта деп ойлоп, санкцияларга кирип калабыз деп коркушту. Ушул абалды алдын ала колго алып, аталышыбызды өзгөрттүк”.
Компаниянын өкүлү аталышы өзгөргөн “Мунай Промдун” да, санкциядагы “Газпром нефть Азиянын” да башкы компаниясы Орусияда экенин ырастады.
"Газпромнефть - Азия Операциялык компания" Кыргызстандагы эң ири мунай оператору
“Газпромнефть – Азия Операциялык компания” ишканасы - Орусиядагы “Газпромнефть” холдингинин Кыргызстандагы алты туунду компаниясынын бири. Туунду компаниялардан андан тышкары “Газпром нефть Азия”, “Инвестгазификация”, “Мунай-Мырза”, “Альянс-Ойл-Азия” жана “Аэро Кыргызстан” (мурунку “Газпромнефть – Аэро Кыргызстан”) деген компаниялар бар. Булардын арасында соода жүгүртүүсү жана кирешеси жагынан сап башында ушул аты өзгөргөн “Мунай Пром” ишканасы турат.
Анын 2024-жылдагы мамлекеттик казынага төккөн төлөмдөрүнүн көлөмү 5,9 млрд сом болгон. Кыргызстандагы мунайды дүңүнөн импорттогон жана чекене саткан компаниялардын арасында да “Мунай Пром” ири ишканалардын сап башында. Мамлекетке төккөн сатуу салыгы (1%) аркылуу эсептеп көрсөк, 2024-жыл ичинде болжолдуу эсепте 33 млрд сомдук мунайзатын чекене соодалаган.
Кыргызстандын мунай затына болгон бир жылдык керектөөсү 1,4 млн тоннага жакын. Өз аймагында күйүүчү май жана газ өндүрүшү дээрлик жокко эсе болгондуктан бул жаатта Орусиядан толук көз каранды. Анын 90% ашууну Орусиядагы мунай заводдорунан импорттолот.
Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, Кыргызстанга 2024-жылы импорттолгон 758 миң тонна бензиндин 99%, 1 млн 47 миң тонна дизель отуну менен авиакеросиндин 73%, ал эми 135 миң тонна суюлтулган газдын 93% Орусиядан келген.
Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов “Газпромнефть – Азия Операциялык компания” өлкөдөгү ири мунай операторлорунун бири экенин айтат:
“Газпром нефть Азия” бизге мүчө. Бизде мунай алып келген компаниялардын саны кыркка чейин барат. Ири компаниядан бизде чоң-чоң көлөмдү алып келген 5-6 ишкана бар. Ошолордун катарына кирет “Газпром”.
Компаниянын кардарлар менен иштеген сайты учурда иштебей турат. Сайттын башкы бетинде “техникалык иштер жүрүп жатканы” тууралуу кулактандыруу илинген.
Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев “Газпром нефть Азияга” салынган санкциялар Кыргызстанга Орусиянын мунайын ташууга олуттуу таасир кыла албайт деп эсептейт. Анткен менен компаниянын башка аталышка өтүшүн эл аралык акча которуулардын коопсуздугун камсыздоого байланыштуу болушу мүмкүндүгүн божомолдойт:
“Санкциялар кайра башкача болуп жатпайбы, азыр сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, АКШ администрациясы санкцияларды чечет деп жатышат. Демек, эгерде санкциялар чечилсе, анда бул маселе жаралбай калышы мүмкүн. Азыр бир тараптуу санкцияларды бир гана Улуу Британия караштырып жатат. Америка Кошмо Штаттары санкцияларды чечүү жолдорун талкуулай баштады. Бизге эң негизги тобокелдик – мунайды иштетип жаткан Орусиядагы мунай заводдор, тескерисинче, бааны көтөрүшү ыктымал. Бул тобокелдик азыр алдыбызда турат. Саясий жана баа боюнча суроолор мунай тобокелдиктерин пайда кылышы мүмкүн. Негизи санкциялардын кесепети бир гана банк транзакцияларына тиешелүү. Банк транзакцияларын өткөрүш үчүн кошумча юридикалык уюм түзүп, алардын банк эсептерин бөлүштүрүү, диверсификациялоо үчүн жасап атат”.
Санкцияга кабылган кыргыз ишканаларынын катары калың
10-январда АКШнын Финансы министрлиги Орусиядагы жана ага өнөктөш өлкөлөрдөгү ондогон энергетикалык компанияларды санкциялык тизмеге киргизген. Алардын арасында “Газпромнефть” компаниясынын Кыргызстандагы туунду ишканалары “Газпром нефть Азия” менен “Мунай-Мырза” да бар болчу. “Газпром нефть Азия” компаниясы Кыргызстандагы мунай бекеттеринин жайгашкан жерлерине гана ээлик кылат. Ал эми Орусиядан мунай импорттоо жана 40ка чукул бекеттеринде чекене сатуу иштерин “Газпромнефть – Азия Операциялык компания” ишканасы аткарат. Ал белгисиз себептер менен санкциялык чараларга илинбей калган.
Ага чейин “Керемет Банк” Орусиянын аскердик өндүрүшүнө колдоо көрсөткөнү үчүн деген негиз менен “кара тизмеге” илинген болчу. Муну менен 2022-жылдан берки эл аралык санкцияга кириптер болгон кыргыз компанияларынын саны 20дан ашты. Муну менен катар, дагы эки кыргызстандык жарандын санкцияда экендиги кабарланып келет. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, алардын бирөө 2022-жылы кыргыз жарандыгын алган орусиялык пропагандачы Илья Гамбашидзе болушу мүмкүн.
ЖИА ассоциациясынын директору Аззамбек Жээнбай уулу санкциялык эрежелерди кармануу боюнча эл аралык чабармандардын Бишкекке утур-утур келип, түшүндүрүү, кеп-кеңеш берүү иштерин жүргүзүп кетип жатышканын айтат. Арийне, андай иштер өкмөттүк мекемелер жана жыйырмадай ишкер ассоциациялар менен гана жүргөндүктөн, маалымат ишкердиктин калың массасына жетпей келет. Эксперт атайын Орусия муктаж болгон товарларды жеткирүүнү максат кылып иштеп жаткан ишкерлердин катмары бар болгондуктан санкцияларды кыйгап өтүү аракеттери токтобой келатканын белгилейт:
“Санкцияга кирип калган компаниялардын көпчүлүгү акыркы 2-3 жылдын ичинде түзүлгөн. Булардын бардыгы ошол Орусиянын жарандары менен шериктештиктин негизинде же болбосо толук ошол тараптан түзүлгөн. Же Кыргызстандын жараны болсо деле атайын ошол максатта Орусия менен иштешкен компаниялар болуп жатат. Ошол компаниялардын көпчүлүгү санкцияга илешип калуу коркунучу бар экенин алдын ала өздөрү деле билет болуш керек. Ошондуктан жаңы компания түзүп... Ансыз болбойт да. Себеби эң керектүү товар болгондуктан булар кандай болсо дагы Кыргызстан аркылуу алып кирүүгө аракеттенип жатат. Белгилүү бир бизнесмендер тарабынан эле болуп жаткандыктан, толук токтотуш дагы кыйын. Бул улана берет го дейм”.
Кыргыз бийлигинин аракеттери натыйжалуубу?
“Газпром нефть Азия” менен “Керемет Банкка” салынган санкциялар Кыргызстандын расмий жана коомдук чөйрөсүнө бир кыйла бүлүк салды. Буга чейинки 20га жакын жеке ишканага салынган санкцияларга кебелбей келген кыргыз өкмөтү өлкөдөгү банк жана мунай тармактарын тооруган тобокелдиктерди жоюу ишин активдештирүүгө жан үрөп киришти.
22-январда Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, “Газпром нефть Азия”, “Мунай-Мырза компаниялары менен “Керемет Банкты” санкциялык тизмеден чыгаруу өтүнүчүн билдирген. Кыргыз тарап алардын “кара тизмеге” кирип калышы түшүнүксүз болуп жатканын белгилеген. Кыргыз-америка өкүлдөрү санкция маселесин 3-февралда кайра талкуулашкан. Бул жолу жолугушууга экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев дагы катышкан. Малаев ал сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы жана санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу иштери тууралуу “Азаттыкка” комментарий берүүдөн карманарын билдирди.
Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов кыргыз өкмөтү санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча жетиштүү аракет көрүп жатканын, бирок анын чечилиши АКШ менен Орусиянын соңку мезгилдеги мамилеси кандай уланарына байланыштуу болорун айтат:
“Географиялык жактан Борбор Азиядагы мамлекеттер кыйналып жатышат. Экономикалык жактан Орусия менен байланышы көп, ЕАЭБге киребиз, башка дагы экономикалык уюмдарга киребиз. Бул жагыбызда Кытай турат. Ошондуктан, мен ойлойм, өкмөттүн аткарган иши натыйжалуу эле болуп жатат. Бирок негизги маселе АКШ менен Орусиянын мамилеси кандай болот дегенде жатат. Алар сүйлөшсө, анда Орусиянын саясаты дагы Борбор Азия менен Кавказга өзгөрөт. Бирок, менимче, бир аз убакыт күтүп туруш керек. Алар бир чечимге келсе, анда санкциялар актуалдуу болбой калат”.
Кыргызстандагы өзгөрүүгө улай эле Казакстандагы “Газпромнефть-Казакстан операциялык компания” ишканасы да аталышын “Алатау Премиум Мунай” деп өзгөрткөнү белгилүү болду. Ал да Орусиядагы “Газпромнефть” компаниясынын туунду ишканасы болуп саналат.
Шерине