Индияда COVID-19га чалдыккандардын жаңы рекорду катталды. Ал эми Кыргызстан уу коргошунду дары катары колдоно бермекчи. Муну министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Ал арада парламент депутаттары Бейшеналиевдин отставкасын карамай болду.
Индияда коронавируска чалдыккандардын бир күндүк көрсөткүчү дагы жаңы чекке жетти. Соңку бир суткада өлкөдө 353 миңдей адам вирусту жугузуп алды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Токмок шаарындагы аймактык ооруканада коронавирус болгон 400 бейтапка уу коргошун менен дарылоо боюнча тажрыйба жүрүп жатканын айтты.
Индияда бир суткада эле 300 миңден ашуун адам коронавирус жуктуруп, эки миңдей киши каза тапты. Бул өлкөнү коронавирусттун «эки жолу мутацияланган» түрү тумоодой каптады. "Кемпир-Абадда" өзгөндүктөр президенттин келүүсүн талап кыла башташты.
Оппозициячыл саясатчы Навальныйды колдогон акцияларда кеминде 1800дөй адам кармалды. Жапаров сунуштаган электр энергиясынын жаңы тарифи коомдук талкууга коюлду. Бишкек менен Ошто 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингдер өттү. //"Бүгүн Азаттыкта". 22.04.21.//
Индия пандемиянын очогуна айланды. 27-апрелде коронавирус жугузуп алгандардын саны 314 миңден ашты. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Ушул эле күнү эки миңден көп адам көз жумду.
Президент Садыр Жапаров кыргыз энергетикасы терең кризисте экенин айтып, электрдин тарифин өзгөртүүнү сунуштады.
Бишкекте уу коргошунга ууланып төрт адам ооруканага түштү. Бул маалыматты дарыгерлер расмий ырасташты. Ал эми коронавируска каршы уу коргошундун тундурмасы берилген бейтаптардын саны 400дөн ашканы белгилүү болду.
Уу коргошундун тундурмасын ичип, ууланды делип божомолдонуп жаткан бир адам ооруканага туштү. Башкы прокурор Зулушев Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу аракеттери уланып жатканын айтты. Депутат Жээнчороев 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин мамлекетке өткөн мүлктөрдү ээлерине кайтаруу туура эмес деди.
Дагы жүктөңүз