Олимпиаданын узак тарыхында миңдеген спортчулардын ысымы жазылып калды. “Азаттык” кыргыз спортчуларынын олимпиада оюндарындагы ийгилиги жөнүндө урунттуу маалыматтарды топтоду.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 24-июлда АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жаткан маалда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты.
Абакта жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын тергөөчүсүн жана академиянын жетекчилигин айыптаган билдирүү таратты.
Москва ак ниетин далилдесе, Украина Орусия менен сүйлөшүүгө даяр. Бирок азырынча каршы тараптан андай ишарат байкалбайт. Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Кытайдагы сапары маалында ушундай мазмундагы билдирүү жасады.
Париж үчүнчү жолу тарыхта Олимпиаданы кабыл алганы жатат. 26-июлдан 11-августка чейин спорттун 32 түрү боюнча жарыштарга күбө болобуз. Буга чейин акыркы ирет оюндар француз баш калаасында туура 100 жыл мурда өткөрүлгөн.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы полицияга чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгарууга уруксат берген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, Мамлекеттик Дума полицияга мигранттарды депортациялоого уруксат берди.
Ошто мурдагы төрт жетекчи кармалып, алар эки айга камакка алынды, шаардык кеңештин депутатына издөө жарыяланды. Улуттук коопсуздук кызматы кармалгандарга сел сууларын агызууга бөлүнгөн жерлер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенине байланыштуу айып тагылганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров компания-фирмаларды диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер жана аныктамалар менен атоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мындай сөздөрдүн тизмесин, пайдалануу тартибин өкмөт аныктайт.
Ооганстанда "Талибан" кыймылы башкарган өкмөт эркин ойлонгон активисттерге, саясатчыларга жана журналисттерге куугунтукту күчөттү.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов болду.
Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү" мыйзамга кол койгону 23-июлда жарыяланды.
Дагы жүктөңүз