CIVICUS эл аралык уюму Кыргызстанды жарандардын эркиндигин чектеген мамлекеттердин тизмесине кошту.
Камбаралы Бобуловдун "Түштүк кызы" чыгармасы жарыяланар замат жаш кыргыз прозасынын жетишкендиги катары бааланып, биртоп тилдерге которулган, ал кезде жаамы союздук кадыр-барк күтүп калган Чыңгыз Айтматовдун мактоосуна арзыган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда орусиялык банктардын филиалдарын ачууга чакырды.
АКШ президенти Жо Байден НАТОну күчтүү блок бойдон сактап каларын, буга чейин да Орусиянын Украинадагы согушуна каршы бекем туруу үчүн өнөктөштөрдүн башын бириктирүү аракетин көрүп келгенин белгиледи.
Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча акталгандардын өкүмүн жокко чыгарууну суранды. Акталгандар айыптоочу тараптын арызын "бийликтин буйругу" катары сыпаттады.
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Абсаттар Сыргабаевдин ордуна Тилек Текебаевди дайындады.
Ташкент облусунун Заңгиата районундагы аялдар колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Гүлнара Каримова жабык мекеменин "баш оорусуна" айланган.
Улуттук коопсуздук комитети Жалал-Абад облусунда кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн атайын мамлекеттик ишкана түзүү каралып жатканын билдирди.
АКШда президенттик шайлоого төрт айдай убакыт калганда демократтар кыйын абалга кептелди. 27-июндагы дебаттан кийин президент Жо Байден жарышта калууга тийишпи же башка партиялашына орун бошотушу керекпи деген талаш күчөдү.
“Манас” аэропортуна кетип бараткан жолдо “апрелчилерге” делген тигүү фабрикасынын курулушу башталды. Анын жерин мамлекет бөлсө, Бакиевдер 1 млрд сом бере турганы айтылып жатат.
Кыргызстанда 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча талкууларды кайрадан күн тартибине чыгарды. Маркумдун жакындары бул окуя үчүн анын күйөөсүн айыптап жатышат. Милиция окуя иликтенип жатканын билдирсе, укук коргоочулар зомбулук маселесине көңүл бурууга чакырууда.
Дагы жүктөңүз