Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

"Тергөө абагы акыркы чара болот". Жаңы мыйзам ишкерлерге эмне берет?


Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт. Архив.
Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт. Архив.

Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү" мыйзамга кол койгону 23-июлда жарыяланды.

Документте кылмышка шек саналган ишкерлерди ыксыз текшерген жана алардын укугун чектеген, ишине кийлигишкен мамлекеттик кызматкерди жоопко тартуу керектиги, ишкерди тергөө абагына камоо эң акыркы чара болору каралган. Бизнес чөйрөсү бул чечимди кубаттап, аларды түйшөлткөн башка көйгөйлөрдү да айтты.

Жаңы мыйзамга ылайык, ишкерди же кайсы бир ишкананы каттоодон негизсиз баш тарткан, алардын ишине ыксыз кийлигишкен, кызматтык абалын кыянат пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерге 1 миллион сомго чейин айып салуу же эки жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ишкерлерге байланышкан кылмыш ишинде алардын бөгөт чарасын аныктоодо тергөө абагына камоо акыркы чечим катары каралышы керектиги жазылган. Мындай учурда алгач күрөө алуу, үй камагында кармоо, электрондук көзөмөл жүргүзүү чаралары көрсөтүлгөн.

Экономика жана коммерция министрлиги Данияр Амангелдиев мыйзам ишкерлердин укугун коргоого багытталганын 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айткан:

“Мыйзамдын негизги максаты – экономикалык кылмыштуулукка айыпталуучулардын баарын камап отурбастан, ишкерлерге жеңилдик берип, келтирилген зыянды өндүрүү”.

Ошондо экономикалык кылмыштар болгон учурда сот ишкердин бөгөт чарасын кароодо аны үй камагына чыгарууга аракет кылат. “Электрондук көзөмөл” шектүүнүн колуна билерик салып, анын кайда жүргөнүн аралыктан байкап туруу менен ишке ашырылат. Кыргыз бийлиги ишкерлерге карата жумшартылган чаралар инвестициялык климатка, ишкердик чөйрөгө оң таасир этет деп үмүт артууда.

Бизнес чөйрөсүнө жаккан чечим

Бизнес чөйрөсүндөгү уюмдар бул мыйзамдын кабыл алынышына оң баасын берүүдө. ЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Сартмаметов мындай норма ишкердин келтирген зыяндын ордун толтурууга жана ал негиздеген ишкана же бизнестин толук жабылып калбай, ишин улантуусуна шарт түзөт деген пикирде:

“Ишкердик чөйрөнү ким текшере алат дегенде, мамлекет бекиткен жалпы 17 орган бар. Алардын катарында Бажы, Салык кызматтары, укук коргоо органдары жана Улуттук банк кирген эмес, алар менен жыйырмадан ашат. Ишкерлердин сын-дооматы көп айтылган мекеме – Салык кызматы. Андан кийин Бажы кызматы менен түшүнбөстүк же алар тараптан ишкерлердин экономикалык жактан зыян тартуусуна алып келген аракеттер активдешти”.

Ал мындан тышкары ишкерлер жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташууда да кыйынчылыктарга дуушар болорун кошумчалады.

Азыркы учурда ишкерлер жаңы кирген салыктык талаптар менен сыналып жаткан учуру. Өкмөт патент системасын жокко чыгарып, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу үчүн кассалык-көзөмөл машиналарын, электрондук коштомо кагазды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) киргизди. Эрежелердин өзгөрүшү айрым соодагерлерди нааразы кылып, бир нече ирет акцияга чыгышты. Өкмөт түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн жана соодагерлерге юридикалык жардам көрсөтүлөрүн убадалап, быйыл жыл соңуна чейин базарларда текшерүү иштерин жүргүзбөй турганын убадалады.

"Ишкер менен соттошсо, мамлекет 90% өзү утат"

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров ишкерлердин кызыкчылыгынын корголушу жана инвестициялык климаттын туруктуулугу үчүн сот системасынын ролу да маанилүү экенин белгиледи:

“Мен Экономика министрлигинде иштеп жүргөндө изилдөө жүргүзүлгөн. Ошондо ишкер менен мамлекеттик мекеме, мисалы, Салык кызматы соттошо турган болсо, мындай учурда 90 пайыздан көбүндө мамлекет утуп алат экен. Ал эми дүйнөдө бул көрсөткүч 50-50% экен. Демек, биздин сот системабызда бир беткей караган мамиле бар. Бизде сотсуз деле чыгып калган чечимдер болуп жатат. Бизде ишкер боюнча чыккан чечимди ынанымдуу түшүндүрүп бере албаган учурлар да бар. Ошол себептүү ишкердик, инвестициялык климат үчүн соттордун ролу маанилүү”.

Өкмөт ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү аракетин көрүп жатканын утур-утур белгилегени менен, соңку учурларда бир катар ишкерлер ар кандай жагдайда кармалды. Алардын арасында ири соода борборлорунун, курулуш өндүрүш компанияларынын, эс алуу жайларынын жана башка бизнестердин ээлери бар. Улуттук коопсуздук комитети алардын айрымдарын кримтөбөл Камчы Көлбаев менен кызматташып келгенин белгилеген. Атайын кызмат мындай иштерди адатта коррупцияга жана криминалга каршы күрөш катары мүнөздөп келет.

"Ишкерлерди криминалдай кылып кармаган туура эмес"

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев соңку учурда ишкерлерге карата жасалган мындай мамилеге тынчсыздануусун билдирип, президент демилгелеген мыйзамда чаралардын жумшартылышын кубаттады:

“Көп учурда ишкерлерди террористти же криминалды кармагандай колго түшүрүп эле, бир канча убактан кийин анын канча бир көлөмдө акча каражатын же башка мүлкүн өз эрки менен мамлекетке өткөрүп бергени тууралуу маалыматтарды угуп калып жатабыз. Бул мамлекеттик рейдерлик катары карала турган көрүнүш. Өкмөт жеке сектордун мүлкүн тартып алып, аны мамлекетке өткөргөн аракеттери менен коммунисттик иштерди жасап жаткандай. Мамлекеттик ишканалар да көп түзүлүп жатат. Бирок алардын кирешесин жеке сектордуку менен салыштырып келгенде, аз көрсөтүлүп жатат. Мамлекет ансыз деле салыктар аркылуу өлкөдөгү ар бир бизнесте өнөктөш экенин унутпашы керек. Ар бир бизнес көргөн пайданын бир бөлүгү бюджетке салык аркылуу түшүп жатпайбы. Ошол жагын алганда туура эмес иштер жүрүп жатат. Мыйзамда ишкерди камабай эле билерик аркылуу аны көзөмөлдөө сыяктуу жумшартылган чаралар каралганы жакшы көрүнүш”.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев “7-каналга” берген маегинде мамлекет жарандардын жеке менчигине кол салууга жол бербей турганын, убагында мыйзамсыз алынган мүлктөр кайра мамлекетке кайтарылып жатканын түшүндүргөн. Ал быйыл жарым жылда коррупцияга каршы күрөштөн казынага 50 млрд сом кайтарылганын маалымдаган.

Ишкердик чөйрө соңку мыйзамды кубаттап, бирок кагазда калбай иш жүзүндө мыйзам иштесе деген ойлорун айттуда.

XS
SM
MD
LG