Селден кийин тагылган айып
Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы мэриянын муниципалдык жана аймактык кызматтарынын мурдагы төрт жетекчиси кармалганын 24-июлда "Азаттыкка" ырастап, бирок алардын аты-жөнүн, кызматын так айткан жок, инициалдарын гана берди.
“Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 20-июлундагы токтомдорунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен шектүү деп кармалган жетекчилердин бөгөт чарасы 18-сентябрга чейин деп тандалды”, - деди ал.
Улуттук коопсуздук кызматы кармалгандар сел сууларын агызуу үчүн бөлүнгөн тилкелер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени боюнча айыпталып жатканын билдирген. Маалыматта Оштун экс-вице-мэри, архитектуранун мурдагы жетекчиси, муниципалдык менчик башкармалыгынын , "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мурдагы жетекчилери кармалганы айтылды.
Атайын кызматтын маалыматында жалпы эки гектардан ашык жер тилкеси жеке менчикке берилип, үчүнчү жактарга сатылганы, ал жерде учурда турак жай курулуп жатканы жазылган:
“Мындан улам, сел сууларын агызуучу каналдын жоктугуна байланыштуу жаан-чачын учурунда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларга ири сел агындары келип түшкөн. Натыйжада Туран кичи районуна жакын жайгашкан жеке турак жайларды жана жерлерди, аймакты көрктөндүрүү инфраструктурасын сел алып кетип, жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жаралган”, -деп белгиленген.
УКМК селге байланышкан шалаакылык боюнча иликтөө уланып жатканын, Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Шга издөө жарыяланганын маалымдады. Бул инициал депутат Алмаз Иминжановдун ысымына туура келет.
Ал эми жер тилкесин мыйзамсыз чыгарууга шектүү катары кармалгандар Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимовдун, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ильяс Сансызбаевдин, Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошевдин жана Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ашим Семетеевдин аты-жөнүнө дал келүүдө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жарыя кылган видео тасмада тинтүү учурунда бир канча кызыл китептерди атайын кызматтын кызматкерлери көтөрүп баратканын көрүүгө болот.
Оштогу сел, Ташиевдин тапшырмасы
14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирип, сел жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. 19-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында жыйын өткөрүп, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди аныктоо боюнча тапшырма берген.
Мыйзамсыз иштерге барган мурунку жетекчилердин жоопкерчилиги каралат деп айткан.
“Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарга ким уруксат берген болсо, айыл өкмөт болобу, акимби, мэр болобу, сөзсүз жоопкерчиликке тартылат. Азыр иштеп жатабы, мурун иштегенби, кайда болсо дагы таап туруп жоопко тарткыла! Карап олтурбагыла, эки адам болуп кетти, беш адам болуп кетти, он адам болуп көбөйүп кетти дебегиле. Керек болсо жыйырма болсун"”,- деген ал.
Мыйзамсыз курулган көпүрөлөр селге себеп болгонбу?
Ушул аптанын башында Ош шаарынын прокуратурасы Ак-Буура дарыясында курулушка уруксат берүүчү архитектуралык документтери жок мыйзамсыз курулган он көпүрө жана соода түйүндөр аныкталганын, Кара-Суу жана Базар көчөлөрүнө салынганын жарыялаган.
Көзөмөл орган Ош шаарындагы бир катар башкармалыктарынын кызмат адамдары абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милдеттерин так аткарган эмес деп эсептей турганын билдирген. Ош шаардык кеңешинин депутатты Эсенбек Арзиев Ак-Буура дарыясынын аймагы боюнча бир канча сунуштар берилип, жеткечилер тарабынан аткарылбай келгенин айтты.
“Ак-Буура боюнча мурунку чакырылышта да азыр да сунуштарды берип келгенбиз. Айласыздан быйылкы жылы ПДПны (ред.: деталдык пландоо долбоору) карап жатканда 25 метрге түшүрүп бергенбиз. Бирок ошол 25 метр эмес, беш метр да сакталган жок да. Ошол 25 метр аралыкты сактап бергенде кечээгидей кырсык болбойт эле да".
Эколог Абдыжапар Акулов Ак-Буура дарыясынын башындагы жылгаларда экологиялык талаптардын сакталбай жер кыртышы бузулгандыгын айтууда.
“Ак-Бууранын үстүңкү бассейндеринде жердин үстүнкү катмарын тоо-кен тармагын иштеткендер казып, сырткы катмарын (таштандыларын) жылга-жыбытка төгүп, толтуруп салган. Катуу жамгыр жааганда алардын баары кокту-колотко агып түшөт. Нөшөрлөгөн жаан жааганда ошол калдыктардын баарын сайга агызып түшүп, катуу селдин келишинин бир себеби да ошондон ”.
Сел кырсыгы Ош шаарындагы иретсиз курулган соода, эс алуу жайлары, көпүрөлөр боюнча чоң көйгөйлөрдү ачыкка чыгаргандай болду.
Бул окуядан кийин шаардагы борбордук базарды көчүрүү чечими кабыл алынды. Ак-Буура дарыясынын корук аймактарында жайгашкан курулуштар, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлгөн.