Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Газа: Нетаньяхунун Конгресске кайрылуусу, согушту токтотууну талап кылган акция


Gaza

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 24-июлда АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жаткан маалда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты.

Биньямин Нетаньяху АКШ Конгрессиндеги кайрылуусунда Америка менен Евробиримдикте террордук деп саналган ХАМАС уюмуна каршы согушту “толук жеңишке жетмейинче” улантарын билдирди.

"Биз ХАМАСты жеңгендин эртеси күнү жаңы Газа пайда болушу мүмкүн. Мен ал күнү демилитаризацияланган, дерадикализацияланган Газаны көргүм келет. Израил Газаны басып алууну көздөбөйт, бирок жакынкы келечекте биз ал жакта террордун пайда болушун алдын алып, Газа эч качан Израилге коркунуч жарата албагандай коопсуздукту көзөмөлдөп турушубуз керек",- деди ал.

Нетаньяху Конгрессте кайрылуу жасап жатат. 24-июль, 2024-жыл.
Нетаньяху Конгрессте кайрылуу жасап жатат. 24-июль, 2024-жыл.

Нетаньяхунун сөздөрүн америкалык мыйзам чыгаруучулардын айрымдары кол чаап кабыл алышса, башкалары, негизинен демократтар эч кандай реакциясыз, суз маанайда отурушту. Андан тышкары Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелоси баш болгон ондогон демократ Нетаньяхунун кайрылуусун угууга келген жок. Ал X социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө Израилдин өкмөт башчысынын сапары "ылайыксыз" болгонун жазды.

Нетаньяхунун кайрылуусун укпагандардын арасында дагы бир демократ Прамила Жаяпал дагы бар.

"Нетаньяхуну эч качан чакыруунун кереги жок эле жана ал ок атышууну токтотуу жараянына жетишүүгө, туткундарды бошотууда жана аймактагы туруктуу тынчтыкка жетүүдө олуттуу тоскоолдук жараткан",- деди Прамила Жаяпал.

Согуш башталганы алгач ирет чет жакка чыккан Нетаньяху ок атышууну токтотуу жана радикал топтун колундагы туткундарды бошотуу үчүн АКШнын ортомчулугу менен бир нече айдан бери жүрүп жаткан аракеттер тууралуу түз айткан жок.

АКШ, Египет жана Катардын өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча жыйынтык чыга элек.

Капитолийдин жанында Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхунун сапарына каршылык билдирип демонстрацияга чыккандар. 24-июль, 2024-жыл.
Капитолийдин жанында Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхунун сапарына каршылык билдирип демонстрацияга чыккандар. 24-июль, 2024-жыл.

Туткундагылардын жакындарынын талабы

ХАМАС радикал уюмунун туткунунан бошотулгандардын айрымдары жана ушул убакка чейин барымтада жаткандардын кээ бир жакындары да залда отурушту. Алардын арасынан бешөө согушту токтотуу жана туткундарды бошотуу тууралуу чакырыктар жазылган футболкаларды кийип ордунан турушту. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү аларды залдан чыгарып койду.

Ал эми башка туткундардын жакындары бул маалда Тель-Авивде чогулуп, Нетаньяхудан жакындарын кайтарууну талап кылган ураандарды чакырып жатышты.

"Биз Нетаньяхунун кайрылуусуна нааразыбыз. Анткени ал тынчтык макулдашуусуна барарын айтат деп күткөнбүз. Бирок ал убакытты созуп, мунун баары канчалык туура экенин айтып жатканын көрдүк. Андан керектүү сөздөрдү уга алган жокпуз. Ал мен макулдашууга азыр кол коем, анткени бул туткундагыларды үйлөрүнө кайтаруунун жалгыз жолу деш керек эле",- дейт ХАМАСтын туткунундагы Яир Моисейдин тууганы.

ХАМАСтын туткунунда кармалып турган жакындарынын сүрөтүн кармаган израилдиктер. 27-июнь, 2024-жыл. Иерусалим.
ХАМАСтын туткунунда кармалып турган жакындарынын сүрөтүн кармаган израилдиктер. 27-июнь, 2024-жыл. Иерусалим.

Туткундардын көбү ноябрдагы бир жумалык ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуудан кийин бошотулган. Азыр радикал топтун колунда 120дай киши бар. Алардын 43ү өлгөнү кабарланган.

Ал эми Өкүлдөр палатасынын дагы бир мүчөсү, Конгресстеги палестин тектүү жалгыз америкалык сенатор Рашида Тлаиб колуна бир тарабында “согуш кылмышкери”, экинчи тарабында “геноцид үчүн күнөөлүү” деп жазылган кагазды көтөрүп отурду.

Нетаньяху сөзүн АКШ президенти Жо Байденге ыраазычылык билдирүү менен баштап, кийинки президенттик мөөнөткө ат салышып жаткан Дональд Трампты дагы “Израил үчүн жасаган бардык нерсеси үчүн” мактай кетти.

Израилдин өкмөт башчысы 25-июлда Байден жана вице-президент Камала Харрис менен, ал эми жума күнү Мар-а-Лагодо Трамп менен жолугушары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG