Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Кулеба Бээжин сапарында Киевдин мүдөөсүн айтты


Украин жана Кытай тышкы иштер министрлери Дмитрий Кулеба менен Ван И. Гуанчжоу, 24-июль 2024-жыл/
Украин жана Кытай тышкы иштер министрлери Дмитрий Кулеба менен Ван И. Гуанчжоу, 24-июль 2024-жыл/

Москва ак ниетин далилдесе, Украина Орусия менен сүйлөшүүгө даяр. Бирок азырынча каршы тараптан андай ишарат байкалбайт. Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Кытайдагы сапары маалында ушундай мазмундагы билдирүү жасады.

Москвага көз карашы түз Бээжин согуш башталгандан бери украин жогорку аткаминерлеринен оолак болууга аракеттенип келген.

Рейтер агенттигинин маалыматында, Кулеба менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин сүйлөшүүлөрү пландалган убакыттан ашып, үч саатка созулду. Орусия Украинага басып киргенден бери украиналык башкы дипломат Кытай жергесине биринчи жолу барды.

Кытай тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Мао Нинг Гуанчжоудогу жолугушуудан кийинки билдирүүдө эки өлкөнүн достук мамилесин, стратегиялык кызматташтыгын белгиледи:

"Биз бири-бирибизди урматтайбыз, бири-бирибизди тең өнөктөш деп кабыл алабыз, эки тараптын кызыкчылыгындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантабыз. Мамлекет башчылар узак мөөнөттүү алакаларды пландоо зарыл экенин белгилешкен. Биз ошол принципти карманууга, байланыштарды, алака-катышты, өз ара ишенимди бекемдөөгө, достук мамилени сүрөөнгө алууга тийишпиз".

Дмитрий Кулеба жана Ван И
Дмитрий Кулеба жана Ван И

Кулеба Ван Инин чакыруусу менен Кытайга үч күндүк сапарга барган. Байкоочулар визит Бээжиндин согушту токтотуудагы ыктымал жардамын аңдап-билүүнү көздөгөнүн айтышат.

Кулеба “Украинада адилет тынчтыкка жетишүү Кытайдын стратегиялык кызыкчылыгына дал келет деп ойлойм. Глобалдык күч катары Кытайдын бейпилдик орнотуудагы ролу маанилүү”, - деп айтты.

Украин тышкы саясий мекемеси кошумчалагандай, министр өлкөнүн “ырааттуу позициясын, башкача айтканда белгилүү бир баскычта орус тарап менен сүйлөшүүгө даяр экенин, бул үчүн Орусия ошол диалогду ак ниеттик менен жүргүзүүгө даяр болушу керек. Бирок азыр орус тараптын андай дилгирлиги байкалбаганын белгиледи”.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын сүйлөшүүлөр тууралуу ишараты Орусиянын позициясына дал келет, бирок анын чоо-жайын билүү зарыл деп билдирди:

“Орусия эч качан диалогдон баш тарткан эмес. Дайыма сүйлөшүүлөр жараянына ачык болуп келген. Бирок бул жерде деталдар маанилүү. Аларды мен да, сиздер да азырынча билбейбиз”, - деп айтты Песков.

Швейцариядагы тынчтык конференциясы. 16-июнь 2024-жыл.
Швейцариядагы тынчтык конференциясы. 16-июнь 2024-жыл.

Кээ бир талдоочулар Бээжиндин Москва менен тыгыз мамилелерин, кытайлык дипломаттардын Украинанын жогорку аткаминерлеринен оолак болуу аракеттерин эске алганда бул сапар күтүүсүз болгонун айтышат.

Июндун ортосунда Киев Швейцарияда уюштурган эл аралык тынчтык саммитине Москванын өкүлдөрү чакырылган эмес.

Жүз чакты өлкөнүн делегациялары катышкан иш-чарага Вашингтон вице-президент Камала Харристи жөнөткөн. Өткөн жекшембиде президент Жо Байден ноябрдагы шайлоого катышуудан баш тарткандан кийин ал демократтардын партиясынан президенттикке талапкер болуп калышы ажеп эмес.

Кытай ал форумга баруудан баш тарткан. Украинанын президенти Владимир Зеленский Бээжин айрым мамлекеттерди ага катышпоого, башкаларын жыйынтыктоочу коммюникеге кол койбоого тукуруп, тынчтык аракеттерин үзгүлтүккө учуратып жатканын катуу сындаган.

Ага чейин Киев Кытайды сындоодон карманчу жана ал өлкөнү тынчтык орнотууда роль ойноого үндөп келген.

Швейцариядагы саммит алдында Бээжин Бразилия менен бирге тынчтык планын жарыялаган. Алты пункттан турган документте Киевдин да, Москванын да өкүлдөрүнүн катышуусунда өзүнчө тынчтык конференциясын өткөрүү чакырыгы камтылган.

Маалыматка ылайык, Кулеба Украина “ал план менен жакшылап таанышып чыкканын айтып, Ван Ини Швейцариядагы саммиттин жыйынтыгы менен тааныштырды жана Орусиянын агрессиясына чекит коюуну көздөгөн тынчтык формуласын ишке ашыруунун мындан аркы кадамдарын түшүндүрдү”.

Визиттин алдында Инстаграмга жарыялаган постунда украин башкы дипломаты: “Атаандаш тынчтык пландарын алдын алуу керек. Киев менен Бээжиндин тикелей диалог жүргүзүүсү жана позициялары боюнча пикир алмашуусу маанилүү”, - деп жазган.

Ван И “бардык жаңжалдар сүйлөшүүлөр үстөлүндө чечилүүгө тийиш” деп белгилегени Кытай Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

"Орусиялык жана украиналык тараптар акыркы мезгилде сүйлөшүүлөргө даяр деген тигил же бул деңгээлде ишарат кылышты. Алардын шарттары мыкты болбогону менен биз тынчтыкка өбөлгө түзгөн бардык аракеттерди колдоп жатабыз. Ок атууга чекит коюуда, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандырууда конструктивдүү ролду улантууга даярбыз. Кытай Украинадагы гуманитардык абалга тынчсызданат жана мындан ары да ал өлкөгө гуманитардык жардам берет", - деп билдирди Кытай тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Мао Нинг.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзинпин. Бээжин, 16-май 2024-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзинпин. Бээжин, 16-май 2024-жыл.

Майда Орусиянын президенти Владимир Путин Бээжинде Кытайдын лидери Си Цзинпин менен сүйлөшүү өткөргөн. Анын жыйынтыгында кол коюлган биргелешкен билдирүүдө тараптар “аскердик аракеттерди создуктурган, Украинадагы жаңжалдын курчушун шарттаган кадамдарды токтотуу зарылдыгын” белгилеп, анын “көзөмөлдөн чыгып кеткен баскычка өтүшүн алдын алууга” чакырышкан. Жетекчилер кризисти диалог акрылуу чечүү зарылдыгын белгилешти.

Бээжин Украинадагы согушта “бейтарап позицияны” карманганын айтып келет. Кытай бийлиги Москванын кол салуусун айыптабайт жана согуш отуна май тамызып жатат деп Батышты айыптоодо. Ошол эле маалда Крымды жана Украинанын оккупацияланган башка аймактарын Орусиянын бөлүгү деп санабайт.

Ал арада орус армиясы кошуна өлкөсүнүн шаар, кыштактарын аткылоону улантууда.

25-июлда учкучсуз учактын Украинага каршы соккусунан бир кишинин өмүрү кыйылды, ондогон дрон атып түшүрүлдү, фронтто Покровск жана Курахово багыттарында кармаш уланууда.

Херсон облусунун аскердик администрациясынын башычысы Александр Прокудиндин айтымында, Киндейка кыштагында орусиялык дрондун соккусунан жарылуу болуп, 51 жаштагы жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылды.

Бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагындагы социалдык инфраструктурага каршы Shahed дрондорунан жалпысынан 38ди учурганын, алардын 25ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери Одесса облусунун түштүк тилкесин жана өлкөнүн борбордук райондорун бутага алышты.

Ал эми фронтто соңку суткада украин аскерлеринин турумдарына 149 жолу ракеталык жана авиациялык чабуул коюлганы, анын арасынан 70тей кагылышуу Покровск жана Курахово багыттарында катталганы маалымдалды.

24-июлда да Харьков облусундагы Лозовая шаарына урулган соккудан эки киши каза тапканын губернатор Олег Синегубов билдирди. Маалыматка караганда, дүрмөт инфраструктура жайына тийген. Куткаруучулар уранды астынан 24 жана 55 жаштагы эки эркектин сөөгүн табышты. Бир нече киши жарадар болду.

Харьков шаары күн бою соккуларга туш болду. Ал жерде бир киши набыт болду, дагы тогуз жайкын тургун жабыркады.

Одесса облусунун Измаил району учкучсуз учактардын жапырт соккусуна кабылды.

XS
SM
MD
LG