УКМК бийликти басып алууга даярдаган деп кармаган топтун мүчөлөрүнүн үйүн тинткенде Жогорку Кеңештин депутатынын аскердик билети табылганы кабарланды. Атайын кызмат кармалган топ 31-августтагы Эгемендик күнүндө улуттук оюндар өткөн жерде теракт уюштурууну пландаганын билдирди.
Түгөлбай Казаковдун “Алтын балалык” керемет чыгармасын укпаган, билбеген киши жоктур. Залкардын “Эсимде” өмүр баян эскермесинде алтын балалыктын кызык учурлары баяндалган.
Иранда президенттик шайлоодо реформист Масуд Пезешкиан жеңди. Иранда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ардагер-реформист Масуд Пезешкиан катаал режимдин жактоочусу, Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештин мурдагы катчысы Саид Жалилини жеңди.
Британияда парламенттик шайлоодо Кир Стармер башында турган Лейбористтер партиясы алдыга чыкты. Алдын ала жыйынтыктырга караганда, алар 410 аймакта жеңди.
Журналист Махабат Тажыбек кызы сотто депутат Шайырбек Ташиев жөнүндөгү иликтөөлөрдү жасаганда айрым маалыматтарды ИИМдин тергөөчүлөрүнөн алып турганын айтты.
Кыргызстанда жарандардын мугалим болуп иштешине тыюу салган кылмыштардын жана оорулардын тизмеси жазылган токтом долбоору 5-июлда коомдук талкуудан алынды.
Москвада сегиз айдан бери дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы кыргызстандык мигранттын жакындары "Азаттыкка" кайрылып, аны табууга жардам сурады. Алардын айтымында, Исланбек Токторбай уулу акыркы үч-төрт жылдан бери такси кызматында иштеп, Кыргызстанга келип-кетип турган.
Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында никаб кийүүгө убактылуу тыюу салынды. Муфтият мындай чечим фатва бөлүмүнүн корутундусунун негизинде кабыл алынганын кабарлады. Серепчилер муну ксенофобиянын кезектеги толкуну жана "радикалдарга каршы күрөш" өнөктүгүнүн бир бөлүгү катары баалап жатышат.
Судьялар кеңеши Чүй облустук сотунун эки судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берип, президентке аларды ээлеген кызматынан алуу жөнүндө сунуш жиберилди. Кармалгандардын адвокаттары же жакындары азырынча комментарий бере элек.
Акыркы жумаларда Кыргызстандын фемидасы социалдык тармакка жазган пикири үчүн кармалган эки аялды абакта калтырды. Сот алардын жалгыз бой эне экенин эске алган жок. Коомчулукта мындай чечимди сындагандар менен катар эле жоопкерчиликти эске салгандар да болууда.
Дагы жүктөңүз