Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Олимпиада оюндарына шакиртин коштоп барбай калганы Кырнетте курч талкууланды. Казакстандын Олимпиада комитети Париж Бокс биримдигине нааразы болду.
Орусия менен Батыш камактагы жарандарын айырбаштап бүттү. Орус абактарында отурган оппозициячыл саясатчылар, активисттер жана журналисттер бошотулду. Ал эми Орусия Европада соттолгон агенттерин жана адам өлтүрүүгө айыпталган Вадим Красиковду кайтарып алды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында Кыргызстанда 4-августтан тарта жилик чучугунун аутологиялык трансплантациясы акысыз жасала баштайт.
Орусияда улам катаалдашып жаткан миграция мыйзамдары миңдеген кыргызстандыктарды мекенине кайтууга же башка өлкөлөрдөн жумуш издөөгө аргасыз кылды.
Айрым серепчилер Борбор Азиялык спортчуларга быйылкы Париж Олимпиадасында Токио менен Рио-де-Жанейродогу жыйынтыктарга салыштырмалуу көп деле үмүт артышкан эмес. Бирок коңшу Өзбекстан менен Казакстан биринчи алтын медалдарын утуп, аймактын спортчулары Парижде өздөрүнүн күчүн көрсөтүүдө.
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында бокстон өтүп жаткан мелдештерде чейрек финалга чыкты. Олимпиадага фаворит катары барган казак мушкерлеринин үчөө мелдештен четтеп, Казакстандагы бокс сүйүүчүлөр арасында талкууга жем таштады.
Орусия, АКШ жана бир нече өлкө туткундарды алмашты. Бул – кансыз согуштан берки эң ири айырбаштоо болуп калды. Ак үй 1-августта туткундарды алмашуунун алкагында азат кылынган 16 кишинин арасында Алсу Курмашева, Эван Гершкович, Пол Уилан жана Владимир Кара-Мурза бар экенин бышыктады.
29-июлда Украина Париж Олимпиадасынын алгачкы медалын жеңди. Ольга Харлан фехтование жарышында коло медал тагынды. Орусия кол салгандан бери украиналык 488 атлеттин өмүрү үзүлдү. Кыянат согуш болбосо, кээ бирлери азыр Олимпиадага катышып, балким чоң ийгиликтерге жетишмек.
Жалал-Абаддын Аксы районунда үйүн сел жууп кеткен үй-бүлө коңшусунун үйүндө күн кечирип, башка турак жай салууга чама-чаркы жетпей жатканын айтып жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аларга сегиз жыл мурда ссуда бөлүнгөнүн билдирди. Жабыркагандар ал жерден көчпөй, үйүн камсыздандырган эмес.
Ош облусунун Кара-Суу районунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки гана өткөрмө бекети бар эле.
Санкт-Петербург шаары. 29-июлда автобус бекеттеринин биринде "VK Видео" платформасынын жарнамасы пайда болду. Анда Орусиянын үстөмдүк кылган VK социалдык түйүнүнүн видео стриминг кызматынын артыкчылыктары тууралуу айтылат.
Дагы жүктөңүз