Орусияда борборазиялык мигранттардын жүрүм-туруму боюнча жаңы эрежелер иштелип чыкты. Анда өз тилинде шыбырашып сүйлөшүүгө, мал союуга тыюу салган бир катар чектөөлөр бар.
Орусиянын Курск облусундагы заводдордун биринде дрон соккусунан кийин өрт тутанды. Андан тышкары Орусиянын башка бир нече облусу учкучсуз аппараттардын чабуулуна дуушар болду. Ал эми “Россия-1” мамлекеттик телеканалында Европадагы шаарларга ракеталык сокку уруу темасы козголуп, картасы көрсөтүлдү.
Соңку беш күндөн бери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө суу ташкындан улам ондогон адамдардын өмүрү кыйылды. Индия, Кытай, Кошмо Штаттар, Ооганстанда нөшөрдүн айынан аймактарды суу каптап, жүздөгөн турак жайларга, гектарлаган айдоо аянттарына зыян келтирилди.
АКШда республикачылардын президенттикке талапкери Дональд Трампты өлтүрүү аракети америкалыктарды нес кылды. Өлкөдө мындай окуя 40 жылдан бери боло элек эле. Экс-президент Пенсильвания штатында тарапкерлери менен жолугушуп жатканда ок атылган.
Кыргызстан акыркы жылдары билим берүү жаатында бир катар өзгөрүүлөргө кадам таштап жатат. Алар канчалык жемишин берүүдө?
14-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам Ош облусунун аймагында катуу сел жүрүп, адам өмүрү кыйылып, бир катар кыйроолорду алып келди. Селдин себеби катары климаттын өзгөрүүсү айтылууда. Жаратылыш кубулуштарын эске алуу менен бийлик кандай чаралары көрүшү керек жана эмнелерге даяр болгону оң?
Ош шаарындагы жана анын жака-белиндеги адам өлүмү менен аяктаган катуу сел мындай кырсыктын алдын алуу чаралары, даярдык тууралуу талкууларды кайрадан күн тартибине чыгарды.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Чүй облустук соту 15-июлда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирге карата Аламүдүн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Райондук сот буга чейин аны беш жылга эркинен ажыраткан. Олжобай Шакир өкүмдү “адилетсиз чечим” деп атады.
Дагы жүктөңүз