10-июлда Бишкектеги Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган окуучуларга президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Алтын сертификат” тапшырды.
10-июлда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.
Июлдун башында Бишкектен Жалал-Абадга, Баткенге жана Раззаковго авиакаттам белгисиз убакытка токтоду. Буга аталган аймактарга каттаган Tez Jet авикомпаниясынын учагындагы техникалык мүчүлүштүк себеп болду.
Евробиримдиктин Орусиядан качып чыккан мигранттарды кабыл алуу же албоонун так эрежеси жок.
Кыргызстанда соңку эки аптадан бери автогаз тартыштыгы байкалууда. Мунай ташуучулар бул көйгөйдү ырастап, ташып келүү кыйын болуп жатканын билдирди.
Вашингтондо 9-июлда НАТОнун 75 жылдык мааракелик саммити башталды. Эки күндүк жыйында мүчө мамлекеттердин лидерлери альянстын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жолдорун жана Украинага көрсөтүлө турган колдоону талкуулашары күтүлүүдө.
Украинанын аймактарына 8-июлда жасалган орус армиясынын жапырт аба соккусунан мерт кеткендердин саны 40тан ашты. Арасында төрт бала бар. Соккулардын бири Киевдеги ири балдар ооруканасына тийген. Баш калаада Аза күтүү күнү жарыяланды. Кремль ооруканага чабуул койгонун мойнуна алган жок.
Бишкектеги №1 тергөө абагындагы журналисттердин камералары тинтилген фактыдан улам Башкы прокуратурага арыз жолдонду.
Өзбекстандын парламентинин (Олий Мажлисинин) Мыйзам чыгаруу палатасы чет элдиктер жана жарандыгы жоктордун айрымдарына жагымсыз деген аныктама берүүчү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Аларга беш жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.
Кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны тактоо иштери активдүү жүрүп жатканын билдирип, жумушчу топтордун жолугушуусу уланууда. Тактоо иштеринде кайсы маселелер кыйынчылык жаратышы мүмкүн?
Олжобай Шакирдин соту ишти караган соттук коллегиянын мүчөлөрүнүн бири өткөн аптада коррупцияга шек саналып камалганы үчүн белгисиз мөөнөткө жылып кетти.
Дагы жүктөңүз