Шайлоого 100 чакты күн калганда АКШ президенти Жо Байден жарыштан чыгып жатканын жарыялаганы демократтарга президенттик жарышты дээрлик башынан баштоого туура келип отурат.
“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти маркум Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура алты жыл болду. Өлкөдөгү курч, талылуу маселелерди тайманбастан козгоп, сөз эркиндигинин тарыхында өчпөс из калтырган инсандын эмгеги жана учурдагы иликтөөчү журналистиканын абалы тууралуу кеп кылабыз.
Оштун борбордук базарында соода кылган ишкерлер үч күндөн бери нааразычылык акциясына чыгып жатат. Алар базарды жылдыруунун мөөнөтүн узартып берүүнү, базарга өтүүчү көпүрөлөрдү бузбай турууну суранып, жаңы салына турган базар алыс жакта жайгашат деген нааразылык билдирүүдө.
1920-1930-жылдардагы репрессияда “эл душмандарынын” жакындары катары миндеген аялдар куугунтукталып, лагерлерге камалган. Совет өлкөсүнүн аймагында аялдар камалган төрт лагер болсо, анын бири Кыргызстандын аймагында уюштурулган.
Парижде 26-июлда баштала турган жайкы Олимпиада оюндарына кыргызстандык 16 спортчу жөнөгөнү жатат. Алар оюндардан ийгилик менен кайтууну максат кылууда. Курама командага артылган үмүт кандай жана ал канчалык деңгээлде аткарылат?
Дем алышта Жакынкы Чыгышта жаңжал күчөдү. Йемендеги хуситтер жекшембиде эртең менен Израилдин Эйлат курортуна баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Израил абадан коргоо системасы дүрмөттөрдү атып түшүргөнүн билдирди. Абал ишембиге караган түнү топ Тел-Авивди бутага алгандан кийин курчуп кетти.
Улут (мамлекет) тагдыры “устаранын мизинде” турган кезде адамзат көчүнүн чаӊында калбай, өзөктүү нарк-насилибизди сактап, уӊгулуу багытыбызды кантип туура аныктайбыз?
Ош шаарында сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүгө каршы соодагерлер үч күндөн бери чогулуп жатышат. Кечээ 100дөй ишкер нааразылык акциясына да чыгышкан.
Олимпиадага даярдык, балбандар канча медаль утууга мүмкүнчүлүктөрү бар, өлкөдөгү күрөштүн келечеги жана башка маселелер боюнча суроолорго Кыргыз Республикасынын бириккен спорттук күрөш федерациянын президенти Мелис Турганбаев жооп берди.
Дагы жүктөңүз