Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Абактагы эксперттин дооматы, Илимдер академиясынын жообу


Жоомарт Карабаев.
Жоомарт Карабаев.

Абакта жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын тергөөчүсүн жана академиянын жетекчилигин айыптаган билдирүү таратты.

"Мажбурлап экспертиза жасаткан"

Жоомарт Карабаевдин камактан жазган билдирүүсү 24-июлда анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Адвокат Акынбек Ногоев билдирүү Карабаевге таандык экенин бышыктап, интернетке анын жакындары аркылуу жарыяланганын белгиледи.

Кайрылууда абактагы адис Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү Улуттук илимдер академиясынын эксперттерине мажбурлап корутунду чыгартып жүргөнүн айтып чыкканы үчүн куугунтукка кабылганын жазган.

Карабаев Улуттук илимдер академиясында жетекчи кызматта иштеген Токон Мамытовду дагы айыптаган.

“Мен аталган тергөөчүнүн жана анын алдындагы ыкчам кызматкерлердин Жанышбек уулу Азамат деген "дүжүр" экспертке келип, мажбурлап политологиялык экспертиза жасаткан кишиге күбө болгом. Алардын ичинен мурда билдиргендей, Олжобай Шакирдин иши боюнча күбө катары сотто сурак бергем”, - деп жазган.

Карабаев тергөөчү "өзүнүн кесиптик кызматтык милдеттерин так аткарбай жатканын" белгилеп, буга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин көңүл буруусун өтүнгөн.

Азырынча УКМК жана аталган тергөөчү комментарий берген жок. "Азаттык" атайын кызматтын же тергөөчүнүн жүйөсүнө орун берүүгө даяр.

Жоомарт Карабаевдин адвокаты Акынбек Ногоев атайын кызматтын тергөөчүсүн сотко бергенин "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, тергөөчү жактоочунун Карабаевдин иши боюнча экспертиза дайындоо өтүнүчүн мыйзам чектеген үч күндүк мөөнөттө карабай, жооп бербегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз жазды. Отурум 29-июлда болот.

Илимдер академиясынын жообу

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун политологиялык изилдөө жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы Токон Мамытов Карабаев айтып жаткан дооматтарды четке кагып, толук маалымат кийин таратыларын билдирди.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

“Мен азыр Бишкекте эмесмин, эмне дегенин көрөйүн. Бирок, расмий түрдө эле билдирүү беребиз. Мен ал балага тиешем жок, тааныбайм”, - деди Мамытов.

Ошондой эле буга чейин Улуттук илимдер академиясынын өкүлү Айнуру Алтыбаева Карабаев башка себептер менен кызматтан кеткенин, “азыркы кылмыш ишине академиянын тиешеси жок” деп жооп берген.

Карабаев айтып жаткан Улуттук илимдер академиясынын Мамлекеттик жана укук институтунун илимий кызматкери Азамат Жанышбек уулу соңку жылдардагы саясий өңүтү бар кылмыш иштеринин козголушуна негиз болгон политологиялык экспертиза жасаган адистердин бири.

Буга чейин Азамат Жанышбек уулуна анын дарегине айтылган дооматтарга байланыштуу кайрылганыбызда комментарий берүүдөн баш тарткан.

Азамат Жанышбек уулу.
Азамат Жанышбек уулу.

“Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштейм. Ошол Илимдер академиясынын жетекчилиги уруксат бергенде гана комментарий бере алам”, - деген жооп узаткан эксперт.

Экспертиза соттогу негизги далил

Адвокат Улан Сейитбеков бийликке сын айткан оппозиция, жарандык активист, журналисттердин кылмыш иштеринде лингвистикалык жана политологиялык экспертизанын корутундусу негизги далил болуп жатканын белгилеп, бул багытка реформа керек экенин билдирди.

“Акыркы учурда эксперттердин корутундусу менен кылмыш иши козголуп жатат. Өз оюн эркин айткан жарандык активисттерге кылмыш иши козголууда. Мен эксперттик кызматтын реформа болушун каалайт элем. Жарандык коомдун өкүлдөрү кошулган көз карандысыз эксперттик топ болушу керек. Азыр баарыбыз көрүп жаткандай эки эксперттин корутундусу менен бардык кылмыш иштеринде айып тагылып жатат”, - деди жактоочу.

Жоомарт Карабаев ким?

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, атайын кызмат кармаган Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасын карап, аны 19-августка чейин камакка алган.

УКМК кызматкерлери Карабаевди 2-июлда суракка алгандан кийин кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып коюлганы кабарланган.

Жоомарт Карабаев буга чейин Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жасарын айтып чыккан. Ал ошондой эле экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

27 жаштагы Жоомарт Карабаев Бишкектеги Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы илимий кызматкери. Ал бир жыл мурун мыйзамсыз кызматтан кеткенин айтып, соттошуп жүргөн. Андан тышкары Фейсбукта бийликтин айрым кадамдарын сындаган постторду жазып келген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG