Францияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жүздөгөн адамдар 1-июлга караган түнү көчөгө чыкты. Добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыктарына караганда, ашынган оңчулдардын партиясы алдыга чыкты. Анын лидери 28 жаштагы Жордан Барделла өкмөт башчы болуу дымагын жар салды.
Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында селге байланыштуу чукул кырдаал киргизилди. 20-апрелден тартып 1-июлга чейинки аралыкта Кыргызстанда 17 адам селге агып каза тапканы кабарланды.
“Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери менен шек саналып камалган акын жана активист Аскат Жетигенди сот үч жылга абакка кести. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген. Жарандык коом Аскат Жетигенди актап, камактан бошотууга чакырып келишкен.
Ноокат, Ысык-Көл, Свердлов округдарындагы кайра шайлоо жыйынтыкталып, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов, Айжигит Тыналиев жана Жумабек Салымбеков алдыга чыкты. Үч райондогу кайра шайлоо жарандардын катышуусу солгун болгон кезектеги жараян болуп калды.
Украинанын Запорожье облусундагы Вольнянск шаарында орус күчтөрүнүн ракета чабуулунан жети киши набыт болду. Украин президенти Владимир Зеленский абадан коргонуу системаларынын санын көбөйтүү зарылдыгын билдирди. Ал арада украин-беларус чегинде "чыңалуу" пайда болду.
Ноокат районунда 28-июнда жүргөн сел 10 кишинин өмүрүн алды. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. 30-июнда Кара-Кулжа районунда да төрт адамды сел алып кетти. Акыркы эки жумада селден жалпы 15тей кишинин өмүрү кыйылды.
Дагы жүктөңүз