Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:39

Талибдер эркин ойлонгондорго куугунтукту күчөттү


Ооганстан. "Талибан" аскерлери.
Ооганстан. "Талибан" аскерлери.

Ооганстанда "Талибан" кыймылы башкарган өкмөт эркин ойлонгон активисттерге, саясатчыларга жана журналисттерге куугунтукту күчөттү.

Талибдердин басымына кабылган ооган жарандарынын жакындары айтып бергендей, соңку бир нече күндө эле Ооганстандын ар кайсы аймактарында мурдагы саясатчы, журналист жана режиссер кармалды.

Бул кармоолор эркин ойлонгон жарандарды кысмакка алуунун, журналисттерге, активисттерге жана саясий ишмерлерге каршы багытталган зомбулук өнөктүгүнүн кескин күчөшү катары бааланууда.

"Азаттыктын" ооган кызматы билдиргендей, талибдер камакка алгандардын бири, борбор калаа Кабулда иштеген телепродюсер жана режиссер Сайед Рахим Саиди.

Саидинин талибдердин куугунтугунан корккондуктан аты-жөнүн ачык атагысы келбегенин айткан жакындары "Талибандын" чалгын кызматы катары белгилүү башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери анын өзүн жана уулун 20-июлда кармап кеткенин билдиришти.

Уулу 21-июлда кайра коё берилгени маалым болду.

Аларды кармоого эмне себеп болгону тууралуу расмий маалымат берилген жок. Режиссер өзү кайда кармалып турганы алигүнчө белгисиз. Талибдерден эч кандай комментарий боло элек.

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Тахар провинциясында талибдер бул аймактын мурдагы башчысы Рохулла Рауфту да кармап кетишти. Бул тууралуу "Азаттыктын" ооган кызматына анын жакындарынын бири билдирди. Ал дагы өзүнүн аты-жөнүн ачык айтуудан баш тартты.

Маалымат берген адамдын айтымында, Рауфту 19-июлда жума намаздан кийин үйүнө кайтып баратканда кармашкан. Анын эмне себептен кармалганы белгисиз болууда.

Ооганстандык укук коргоочу Мовлод Тавандын пикиринде, Рауфтун кармалышы "Талибан" 2021-жылы бийликке кайтып келгенде мунапыс тууралуу берген убадасын аткарбагандыгынын белгиси деп эсептесе болот.

Талибдердин убадасына ылайык, жапырт мунапыс алкагында Ооганстандын бул өлкөдө АКШ аскерлери жайгашкан жылдары алар менен кызматташкан жетекчилерине жана башка бийлик өкүлдөрүнө басым болбой турганы белгиленген.

Бирок бир катар эл аралык уюмдардын адистери жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) байкоочулары Ооганстанда мурдагы жетекчилерге жана ишмерлерге каршы куугунтук, өч алуу, сотсуз жазалоо, кыйноо сыяктуу көрүнүштөр кеңири жайылганын айтып, далилдерин келтирүүдө.

Кабул. Tolo News телеканалынын түз эфири.
Кабул. Tolo News телеканалынын түз эфири.

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында талибдер Мохаммадяр Мажрух аттуу фрилансер журналистти да кармап кетишкенин анын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, кабарчы 12-июлда кармалган. Ошондон бери ал кайсы жакта экени, кандай шартта жана эмне себептен кармалып турганы боюнча эч кандай маалымат жок болууда.

Мажрух 2023-жылдын февралында кармалып, кайра коё берилген. Анда ал Tolo News жеке телеканал үчүн репортаж даярдап жаткан жеринен кармалганы маалымдалган.

Ооганстандын Журналисттер борбору деп аталган уюм 17-июлдагы билдирүүсүндө Мажрухту "тез арада жана эч кандай шарт койбостон" бошотууну талап кылды. Бул уюм жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салуучу мекеме экени белгилүү.

Өлкөнүн басма сөз тармагындагы дагы бир бирикмеси – Ооганстандын Журналисттерди коргоо уюму да "журналисттердин мыйзамсыз кармалышы жана куугунтукка кабалышы сөз эркиндигинин одоно бузулушу" экенин белгиледи.

"Биз мындай кармоолорду чечкиндүү түрдө айыптайбыз", - деди "Азади" радиосуна аталган уюмдун жетекчиси Хамид Обаиди.

Жогоруда айтылган окуялардын баары боюнча так маалымат алуу үчүн "Азади" "Талибандын" атайын кызматына кайрылды, бирок эч кандай комментарий ала алган жок.

2021-жылы бийликке келгенден бери талибдер өзүнүн репрессивдүү саясатына каршы чыккан же сын пикирин ачык билдирген, ошол тууралуу жазган же айткан көптөгөн журналисттерди, активисттерди жана агартуу ишмерлерин кармап, камакка алды.

Жүздөгөн ооганстандык журналист коркутуп-үркүтүүнүн жана куугунтуктун айынан мекенин таштап, чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болду.

"Талибан" кыймылы бир катар эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине тыюу салып, чет өлкөлүк журналисттерге виза берүүдөн баш тартты.

Эркин ойлонгон жарандарга каршы чабуулунун бир бөлүгү катары талибдер саясий партияларды жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарды да кысымга алууда. Былтыр Ооганстанда бардык саясий топторго жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

20 жыл бою, 2001-2021-жылдары АКШ баштаган НАТО күчтөрү Ооганстанда талибдерге каршы согуш жүргүзүп келишкен. Согуштун башталышына 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдар себеп болгон.

Талибдер "инклюзивдик өкмөт" түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG