Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Оштогу акция: Төрт кишини милиция кармады, борбордук базар эки айдан кийин көчүрүлөт


Оштун  борбордук базарында соода кылган ишкерлер үч күндөн бери  нааразычылык акциясына чыгып жатат. Алар базарды жылдыруунун мөөнөтүн узартып берүүнү, базарга  өтүүчү көпүрөлөрдү бузбай турууну суранып, жаңы салына турган базар алыс жакта жайгашат деген нааразылык билдирүүдө.

Алар менен Ош мэри Бакыт Жетигенов жолугуп, талаптарын укту. Ал арада чогулгандардын ичинен төрт кишини милиция кармап кеткени, шаарда нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизилгени белгилүү болду.

Соодагерлердин нааразылыгы

22-июлда эртең мененки саат 9да шаардык мэриянын имаратына жакын жердеги Токтогул эс алуу багына соодагерлер кайрадан чогулуп, нааразылыктарын айтышты. Айрымдары базарды жылдыруу мөөнөтүн узартууну керектигин айтса, дагы бири жаңы базардын орду шаардан алыс жана соодага ылайыксыз деген пикирлерин айтып жатышты.

Базарга өтүүчү көпүрөлөрдү бузбай, сезон учурунда иштеп алууга мүмкүнчүлүк сурагандар да болду.

“Мен 15 жылдан бери машина базар тарапта жашайм. Ал жакта цемент заводдун чоң КАМАЗдары менен цемент ташыйт. Ал тараптан ишемби, жекшемби күндөрү тыгын болуп, жылууга мүмкүн болбой калат. Кулатов кичи районунан Көкүмбий көчөсүнө чейин жөө барабыз. Ал жер саздак. Ал жерди жакшы кылып калыбына келтирип оңдогондон кийин гана көчөбүз. Булар селдин кесепетин пайдаланып жатышат”, - деди соодагер Света Касымбекова.

Ош шаарында 14-июлдагы катуу жүргөн селден кийин жергиликтүү бийлик калаанын чок ортосундагы базарды четке - Жапалак кыштагы тарапка жылдыра турган болуп, Ак-Буурадагы майда көпүрөлөрдү буза баштаган. Айрым соода жайлары дарыянын жээгинде жана ошол көпүрөлөрдүн үстүндө жайгашкан. Акцияга чыккандардын бири Нуржан Маматалиева буларды айтты:

“Биз бирөөгө каршы чыккан жокпуз. Биз бийликке каршы эмеспиз. Болгону бизди уккула. Ташиев, Садыр Нургожоевич, келгиле, бизди уккула. Менин аты-жөнүм, телефон номурум жазылган, эгер камаса, биринчи келип мени камайт. Бирок эмнеге? Кайсы мыйзамды буздум? Мен мыйзам бузган жокмун", - деди ал.

Оштогу нааразылык акциясы. 21-июль, 2024-жыл
Оштогу нааразылык акциясы. 21-июль, 2024-жыл

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев селден жабыркагандарга жолугуп, борбордук базарды башка жерге көчүрүүгө буйрук берген. Ал Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын айткан.

Бүгүн чогулгандардын 20га чукул өкүлүн Оштун мэрия Бакытбек Жетигенов кабыл алып, алардын талабын угуп, жаңы курула турган базар мурда айтылгандай Көкүмбий көчөсүнө эмес, жакыныраак жердеги Бекмамат Осмонов көчөсүнө куруларын жарыялады:

“Биз варианттарды карап жатканбыз, шаарда биздин өзүбүзгө караштуу жер бар экен деп. Бир-эки күн мурун ”Мегаполис” деген соода жайдын маңдайында, Ишкаванга кеткен жол тарапта жети гектар жерибиз бар экен. Ошол жерди чечтик. Ал жерге шаардын төрт тарабынан кирип чыкса болот экен. Бүгүндөн баштап ошол жерде жумуш башталды, жолдорду кеңейтип, баарын бүтүрүп туруп ошол жакка көчүрөбүз”, - деди мэр.

Ош. Борбордук базардагы көпүрө
Ош. Борбордук базардагы көпүрө

Төрт кишини милиция кармап кетти

Чогулгандардын өкүлдөрү шаар башчысы менен жолугуп чыккандан кийин да соодагерлер тараган жок. Түш оогондон кийин алардын арасынан төрт кишини милиция кармап кетти. Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов кармалгандар боюнча мындай маалымат берди:

“Бүгүн Ош шаарында эл чогулуп, нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Шаардык милициянын 102 кызматына "ал жерде эл чогулуп массалык баш аламандык жасаганы аракет кылып жатат" деп кабар түшкөн. Атайын тергөө кызматы чыгып, төрт жаранды алып келген. Төргөө иштери жүруп жатат ”.

Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева жергиликтүү бийликти элдин унүн угууга, жакшылап түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды:

"Азыр биз өзгөчө кырдаал режиминде турабыз. Мындай учурда ӨКМдин өкулдөрү да эл менен жолугушуусу керек болчу. Анткени булардын көчүрулүүсү мэриянын эле каалоосу эмес, кооптуу жагдай пайда болуп калганы да негиз болду да. Ошондуктан ӨКМдин өкүлдөрү да "кооптуу жагдай жаралып жатат, биз азыр көпүрөлөрдү алабыз, силер да 50 метр корук зонаны бошотушуңар зарыл" деген сыяктуу комплекстүү иш болуш керек эле".

Ошто митинг өткөрүү чектелди

Көп өтпөй Ош шаарынын аймагында нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизилгени маалым болду.

Гүлгаакы Мамасалиеванын колундагы документке ылайык, тургундардын бири Ош аймагында ар кандай митингдер туруктуулукка терс таасирин тийгизип, эс алуучулардын тынчтыгын бузуп жатканын жүйө кылып, арыз менен сотко кайрылган. Ош шаардык соту арызды канааттандырып, 28-июндан тартып 31-декабрга чейин нааразылык акцияларына тыюу салган чечим чыгарган. Митингдерди шаардагы Муминов жана Руставели көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ататүрк паркында гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Сот чечимине ылайык, Ош мэриясы митингдерди чектөө боюнча 5-июлда токтом чыгарган.

Шаардык сот жана мэрия чектөө чечими тууралуу маалымат бере элек.

2022-жылы март айынан бери Бишкек шаарында митингдерге киргизилген чектөөнүн мөөнөтү узарууда. Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп,
Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.
Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясы
Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясы

Мэрия соодагерлердин талабын орундатты

Ош шаардык мэриясы акцияга чыккан соодагерлердин талабы орундалганын, аларга эки ай соода кылууга уруксат берилгенин жана борбордук базар иштеп жатканын билдирди.

"Ак-Буура дарыясынан өткөн мыйзамсыз салынган көпүрөлөрдү бузуу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Ош шаарынын борбордук базарына кирүүчү кошумча жолдордун картасын сунуштайбыз. Учурда борбордук базар иштеп, соода жүрүп жатат. Кирүүгө тосколдуктар жок. Азыркы базар муниципалдык жаңы базар курулуп бүткөнгө чейин эки айлык мөөнөттө иштейт", - деп жазылган мекеменин маалыматында.

Ош шаарынын вице-мэринин Марс Исаев базарда соода түйүндөрүнө кирген селден кийинки таштанды, ылайлар тазаланганын айтты, коопсуздуктан улам базар башка жакка эки айдан кийин көчүрүлөрүн кошумчалады:

"Бүгүнкү күндө суунун ташып кетишине негиз болгон мыйзамсыз курулган көпүрөлөр, бетон тосмолор гана алынып жатат. Анткени кайрадан сел келип, кырсык болуп кетпейт деген кепилдик жок. Мэрия адам өмүрүнө жана коопсуздугуна жоопкер катары кырсыктын алдын алууга милдеттүү. Ал эми жаңы базар эки ай аралыгында толук курулуп бүтүп, борбордук базар жаңы муниципалдык базарга чыгарылат. Андыктан жаңы муниципалдык базар бүткөнгө чейин соодаңыздарды жүргүзө берсеңиздер болот", - деди ал.

XS
SM
MD
LG