Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

АКШ: Демократтар президенттикке кимди аттандырат?


Жо Байден жана Камала Харрис
Жо Байден жана Камала Харрис

Шайлоого 100 чакты күн калганда АКШ президенти Жо Байден жарыштан чыгып жатканын жарыялаганы демократтарга президенттик жарышты дээрлик башынан баштоого туура келип отурат.

Байден вице-президенти Камала Харристи колдогону менен Демократиялык партиянын атынан республикачылардын өкүлү Доналд Трампка ким атаандаш болуп чыгары августтагы курултайда аныкталмакчы.

Демократ саясатчылардын айрымдары Харриске колдоо көрсөтүүгө шашкан жок.

Демократиялык партия эми президенттикке жана вице-президенттикке ким аттанарын тандоого тийиш. Байдендин колдоосу Харрис автоматтык түрдө талапкер болот дегенге жатпайт.

Харрис менен Байден. Вашингтон, 7-февраль, 2023-жыл
Харрис менен Байден. Вашингтон, 7-февраль, 2023-жыл

Президенттин артынан демократтардын бир нече көрүнүктүү өкүлү, арасында мурдагы мамлекет башчы Билл Клинтон жана жубайы, 2016-жылкы шайлоодо талапкер болуп, Трампка утулуп калган Хиллари Клинтон Харриске колдоосун билдиришти.

Ошол эле маалда экс-президент Барак Обама, Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелоси же Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер өңдүү дасыккан саясатчылар башка талапкерлердин да 5-ноябрда Трампты жеңүү мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешет.

Обама администрациясынын мурдагы расмий өкүлү, CNN телеканалынын саясий комментатору Дэвид Аксельрод демократтардын айрым лидерлеринин Харристи колдоого шашылбаганын түшүндүрүп, аларды “ноябрда Трампты ким жана кандай жеңе алат” деген суроо түйшөлткөнүн айтат.

CBS News жарыялаган акыркы сурамжылоо көргөзгөндөй, Трампты респонденттердин 52%, Байденди 47% колдогон. Ал эми Трамп менен Харристи салыштырганда, 51% экс-президентке, 48% азыркы вице-президентке ишеним артарын айткан.

АКШдагы шайлоо: Трампка ким атаандаш болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Харрис өзү Америка элинин атынан Байденге мыкты лидерлиги үчүн рахматын айтып, партиянын талапкерлигин жеңүү ниетин билдирди.

Бирок Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин төрагасы Жейми Харрисон талапкерлерди көрсөтүү жараяны кандай өтөрүн партия жакын арада чечерин билдирди.

АКШ тарыхында кызматтагы президент кайра шайлануудан баш тарткан окуя 50 жылдан көп убакыттан бери боло элек эле. 1952-жылы демократ Гарри Трумэн жана 1968-жылы партиялашы Линдон Жонсон ички партиялык шайлоодо анча колдоо таппай калгандан кийин жарыштан баш тартышкан. Алардан айырмаланып Байден праймеризди жеңген.

Талапкер кантип тандалышы мүмкүн?

Президенттикке талапкер партиянын 19-21-августта Чикаго шаарында өтө турган улуттук курултайында аталууга тийиш. Адатта делегаттар өз штаттарындагы ички партиялык шайлоодо (праймериз) жеңген талапкерге добуш берет. Көпчүлүк жерде праймеризди бул жолу Жо Байден уткан. Эми ал жарыштан чыккандан кийин курултайдын катышуучулары башка талапкерге добуш бере алат.

Байден, Харрис жана демократтардын ыктымал талапкерлери
Байден, Харрис жана демократтардын ыктымал талапкерлери

Айрым талдоочулар Харрис жана башка ыктымал талапкерлердин ортосунда “кичи праймериз” уюштурулушу мүмкүн деп боолголошот. Бирок аны ишке ашыруу механизми так аныкталган эмес.

Дагы бир сценарийге ылайык, үмүткөрлөр курултайда өз программаларын сунуш кылып, делегаттар алардын арасынан талапкерди тандашы мүмкүн.

Албетте, Харрис демократ үмүткөрлөрдүн арасында фаворит катары аталып келатат.

Тарыхчы, Жорж Вашингтон университетинин саясат таануу боюнча профессору Мэтью Даллектин айтымында, Харрис Байден экөө буга чейин шайлоо кампаниясы учурунда чогулткан каражатты колдоно алат:

“Камала Харристи бир нече себептерден улам биринчи орундан алып түшүрүү кыйын болот. Аны Байден колдоду, шайлоо кампаниясынын инфраструктасын жана каражатын пайдалана алат. Төрт жыл вице-президент кызматын аркалады. Менимче, демократтарга алгачкы афроамерикалык вице-президентти европеоид расасындагы эркек кишиге алмаштыруу оңойго турбайт”.

Харрис Калифорния штатынын мурдагы башкы прокурору. Саясатчы аборт укугун жигердүү коргоп келатат. Талдоочулар бул тема демократтардын үгүтүндө негизгилерден болорун айтышат.

Республикачылар демократтарды мыйзамсыз миграция кризиси үчүн күнөөлөп келатышат. Бул жагынан Харрис катуу сынга кабылары күтүлүүдө. Анткени Байден миграция көйгөйү менен алектенүүнү вице-президентине тапшырган. Ошол эле маалда азыркы администрациянын соңку чараларынын арты менен менен акыркы кезде Мексика тараптан келген мыйзамсыз мигранттардын агымы кескин азайганы кабарланып келет.

Демократтардын башка ыктымал талапкерлери арасында Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом, Мичигандын губернатору Гретчен Уитмер, Иллинойстун губернатору Жей Роберт Прицкер аталып келатат.

Республикачылардын реакциясы

Республикачылар лагерине келсек, экс-президент Трамп TRUTH социалдык тармагында жазган постунда Байденди “өлкө тарыхындагы эң начар президент” деп сыпаттады.

Республикачылардын талапкери Дональд Трамп
Республикачылардын талапкери Дональд Трамп

Аны менен чогуу шайлоого аттанган вице-президенттикке талапкер Жей Ди Вэнс Камала Харристи да сындады:

“Жо Байден мен көргөн эң начар президент болчу, Камала Харрис аны кадам сайын коштоп келди. Акыркы төрт жылда Байдендин ачык чек ара, турак жайлардын, азык-түлүктүн кымбатташына алып келген жашыл энергетика деген көз боемо саясатын чогуу жүргүзүп келди. Ал дагы ийгиликсиз саясат үчүн жооптуу. Ал төрт жыл бою Байдендин менталдык саламаттыгы тууралуу калп айтып келди”.

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы жетекчилер Байдендин тандоосун урматтай турганын, Америка эли өз келечегин өзү чечерин айтып жатышат.

Байден менен Трамп мындан төрт жыл мурун, 2020-жылдагы шайлоодо атаандаш болгон.

Ага чейин, 2016-жылы көпчүлүк вице-президенттердей эле жогорку кызмат үчүн ат салышууну көздөгөнү менен партиялаштары мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонго мүмкүнчүлүк берүүгө көндүрүшкөн. Айрым талдоочулар ал азыркыга чейин ошол чечимине өкүнөрүн айтышат. Клинтон ал жылы Трампка утулуп калган.

XS
SM
MD
LG