Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:40

Жакынкы Чыгыш: Хуситтердин дрон чабуулу, Израилдин Йеменге соккусу


Ходейда портуна урулган соккудан кийин. Йемен, 20-июль, 2024-жыл
Ходейда портуна урулган соккудан кийин. Йемен, 20-июль, 2024-жыл

Дем алышта Жакынкы Чыгышта жаңжал күчөдү. Йемендеги хуситтер жекшембиде эртең менен Израилдин Эйлат курортуна баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Израил абадан коргоо системасы дүрмөттөрдү атып түшүргөнүн билдирди. Абал ишембиге караган түнү топ Тел-Авивди бутага алгандан кийин курчуп кетти.

Израил F-15 истребителдери менен Ходейда портундагы аскердик буталарга жапырт чабуул койду

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Йемендин хуситтер көзөмөлдөгөн Ходейда портуна урулган соккуну согушкерлердин башкалаага койгон чабуулуна жооп чара деп атады. Тел-Авивди көздөй учурулган дрондон 50 жаштагы бир киши набыт болуп, бири нечеси жабыркаган.

Йемендин түндүк бөлүгүн өзүнө кайтарып алган "Ансар Алла" радикал тобу Израилдин борбор шаарына сокку урганын моюнга алды. Алар буга чейин да Иранда жасалган пилотсуз учактарды Израил тарапка учуруп келген, бирок ал өлкөнүн аскерлери дрондорду атып түшүрчү. Бул ирет жабдыктын башкалаага тийгенин армия өкүлдөрү адамдык фактор менен түшүндүрүштү.

Ходейда портунда соккудан кийинки өрт. Йемен, 20-июль, 2024-жыл
Ходейда портунда соккудан кийинки өрт. Йемен, 20-июль, 2024-жыл

ЦАХАЛдын басма соз катчысы Даниел Хагари билдиргендей, “хуситтердин 9 айдан бери уланып келаткан тынымсыз аба соккуларынан кийин F-15 истребителдери Кызыл деңиздеги Ходейда портунун районундагы аскердик буталарга жапырт чабуул койду”:

"Ирандын буйругу менен хуситтер ондогон кемеге чабуул коюп, глобалдык деңиз маршрутуна зыян келтирди. Хуситтердин Иран башкарган жана каржылаган террордук аракети кемелердин эркин каттоосуна, региондогу портторго, Суэц каналына жана дүйнөлүк соодага залакасын тийгизип келатат. Бүгүн Израилдин армиясы өз алдынча сокку урду. Согушкер топтун террорчулуганан жапа чеккен башка өлкөлөр биригет деп күтөбүз. Бул эл аралык коомчулуктун орток кызыкчылыгына дал келет".

Хусит жоочуларынын карамагындагы Санаа өкмөтү Израил жээкке жакын жердеги мунай сакталган жайларга жана электростанцияга сокку урганын билдирди. Согушкер топко жакын кабар агенттиктери үч киши каза болгонун, 80ден ашууну жараат алганын маалымдашты.

Хуситтердин өкулү Мохаммад Абдусалам портко урулган авиа соккуларды “Израилдин Йеменге каршы агрессиясы” деп сыпаттады:

"Йемендеги хуситтердин куралдуу күчтөрү ишенимдүү жетекчилиги астында жана эркин Йемен эли, кесепеттерге жана натыйжасына карабай, Газадагы бир туугандарыбызды колдоо операциясын улантат. Алар жараткандын жардамы менен агрессия, блокада, Газадагы палестин элине каршы кылмыштар токтомоюнча, бул душманга каршы узак согушка даярданууда.

Йемендеги хуситтер соода кемелерин бутага алып келатат

Газадагы согуш башталгандан бери хуситтер Йемендин жээгин бойлой бараткан кемелерди бутага алып келатат. Кызыл деңиз жана ал жердеги Баб-эл-Мандеб кысыгы аркылуу дүйнөдөгү соода кеме кыймылынын 12% өтөт, жүктүн 30% ташылат.

Хуситтер бутага алган соода кемеси. Кызыл деңиз, 27-январь, 2024-жыл
Хуситтер бутага алган соода кемеси. Кызыл деңиз, 27-январь, 2024-жыл

Көптөгөн кемелер коопсуздуктан улам ошол тилкени кыйгап, Африканы айланган башка жолдорду тандоого аракеттенүүдө. Муну менен Европа менен Азия ортосунда жүк ташуу кыйла жай болуп калды, артынан дүйнөлүк рынокто баалар көтөрүлдү.

Хуситтер Израилге байланышы бар кемелерди гана аткылаганын, муну менен Газадагы операция үчүн өч алганын айтканы менен башка кемелер да кол салууларга туш болууда.

Алсак, январда америкалык танкерлерге сокку урулгандан кийин АКШ, Британия жана Еврошаркет йемендик хуситтерге каршы деңиз операциясын баштаган.

17-январда Кошмо Штаттар хуситтерди “Глобалдык террордук топтордун” тизмесине киргизген.

Ал арада Ливандын мамлекеттик медиасы жекшембиде түн ичинде израилдик аскерлер “Хезболла” уюмунун курал кампасына сокку урганын кабарлашты.

Газада согуш башталган 7-октябрдан бери топ чек арада Израилдин армиясы менен дээрлик күн сайын аткылашып келатат.

Ишембиде “Хезболла” жана ХАМАС (АКШ менен Еврошаркетте террордук деп табылган) уюму Израилдеги позицияларга ракетадан жана дрондордон сокку урганын AP агенттиги жазды.

Газанын өзүндө ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттыкты сактоо мекемеси билдиргендей, уруш тутангандан бери каза болгон палестиналыктардын саны 38983кө жетти, 89727 киши жараат алды, ишембиден жекшембиге чейин 64 киши набыт болду.

7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй киши каза тапкан, 250дөй кишини согушкерлер анклавга барымтага алып кеткен. Дем алыштарда өткөн демонстрациянын катышуучулары Израилдин бийлигин барымтадагы жакындарын бошотууну камсыздоого дагы бир жолу чакырышты.

XS
SM
MD
LG