Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Ош: Базарды көчүрүүгө каршы соодагерлер үч күндөн бери чогулууда

Ошто соодагерлер нааразылыкка чыкты. 21-июль, 2024-жыл

Ош шаарында сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүгө каршы соодагерлер үч күндөн бери чогулуп жатышат. Кечээ 100дөй ишкер нааразылык акциясына да чыгышкан.

Бүгүн, 22-июлда да Ош мэри Бакыт Жетигенов баштаган жетекчилер базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер менен жолугуп жатат. Анда соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрдү калтырып туруу жана базарды көчүрүү убактысын узартуу талабын айтышууда.

Ош мэри көпүрөлөрдүн баары алынарын, соодагерлер жаңы базарга 1-2 айдын ичинде көчүшү керек экенин түшүндүрүүдө.

“Бир ай болобу, бир жарым ай болобу, шарт түзүп беребиз, анан баарыбыз жакшынакай көчөбүз. Ак-Бууранын жээги баары тазаланат. Башынан аягына чейин оңдолот”, - деди мэр.

Соодагерлер жаңы базар салынуучу жер ыңгайсыз экенин айтып, каршы болушууда. Мэрия имаратынын сыртында дагы жүздөгөн соодагерлер чогулуп турат.

Ош шаарында сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып соодагерлер үч күндөн бери чогулуп жатышат.

Ал тапта Ош шаарында жаңы салынуучу муниципалдык базар Осмонов көчөсүндөгү “Мегаполис” соода борборунун маңдайындагы жерге курулат. Мэриянын кабарлашынча, базар эки ай аралыгында бүтөт. Ага чейин азыркы базар иштеп турат.

Соодагерлердин акциясы

21-июлда 100дөй ишкер нааразылык акциясына чыгып, сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранышты. Алар базарды жылдырууга каршы эмес экенин айтышып, сезон учурунда бир-эки ай ошол жерде иштеп турууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүштү.

Акцияга чыккандар “Элдин үнүн уккула!”, “Президент Жапаров, элдин үнүн угуңуз!” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Соодагерлер алгач борбордук базарга чогулуп, андан кийин Ош мэриясынын имаратына барышты. Алар 20-июлда дагы көчөгө чыгышкан. Базарды жылдырууга каршы эместигин, сезон учурунда бир-эки ай ошол жерде иштеп турууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүштү. Соодагерлердин бири Мээрим Тойчубекова:

“Камчыбек Ташиев келди, базар жабылсын жылдырылсын деп мэрге тапшырма берди. Бирок бардык шарты менен базар курасыңар деген. Эми бүгүн базарга кирген жолдорду, көпүрөлөрдү жаап салып жатат. Эки айда жыйым-терим кылып алат элек. Азыр эми бизди базарга киргизбей жатат. Жаңы базар курула турган жерин да көрүп келдик, ээн талаа экен. Эки ай убакыт болсо, ага чейин мэрия да жаңы базарын түптөп алса, анан жылдырып кетсе болот эле да”, - деди.

“Базарга азыр кирсеңиз эч ким жок. Жарыкты өчрүп салышкан. Ал жакка кирип барчу жолдор да жабык турат да. Биз эптеп өзүбуз кирип алган менен эч кандай аларман жок. Бизди ушул жагынан кысып жатат”, - деди соодагер Айжаркын Жороева.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Ушундан кийин Ош мэриясы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлө турганын билдирген. 19-июнда шаар башчысы Бакытбек Жетигенов базар көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыккан. Маалыматта айтылгандай, базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилген.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ушул аптада Ош шаарында селден жабыркагандарга жолугуп, борбордук базар башка жерге көчүрүлө турганын билдирген.

“Ош шаарын иретке келтиребиз. Мына Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги базарды башка жакка жылдырабыз. Ош шаарынын мэри турат. Эки айда сентябрь айынын этегинде бүтөсүз. Биз мындай кылбасак болбойт. Кайра дагы суу келиши мүмкүн даЮ мына дарыянын жээгинде турат. Эч ким эч нерсе айта албайт. Бул жерде 50 метр аралык дагы сакталышы керек. Бул жер болгону жол болгон. Ошол жолдун үстүнө эле базар курулуп калган. Эми мындай болбойт”,- деди Ташиев.

Оштун вице-мэри Замир Юсупов "Азаттыкка" билдиргендей, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Келечекте дагы сел же башка кырсыктарды болтурбоо үчүн көпүрөлөр алынып, базар жылдырылат.

Азыр жабыркагандар компенсация жана камсыздандыруу маселеси чечилеби деп суроо салып жатышат.

"Бир туугандарым бар. Мамлекет дагы жардам берет деген үмүттөмүн. Сентябрга чейин башпаанек кылып алып, кышка камынышым керек да", - 14-июлдагы сел Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынын тургуну Гүлбара Абдразакованын жети бөлмөлүү үйү, жайкы ашканасы жана мал сарайына кирип, жарактан чыгарган.

Ош: Селдин чыгымы эсептелүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00

Бул үй-бүлө Орусияда миграцияда 30 жылдан ашык иштеп жүрүп тапкан мээнетин бир күндө сууга алдырып жиберди. Ал күнү Абдразакова баласы жана неберелери менен керектүү документтерди гана алып чыкканга араң үлгүргөн экен.

"Мына, үйүбүздү өзүбүздүн бешене терибиз менен салган үй эле. Абышкам экөөбүз тең мектепте мугалимбиз. Мугалимдин тапканын өзүңүздөр билесиздер, кичинеден топтоп салганбыз. Анан бул жакта дагы эки бөлмөлүү үйүбүз бар. Муну балдарым Орусияда иштеп жүрүп салган үй. Муну курганыбызга төрт эле жыл болду. Биздин үйүбүзгө эки жактан сел келип, үйдүн биринчи тарабынан кирип, экинчи жагынан чыгып кетти. Үй жараксыз абалга келди. Жертөлө сууга толду. Буюмдарыбыздан эч нерсе калган жок. Азыр тамак кылып жегенге да жерибиз калган жок".

Оштогу селдин кесепети (сүрөт баян)

Селге аккандарды издөө учуру  
1/30 Селге аккандарды издөө учуру  
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Селге аккан унаасынын жанында турган киши. Ош шаары.  
2/30 Селге аккан унаасынын жанында турган киши. Ош шаары.  
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Оштогу борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланып жатат.
3/30 Оштогу борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланып жатат.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып,жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды сууп каптап, көпчүлүк соодагерлердин товарлары сууга аккан. 
4/30 Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып,жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды сууп каптап, көпчүлүк соодагерлердин товарлары сууга аккан. 
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Сел сууга толгон Ак-Буура. 
5/30 Сел сууга толгон Ак-Буура. 
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Оштогу борбордук базар селден кийин. 
6/30 Оштогу борбордук базар селден кийин. 
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы үч айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) зыян тарткан.
7/30 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы үч айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) зыян тарткан.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Ош шаары боюнча, болжол менен 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Маалыматка караганда, борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Ош шаардык мэриясы маалыматтар дагы такталып жатканын кошумчалады.
8/30 Ош шаары боюнча, болжол менен 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Маалыматка караганда, борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Ош шаардык мэриясы маалыматтар дагы такталып жатканын кошумчалады.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
<div>
<div>Жолдорду жана соода түйүндөрүн сел менен кошо агып келген ылайдан, таштандылардан тазалоо иштерине 300гө жакын муниципалдык, коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тартылган.</div>
</div>
9/30
Жолдорду жана соода түйүндөрүн сел менен кошо агып келген ылайдан, таштандылардан тазалоо иштерине 300гө жакын муниципалдык, коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тартылган.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Ош шаары.&nbsp;
10/30 Ош шаары. 

Катуу сел беш кишини агызып кетип, төртөөнүн сөөгү табылды. Бир аял изделип жатат. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. Баарынын тең сөөгү табылды.
11/30 Катуу сел беш кишини агызып кетип, төртөөнүн сөөгү табылды. Бир аял изделип жатат. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. Баарынын тең сөөгү табылды.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Сел каптаган базардын абалы.&nbsp;
12/30 Сел каптаган базардын абалы. 
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Ош шаарынын борбордук базарында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаганын мэриядан кабарлашты.&nbsp;
13/30 Ош шаарынын борбордук базарында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаганын мэриядан кабарлашты. 
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Ош шаарындагы сел каптаган базар.&nbsp;
14/30 Ош шаарындагы сел каптаган базар. 
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
15/30

16/30 Ош шаары. 

Чыгымга учураган соодагерлер.&nbsp;
17/30 Чыгымга учураган соодагерлер. 
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
ӨКМдин кызматкерлери, жоокерлер сел каптаган үйлөрдү тазалап жатат.&nbsp;
18/30 ӨКМдин кызматкерлери, жоокерлер сел каптаган үйлөрдү тазалап жатат. 
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
19/30

20/30

&nbsp;
21/30  

22/30  

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, сууга аккан беш киши Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткен.
23/30 Шаардык мэриянын маалыматына караганда, сууга аккан беш киши Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткен.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
24/30

25/30

Ош шаарынын Катта-Терек участкасындагы Ак-Буура дарыясынан сел агызып кеткендерди издеп жаткан ӨКМ кызматкери.&nbsp;
26/30 Ош шаарынын Катта-Терек участкасындагы Ак-Буура дарыясынан сел агызып кеткендерди издеп жаткан ӨКМ кызматкери. 
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.<br />
<br />
Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.
27/30 Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан&nbsp; 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды жана алардын ондон ашууну балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Буга чейинки болгон селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.
28/30 Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан  20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды жана алардын ондон ашууну балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Буга чейинки болгон селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
The situation after the flood in Osh - July 15, 2024
29/30 The situation after the flood in Osh - July 15, 2024
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
&nbsp;14-июль, 2024-жыл
30/30  14-июль, 2024-жыл
14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу каптады. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кетти. Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен.
Артка
Алдыга

Абдразакова бир короодо үч бүлө жашаган турак жайын мамлекеттик камсыздандыруудан өткөргөн экен. Тийиштүү кызматка барып үйү жашоого жараксыз болуп калганы тууралуу арызын жазып келген.

"Камсыздандыруу иштери качан башталган болсо, ошол жылдан бери үйлөрдү камсыздандырып келебиз. Биз айыл жеринде жашагандыктан жылына 650 сомдон чыгымын төлөп, дүмүрчөгүн алып жүргөнбүз. Эми суранып кетет элем, ушул үйүбүздү кайрадан тургузуп беришке жардам беришсе".

Мамлекеттик камсыздандыруу кызматы сел жүргөн аймактарда иш алып барып жатканын билдирди. Азырынча алардын жашоого жараксыз деген тизмесине 22 үй кирген. Турак жайын камсыздандыргандарга айыл жеринде 500 миң сом, шаарда 1 миллион сомго чейин жардам берилери айтылууда.

"Биринчи өздөрүнүн билдирүүсүн жазат. Анан камсыздандыруу полисин көрсөтөт. Ошонун негизинде үйдүн техникалык паспортун алып келишсе болду. Биз калган документтерин түзүп, өткөзүп Бишкекке жөнөтөбүз. Ал жактан карап, кайтарымсыз акча бөлүп беришет. Бул жерде мындай: айыл жеринде жылына 600 сомдон төлөшөт. 600 сомду биз 500 миң сомго кепилдик алабыз. бул жерде полго 10 пайыз, дубалга дубалга 15 пайыз, шыбактарга деп бөлүнөт. Канчалык кырсыкка учураган болсо, биз ошого жараша төлөп бере алабыз", - деди Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош филиалынын башчысынын жардамчысы Аскарбек Маматов.

Анын билдиришинче, ушул тапта облус боюнча 23 513 үй камсыздандырылган. Бул жалпы аймактагы турак жайлардын 10 пайызын түзөт. Жергиликтүү бийлик селден жабыр тарткан тургундарга ар тараптуу жардам берилип жатканын, чыгымдарды эсептөө үчүн түзүлгөн комиссия да иштеп жатканын билдирди. Чыгымдар азыр толук эсептелип бүтө элек.

"ӨКМ жардам берип жатат. Эл өзү дагы жардам берүүдө. Бүгүнкү күндө миңден ашуун мамлекеттик кызматкерлер иштеп жатат. Эл да жардам берген үчүн жумуш жакшы кетип жатат. Мамлекет тарабынан жардам берилгени - ошол жерде жумушчу топ түзүлүп иш журүп жатканы. техниканын иштеп атканы. Бүгүнкү күндө оперативдүү иштер жүрүп жатат. А материалдык чыгымды комиссия изилдеп чыккандан кийин, жогорку комиссияга берилет. Ал жактан ким кандай жабыр тарткан ошого жараша берилет. Калгандарын мамлекет дагы карап турбайт. Жардам берип жатат. Дагы жардам берет", - деген маалымат берди президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди. Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго комиссия түзүп, текшерүү тапшырмасы берилгенин айтты.

“Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем”. Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүшү керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле”.

Куржундар
XS
SM
MD
LG