Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:34

"Устаранын мизиндеги" улут тагдыры. Туура багыт канткенде аныкталат?


Көч байсалдуу болсун. Жыргалбек Касаболотов тарткан сүрөттөр
Көч байсалдуу болсун. Жыргалбек Касаболотов тарткан сүрөттөр

Улут (мамлекет) тагдыры “устаранын мизинде” турган кезде адамзат көчүнүн чаӊында калбай, өзөктүү нарк-насилибизди сактап, уӊгулуу багытыбызды кантип туура аныктайбыз?

Ат-Башынын Босого жайлоосунда өткөрүлгөн "Кыргыз көчү" этнофестивалынан кийинки ойлор.

Эзелкинин элеси

Кыргызстандын туш тарабынан эле эмес, кошуна казак туугандар менен башка өлкөлөрдөн да меймандар катышкан бул фестивалга жергиликтүү элдин колдоосу менен уюштуруучулар катуу эле даярданыптыр.

Атчан, төөчөн журт которгон көчтү аземин белгилүү киноактер Догдурбек Кыдыралиев сыяктуу өнөр адамдары театралдаштырып жакшы көрсөтүштү.

Бийик тоонун койнундагы кенен, жайык конушту бойлото тигилген боз үйлөрдө көчмөн элдин тиричилик маданиятын чагылдырган жасалга, буюм-тайымдын баары өзүнчө эле этнографиялык чоң музейдин көркүн ачкыдай.

Мукам ыр-күү жаӊырып, улуттук оюндар ойнолуп, майрам шаӊдуу болду.

Шырдак, туш кийиз, идиш-аяк, кийим-кече, зер жана башка сонундар...

“Жайсаӊ деген ырчысы

Жалаӊ үйдүн борумун

Жарым күнү ырдаган”, – деп “Манаста” айтылгандай, ар бир буюмдун түркүмү эле өзүнчө узун сабак сөз кылууга арзыйт.

Эт-сүт азыктарын эзелки ыкмада эле эмес, жаӊыча, заманбап түрдө да келиштире даярдап, орому менен каптамын жарашыктуу кылгандар көбөйүп жатыптыр.

Мергенчинин мылтыгы, аска-зоодо кийип жүрөр кийими, оттугу, бычагы, башка шаймандары, эл четинде, жоо бетинде турган илгерки баатырлардын соот, чарайна, кемер, жаа, саадак, кылыч, калкан, найза ж.б. курал-жарагы, ат жабдыктары...

Тери, мүйүз, жүн, жыгач, темир, күмүш, жез жана башка материалдардан жасалган түркүн кооз буюмдар...

Мунун баары алыс-жууктан келген туристтерди да кызыктырат. Тоолуу жергебизди, тиричилик маданиятыбызды, каада-салтыбызды көргүсү келген чет өлкөлүктөр үчүн жетиштүү шарт түзө билсек, коктунун баарын коӊторо берген кен казгычтарды жолотпой, экологияны сактоо менен экономикалык пайда көрүү мүмкүнчүлүгү чоӊ экен.

Мейкиндик менен мезгилдеги көч

Париж олимпиадасына аттанган спортчуларга бата берүү аземи да таасирдүү болду. Улуу кыргыз каганаты кыйрагандан кийин кылымдар бою эӊсеген эгемендигине жеткен элибиз эми дүйнө өлкөлөрү менен түз мамиле куруп, келечегине өзү кам көргөн кез.

"Элүү жылда эл жаңы" деп илгери айтылса, азыр 10-15 жылда эле өтө чоӊ өзгөрүүлөр байкалат. “Кыргыз көчү” түшүнүгүн мейкиндиктеги журт которууга эле байлап койбостон, элдин, улуттун тарыхый мезгилдеги өзгөрүү, өсүп-өнүгүү жолуна көбүрөөк маани берүү зарылдыгы улам даана сезилип баратат.

Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык алаканын түрдүү жолдору аныкталып калды, эми мунун баарын кыраакылык менен баамдап-туюп, ар тарабынан талдап, утурумдук тар мүдөөлөр менен чектелбей, арканды узун таштоо – алысын ойлоп иш кылуу керек.

Глобалдашуу шарында өзүбүздү жоготпой, адамзат көчүнүн чаӊында калбай, уӊгулуу багытыбыздан адашпайлы десек, биринчи кезекте билим менен илимге, бийик маданиятка маани беришибиз абзел. Ырас, бабалардан калган жерибиз кооз, көлүбүз – көрктүү деӊиз, сууларыбыз кимди болбосун суктандырат. Бирок туризмдин ириде медицинага, билим-илимге тиешелүү багыттарын өнүктүрбөсөк болбойт.

Улуттук өнөрдү дүйнөлүк классика менен эриш-аркак тутумдаштырып, зээндүү, таланттуу балдарга, жаштарга бардык жерде кенен жол ачуу зарыл. Сыйдын алды, байгенин чоӊу илим, техника жаатында ийгиликке жеткендерге, аларды таптап чыккан устаттарга ыйгарылышы керек.

Ал эми спорттун улуттук жана олимпиадалык гана түрлөрүн сүрөп, эрежесиз эр уруш сыяктуу уу-дуулуу нерселерди акыркы орунга койгон оӊ.

(Айтмакчы, Ат-Башыга барып келген жолдо калемдештер Жыргалбек Касаболотов жана Аскер Сакыбаева менен ушул маселелер тууралуу да сүйлөштүк)

Шырдактар – байыркыдан таберик
Шырдактар – байыркыдан таберик

Уӊгу жана ууч

Геосаясаттын ырайы жазгы күндөй улам өзгөрүлүп, эртеӊ эмне болуп кетерин болжолдоо кыйындап барат. Удургуткан уу-дууга алдырбай, ууч узартар иштин удулун тапсак, Чыгыш менен Батыштын, салттуулук менен жаӊычылдыктын, кеӊ пейилдүүлүк менен укукчул мамиленин бир түйүнгө тогошор кези келди.

Калктын саны, коомдук аӊ-сезимдин жана маданияттын деӊгээли кескин өзгөрүп жаткан чакта дин менен элдик салт-санааны, адилеттик менен мыйзамдуулук түшүнүгүн карама-каршы койбой, ийкемдүү айкалыштыра алабызбы?..

Тарыхый өнүгүү жолубуздагы өзгөчө учурга келдик. Бизде эле эмес, улут (мамлекет) куруу жагынан көп кылымдык тажрыйбасы бар, өнүккөн өлкөлөрдө да чоӊ өзгөрүүлөр болууда. Самюэль Хантингтон сыяктуу билермандар каӊкуулаган цивилизациялар кагылышуусу бизге канчалык оор таасир этиши мүмкүн? Же мунаса кылуунун ийкемдүү жолдору табылабы?..

Геосаясий уюлдашуу (полярдашуу), өркөнияттык (цивилизациялык) ажырымга ашыкча басым жасалып жаткан азыркы кезде бир чектен каршы чекке кескин ооп кеткен инерциянын эпкинин жөнгө салып, багытыбызды түздөй алсак жакшы болмок. Азыркы тапта биз үчүн демократиядан авторитаризмге карай “үрккөн” маанай айрыкча кооптуу болуп турат.

Макаланы жазган Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG