Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттик диктатор Гитлерге каршы чыккан немистер да арбын болгон. Ал эми гитлердик чөйрөнүн ичинен анын көзүн тазалоо боюнча майнапсыз аяктаган ири далаалат 1944-жылы 20-июлда жасалган. Тарыхчынын блогу.
Антифашист немистер арбын болгон
Өзүнүн баскынчыл дымактары менен Экинчи дүйнөлүк согушту таңуулаган нацисттик лидер Адолф Гитлерге каршы күрөшкөн немис тектүү инсандар тарыхта белгилүү.
Алардын арасында саясатчылар да, илимпоздор да, көркөм өнөр өкүлдөрү да, карапайым атуулдар да болгон.
Германдык коммунисттердин эрки майышпаган жетекчиси Эрнст Телман (Ernst Thälmann; 16.4.1886, Гамбург — 18.8.1944, Бухенвальд абагы) тууралуу жамы журт жакшы билет.
Немис тектүү советтик чалгынчы Рихард Зорге (Richard Sorge; 04.10.1895, Сабунчу, Бакы үйөзү, падышалык Орусия –– 07.11.1944, Токио абагы, Жапония) тууралуу көркөм тасмалар да бар.
Немис жазуучусу, драматургу, театр ишмери жана акыны Бертолд Брехт (Eugen Berthold Friedrich Brecht, 10.2.1898, Аугсбург — 14.8.1956, Берлин) тээ 1930-жылдардын башында “Фашизм күч алганда” деген ырында германдык социал-демократтарды коммунисттер менен “бирдиктүү кызыл майдан” түзүүгө жана нацисттерге каршы биргелешип күрөшүүгө чакырган.
Немис жазуучусу Эрих Мария Ремарк (Erich Maria Remarque, төрөлгөндөгү ысымы Эрих Паул Ремарк / Erich Paul Remark; 22.6.1898, Оснабрүк — 25.9.1970, Локарно) мырза 1929-жылы жарыялаган “Батыштагы майданда эч өзгөрүү жок” деп аталган жана согушка каршы маанайы менен даңазалуу болгон роман жана башка анын чыгармалары 1933-жылы нацисттер Германияда бийликке келгенден кийин бул өлкөдө расмий өрттөлгөн.
1938-жылы нацисттер Ремарктын германдык жарандыгын жокко чыгарышкан, ал эми 1943-жылы 16-декабрда нацисттер анын кенже карындашы Элфрида Шолц айымды согушка каршы жана Гитлерди сындаган сөздөрү үчүн өлүм жазасына тартышкан.
Ал эми немис тектүү ырчы жана киноактриса Марлен Дитрих (Marie Magdalene "Marlene" Dietrich; 27.12.1901, Берлин — 06.05.1992, Париж) айым 1930-жылдардын экинчи жарымында германдык нацисттердин өтө зор көлөмдөгү акыга байланган киного тартылуу сунушун четке каккан. 1943-жылы март айында Марлен Дитрих актёрдук ишмердигин убактылуу токтотуп, Батыштагы антифашисттик өнөктөштөрдүн аскерлери үчүн Түндүк Африкада, Италияда жана Францияда үч жыл бою ырааттуу концерт берген.
Айрым карапайым немис тектүү жоокерлер 1941-жылы 22-июнга караган түнү чек арадан мыйзамсыз өтүп келип, советтик аскер жетекчилерин “нацисттик аскерлер мына-мына кол салган жатышат” деп эскертүү далаалаттарын жасашкандыгын мурдараак жазган элек.
Экинчи дүйнөлүк согуштун жылдарында гитлердик режим антифашисттик кыймылдын теги немис болгон 77 миңге жакын катышуучусун өлүм жазасына тарткан, жүз миңдеген мындай антифашист жарандар концлагерлерде жана түрмөлөрдө азап чегишкен.
Нацисттик Германиянын куралдуу күчтөрүнөн (“Вермахт”) ыктыяры менен качып келип, советтик партизандардын катарында гитлерчилерге каршы айыгыша согушкан немистердин чыгаан өкүлү –– Фриц Ганс Вернер Шменкел (Fritz Hans Werner Schmenkel; 14.2.1916 — 22.2.1944) мырзанын эрдигин совет тарыхнаамасында Фриц Паул Шменкел (Fritz Paul Schmenkel) деген ысым менен чагылдырышкан. Ал нацисттер тарабынан туткундалган соң, Минск шаарында нацисттик аскер соту тарабынан өлүм жазасына тартылган.
Германдык жаштардын ичинен “Ак роза” жана “Эделвейс деңиз каракчылары” аттуу жана башка жашыруун топторду түзүп, ырааттуу антифашисттик иш-аракет жүргүзгөндөр да маалым.
Андан тышкары нацисттик түшүнүктү ирээнжүү менен кабыл алып, бирок аргасыздан аскер кызматын өтөөгө барган жана согушка саботаж кылган немистер дагы болгон.
Нацисттик “бөрү ийининдеги” жиктелүү
А.Гитлердин улутчул социалисттик идеологиясына жана Батыш Европадагы алгачкы согуштук ийгиликтерине шерденген жана нацисттик жеңишке ишенген далай немис аскер төбөлдөрү жана ак сөөктөрү 1942–1943-жылдардан тартып бул нацисттик режимдин туруктуулугунан шектене башташкан.
Өзгөчө Чыгыштагы кан майданда – Сталинград шаары жана анын айланасы үчүн салгылашта гитлердик режимдин ири жеңилишке учурашы нацисттик аскер жетекчилигинде Адолф Гитлердин өзүнө каршы кутум маанайын күч алдыра берген.
Албетте, Гитлерге каршы маанайдын ээлеринин бардыгын тең эле антифашисттик маанайда болгон, деп аңдоого болбойт. Антигитлердик кутумчулардын айрым өкүлдөрү Адолф Гитлердин көзүн тазалап, бирок нацисттик мамлекеттин 1944-жылга карата басып алган аймактарын сактап калууга ынтызар болушкан.
Ошондуктан алардын иш-аракетин “бөрү ийининдеги ички жиктелүү” деп баалоого болот.
Аларга мезгилдеш эле антифашисттик маанайга көчкөн немис аскер төбөлдөрү да көбөйө берген.
Сталинграддагы жана Түндүк Африкадагы нацисттер үчүн майнапсыз аяктаган согуш аракеттеринен соң, нацисттик кутумчулар жана нацисттердин катарында туруп, бул режимди кулатууну эңсегендер Адолф Гитлерди өлтүрүү үчүн далаалаттарды жаңыча ыкмада жүзөгө ашырмакчы болушкан.
Эми алар Гитлер жана анын түздөн-түз шериктери катышкан ири жыйынды же иш-чараны бутага албастан, Гитлер өзү эле катышаары ыктымал болгон чакан жолугушууларды да кутум жайы катары мерчемге алууну чечишкен.
Гитлердин саясатынын Германия үчүн ойрондоткуч мүнөзүн кечирээк аңдап, кутум аркылуу анын бийлигине биротоло чек коюуга далалат кылган нацисттик аткаминерлер жана азганактай либерал аскер төбөлдөрү, негизинен, нацисттик Германиянын куралдуу күчтөрүндө жана тышкы иштер министрлигинде иштегендерден куралган.
Мамлекеттик төңкөрүш аркылуу Гитлерди бийликтен оодаруу үчүн алар 1943- жана 1944-жылдары майнапсыз далаалат жасашкан.
Алардын өзгөчө кеңири белгилүүсү –– “Валкирия” деп аталган жана 1944-жылдын 20-июлунда майнапсыз жүзөгө ашырылган Гитлердин өмүрүнө кол салуу аракети болгон.
80 жыл илгерки кутумчу төбөлдөр. Фридрих Олбрихт жана Клаус фон Штауффенберг
Мындан 80 жыл илгерки ири кутумду уюштуруучулардын бири –– Клаус Филипп Мария Шенк фон Штауффенберг (Claus Philipp Maria Schenk Graf von Stauffenberg, 15.11.1907, Йеттинген — 21.7.1944, Берлин) аттуу граф жана аскер кызматчысы болгон.
Бул аскер кызматчысынын ишмердигин көкөлөтүп же төмөн түшүрүп баалоонун кажети жок. Тээ 1939–1940-жылдары, нацисттик Германия Полшанын жана Франциянын оодук бөлүктөрүн каратып алган кезде, Клаус фон Штауффенберг нацисттик мамлекеттин аскердик жеңиштерине шыктанган жана маашырланган учурлар болгонун жашыра албайбыз.
Тарыхчы Волфганг Бенц (Wolfgang Benz) таасын айткандай, фон Штауффенберг сыяктуу кээ бир кутумчулар жөөттөргө каршы уюштурулган “Холокост” тукум курут саясаты жана башка адамзатка каршы германдык нацисттик кылмыштар жаатында кайдыгер мамиледе болушкан.
Бирок кутумчулардын арасында тээ 1938-жылы Гитлердин Чехословакияга кол салышына жана башка европалык согуш аракеттерине каршы болгон жана өлкөнү кайрадан тынч жаа демократиялуу мамлекетке айлантууну көздөгөн айрым либерал кол башчылар да болгон.
Алардын бири – жөө аскер генералы Фридрих Олбрихт (Friedrich Olbricht, 4.10.1888, Лайсниг — 21.7.1944, Берлин) Вермахттын Кургактыктагы аскерлеринин башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын 1940-жылдан бери аркалап келген. Бул аскер төбөлү резервдеги (ооруктагы) аскер күчтөрүн да башкарган. 1941-жылы анын уулу Клаус Чыгыш майданында окко учкан соң, анын антинацисттик көз карашы ого бетер бекемделген.
Ал 1942-жылдан тартып “Валкирия” деп аталган кутум амалын белендей баштаган. “Валкирия” (Valkyrja) деп байыркы скандинавдар (викингдер) канаттуу аргымакка минген баатыр кызды аташкан. Бул соот жана туулгачан баатыр кыз (Один деген кудайдын кызы) согушта курман болгондордун эң мыктыларын асмандагы “бейиш жайга” (“Валхалла”) алып кетүү тууралуу чечим кабыл алган, делет.
Ал эми “Валкирия” амалын жүзөгө ашырууга беленденгендердин бир даары А.Гитлердин көзүн тазалаган соң, германдык нацисттик партиянын аскерлешкен тобу болгон Эс-Эс (SS, Schutzstaffel – “күзөт кошуундары”) тандалма тобун талкалоону жана жалпы жарандык көтөрүлүш аркылуу нацисттик режимди ойрон кылууну, дүйнө өлкөлөрү менен тынчтык келишимине жетишүүнү көздөшкөн.
Кутумчулардын бири – Клаус фон Штауффенберг Түндүк Африкадагы согуш майданында германдык нацисттердин тарабында салгылашкан. Мында “Вермахттын” аскер топтору ири жеңилүүгө учурап, 200 миңдей нацисттик жоокер Батыштагы антифашисттик өнөктөштөр тарабынан колго түшүрүлгөн. Бирок фон Штауффенберг ошол окуялардан бир аз мурдараак эле оор жаракат алып, бир көзүнөн, оң колунан жана сол колунун эки манжасынан айрылган. Аны Германияга дарыланууга жөнөтүшкөн соң, Түндүк Африкадагы алиги ири жеңилиш орун алган.
Вермахттын бул офицери 1942-жылдан тартып нацисттик идеялардан көңүлү кайта баштаган жана 1943-жылы күзүндө кутумчулар тарабына өтүп кеткен. Ал түгүл Клаус фон Штауффенберг өзү Гитлерди жардыруу жолу менен өлтүрүү амалын түздөн-түз жүзөгө ашырууга макулдук берген.
1944-жылы 1-июлда Клаус фон Штауффенберг полковник аскер даражасын алган жана нацисттик резервдеги (ооруктагы) армиянын штабынын башчысы болуп дайындалган. Анын жетекчиси – жөө аскер генералы Фридрих Олбрихт болчу.
Жаңы кызмат фон Штауффенберг үчүн Адолф Гитлер катыша турган олуттуу аскердик отурумдарга катышууга мүмкүнчүлүк ачкан.
20-июлда фон Штауффенберг Адолф Гитлер өзү катыша турган жайда – нацисттик куралдуу күчтөрдүн Башкы командачылыгынын Растенбург шаарынын жанындагы талаа шартындагы аскер ордосунда болмок жана ал чогулушта атайын баяндама жасамак.
“Бөрү ийининдеги” жардыруу чын эле орун алган
Чыгыш Пруссиядагы Растенбург (Rastenburg; азыркы тапта Польшага караштуу Кентшин / Kętrzyn) шаарынын чет жакасындагы Гөрлиц токоюнда (Forst Görlitz) жайгашкан Гитлердин башкы аскердик ордо жайы 1941-жылдын 21-июнунан 1944-жылдын 20-ноябрына чейин германдык нацисттик жетекчиликтин Чыгыш майданы боюнча аскердик буйруктар жана көрсөтмөлөр чыгарылып турган маанилүү талаа кеңсеси кызматын аткарган.
Бул аскер ордо жайын “Бөрү ийини” (“Wolfsschanze” / “Волфсшанце”) деп атап коюшчу. Маалыматка караганда, Гитлер “Бөрү ийинин” 1944-жылы 10-ноябрда эле кеткен, бирок дагы он күндөй бул жай аскер башчылары тарабынан аскер ордосу катары колдонула берген. Бул тымызын аскер ордо жайы Кызыл армияга 1945-жылдын башында гана маалым болгон.
20-июлда таңкы саат 8:00де фон Штауффенберг Берлинден учак менен учуп чыгып, көз узабай Чыгыш Пруссиядагы “Бөрү ийинине” келген. Анын бир портфелинде аскердик баяндамасы, экинчисинде – эки жардыргыч зат болгон. Ал эки жардыргычтык бирин гана жардыруу абалына кошууга жетишкен.
Клаус фон Штауффенберг жардыргыч зат салынган портфелди чоң үстөлдүн астына, Гитлер отураары күтүлгөн орунга өтө жакын коюп, “кайра келем” деген шылтоо сөзүн айтып, имараттан чыгып кеткен.
20-июлда түшкү саат 12:42де жардыруу жүзөгө ашырылган. Чогулушта отурган 24 кишинин төртөө дароо набыт кеткен, бирок... Гитлер өзү аман калган. Анын колу көгала болгон, кулак тарсылдактары жарылып, кулагынан кан агып, денеси сыйрылган.
Дал ушул тымызын аскер ордо жайында башталган дүрбөлөңдөн соң Берлинде айрым кутум аракеттери жүзөгө ашырылган. Париж шаарында дагы “Гитлер өлдү” деген алгачкы жалган кабарга ишенген кутумчулар генерал Карл-Генрих фон Штүлпнагел (Karl-Heinrich von Stülpnagel; 2.1.1886 — 30.8.1944) мырзанын жетекчилиги менен мындагы жетекчи эс-эсчилерди бир нече саатка камакка алууга жетишкен.
Катаал жазалоолор
Бирок Гитлердин тирүү калгандыгы жөнүндөгү кабар Берлиндеги бир катар кутумчуларды дендароо кылып салган. Аларды чет-четинен камай башташкан. Айрым ок атышып, каршылык кылуу учурлары да болгон.
21-июлга караган алгачкы саатта Олбрихт, фон Штауффенберг жана башка башкы кутумчулар атуу жолу менен өлүм жазасына тартылышкан.
Кутумчулардын бири, генерал Хеннинг фон Тресков (Henning Hermann Robert Karl von Tresckow; 10.1.1901, Вартенберг чарбагы, Магдебург — 21.7.1944, Острув жергеси, Белостоктун айланасы, Польша) өзүн согуш талаасында курман болгондой кылып көрсөтүш үчүн чыгыштагы кан майдан тилкесине жакын келип, граната менен өзүн өзү жардырган. Анын өз бала-чакасын сактап калуу үчүн жасаган бул амалы ачылып, нацисттер генерал фон Тресковдун кичи мекенинде жерге берилген сөөгүн кайра казышып, Заксенхаузен концлагеринде өрттөп салышкан.
8-августта, Гитлердин буйругуна ылайык, айрым колбашчылар Плөтцензее абагында роялдын сымына астырылып өлтүрүлгөн.
Кутумга эч тийешеси болбогон, бирок көз карашы либералыраак көрүнгөн далай аткаминерлер жана аскер кызматчылары дагы орто жолдо эс-эсчилер тарабынан аёосуз жазалоого кириптер болушкан.
Кутум тарыхы – эстутумда
20-июлдагы Гитлерге каршы кол салуу далаалаты майнапсыз аяктагандыгына карабастан, анын тарыхый мааниси зор болгон.
Германиянын коомчулугу гана эмес, дүйнө калктары дагы “Адолф Гитлерди жалпы немис улуту колдойт” деген нацисттик үгүттүн жалгандыгына дагы бир жолу күбө болушкан.
Дүйнөдө немистердин арасында антигитлердик жана антифашисттик маанай күчөп бара жаткандыгы жөнүндө түшүнүк ого бетер бекемдеген.
Экинчи дүйнөлүк согуштан соң 1944-жылдын 20-июлундагы окуялар тууралуу ар кыл илимий изилдөөлөр, публицисттик эмгектер, көркөм тасмалар байма-бай жарыяланып келди.
Маселен, 2008-жылы режиссёр Брайан Сингер “Валкирия” (“Valkyrie”) көркөм тасмасын жаратты. Анда айтылуу өнөрпоз Том Круз мырза башкы кейипкердин – фон Штауффенбергдин ролун аткарган.
20-июлдагы бул кутум аракетинин айрым жетекчилеринин ысымдары музейлердеги экспонаттар аркылуу шардана кылынууда. Кутумчулардын кээ бирлеринин ысымдары бүгүнкү демократиялык Германиядагы көчөлөргө же башка маданий жайларга каарман инсан өрнөгү катары ыйгарылды.
Бул кутумдун дагы бир өңүтү – ар кандай диктаторлордун режимине каршы кубаттуу күрөш сөзсүз эле сырткарыдан эмес, ошол диктатор өкүм жүргүзгөн коомдун ичинен эле чыгышы мүмкүн экендигин, айрым учурларда режимдеги либералыраак күчтөр диктаторго каршы чечкиндүү көтөрүлүш башташы ыктымалдыгын таасын айгинелегендигинде.
Мурдагы гитлерчилер – Гитлерге жана нацизмге каршы көтөрүлгөн, мурдагы сталинчилер – тоталитаризмге жана сталиндик жеке керт башка сыйынууга каршы үгүт жүргүзгөн, мурдагы полпотчулар – кызыл кхмер тирандыгына каршы чыккан, мурдагы чаушескучулар – анын режимин ойрон кылган күрөш жүргүзгөн жана башка мисалдар соңку жаңы тарыхта бир нече ондоп саналат.
Айтылуу акын жана ойчул Арстанбек Буйлаш уулунун “эл менен сен – бийиксиң, элден чыксаң – кийиксиң” деген керемет сөзү дүйнөдөгү ар эл, ар өлкө үчүн өзгөчө баалуу.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.