Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Ооганстанга күйөөсүн издеп барган келин


Иллюстрациялык сүрөт. Ооганстан
Иллюстрациялык сүрөт. Ооганстан

Ооганстанда урушта жүргөн күйөөсүн издеп барган зайыптын эки жылдык өмүрү үзүлбөгөн үмүт менен өттү. Мунун баарын Санта (Зуурабү) Маметова даректүү баянында сүрөттөп берген. Кырчындай жигиттердин өмүрүн алган ооган согушун эстеген сайын Сантанын көзүнөн жаш куюлат. 

Кырчын жигиттерди ажалга айдаган Брежнев

Ооганстандагы уруш он жылга созулган, аны 1979-жылы генсек Леонид Брежнев баштап, он жылдан кийин Михаил Горбачёв бүтүргөн. Совет мамлекетинин кыйрап калышына ооган согушу негиз болгонун изилдөөчүлөр айтып жүрүшөт. Санта согуш эмне экенин, кантип башталып, качан аяктарын билчү эмес.

Каалап чыккан күйөөсү Абайды (Ибайдилла) бир күнү аскерге алып кетишти, кыйладан кийин андан "биз БАМдабыз" деген кат келген. Анысы Байкал-Амур темир жол курулушу, акча таап келейин деген активдүү жаштар барган жер болчу. Комсомолдор дегени менен тайгадагы темир жол курулушуна абакта жаткандар, аскер курулушуна тартылгандар, иши кылып, иши кыйын, акчасы дурус эле. Санта күйөөсү кайда барганын билгенден баштап райондук аскер комиссарынан райком катчысына чейин кире берип баарын тажатып, чоңдорго таанымал болуп калган. Анан бир күнү Абай ага "Кушкага келе аласыңбы?" деп кат жазыптыр. Сибирдин кутурган итти байласа тургус суук жерине караганда түркмөндүн Кушкасы жакын эмеспи, издеп атып картадан таап алды. Аны менен эле тим болбой эч кимге билдирбей даярдана баштады.

"А кезде интернет деген кайда? Телевизор да чанда эле жандарда болчу эле. Айлыгымды жыйнап, бир топ кылып койгон элем. Картаны алып бардык багыттарды сызып план түзүп катуу даярданып, өзүмдүн ата-энеме, тууган-уругума, кайын журтум, агаларыма, атүгүл досторго да айтпай Фергана, Самарканд, Бухара, Навоиге, иши кылса, Красноводскийдин поезди менен жөнөп кеттим.

Кайнатам ыраматылык өтө жакшы көрчү мени. Ошол атама ичим ачышып кат жаздым да, эшикке кыстарып коюп, таң сүрө үйдөн чыгып кеттим. Ыйлап бара жаттым. Өзүмдүн атам менен апама да кат жазып, почтадан салып жиберген элем. Ууртумдан сүтүм кете элек, жыйырмага чыга элек кезимде узак сапарга жалгыз Абайды издеп, Кушкага, болгондо да Ооганстанга жөнөп кеттим".

Абайдын артынан Ооганстанга барышты ойлоно баштаганда ал жерден кайтамбы-кайтпай каламбы деп айылына барган. Ата-энеси, бир туугандары менен боор батырышып, кетерде шек-шыбаасын билдирбей жакындарын көзү тойгончо карады. Географиядан сабак берген Шеркул агайына абдан ыраазы болду, картаны үйрөтүп койгону жакшы болгон экен. Марыга чейин үч сутка жол жүрүү керектигин Охнадан чыга электе билип алган. Таңкы бештеги автобуска отуруп тобокел кылып жолго чыкты.

Көздөгөн жери Кушкага бир суткада бир эле автобус кетип, ал жерге визасыз билет сатпайт экен. Биринчи тоскоолдук ошол Марыдан башталды.

Кассир: - Визаңыз барбы? - деп сураса таң калдым. Союзда эркин жүргөн жаным, келмем оозума келбей туруп калдым. Чындыгында поездге, автобуска да ушул жерден белет сатылат экен, жергиликтүү эл, учёту барлар, визасыз билет алып жатышты. Мага берилбейт экен. – Виза алып келиңиз! - дешти.

- Жергиликтүү органдарга кайрылыңыз! - деп жол-жобосун түшүндүргөн болду кассир аял. Ошончо документтердин баарын тактап, эч кандай каршылык болбойт деп келген мен ызамдан ыйлап жибердим. Эмненин кесепетинен экени дайынсыз, бирок бажы көзөмөлү катуу текшерип жаткандыгын айтышты. Ооганстан жөнүндө эч ким ооз ачпады. Кушка менен чектеш экенин картадан билген элем, бирок эч маалымат жок эле менде. Автобустун айдоочулары мени караманча албайбыз дешти. Кушканын автобусуна чыккандарды жалдырап карап туруп калдым.

Эми виза алам деп милиция бөлүмүнө бардым, иши кылса Марыда үч сутка жүрдүм, кирбеген эшигим, суранбаган адамым калбады. Милиция да бере албайт, себеби мага Кушкадан чакыруу телеграмма керек экен. Же телефон номур жок сүйлөшө койгонго. Азыркы учур болгондо тез бүтүрсө болот эле да".

"Атың жакшы акчабай..."

Марыда конуп-түнөп жүрүп милициянын бөлүм башчысы Олег деген түркмөн жигит менен таанышып, ал "акча берсең айдоочуларга сүйлөшүп салып коём" деди. Сүйүнгөнүн айтпа, союздун акчасы ошондо ишке жарап, 150 рубль менен сегиз күн дегенде Кушкага жетти.

Жакшы адамдар негизи көп, издеп барган кишилерин да оңой эле таап, Мария апайга барса, ал Абайлар Гератка кетишкенин, бүгүн-эртең келип калат деп күтүп атышканын айтса сүйүнгөнү! Алыстан келген мейманды эс алсын деп жаткырып коюшкан, эртең менен ойгонсо үй толо адам. Алары жолдун алыстыгына карабай күйөөсүн издеп келген кыргыз келинди көрөлү деп келген коңшу-колоңдору экен. Сүйлөшө келсе казактардын тили тааныш болгону менен түркмөндүкүн түшүнүш кыйыныраак болду.

Кушкада ар улуттун өкүлдөрүнүн ынтымак жашаганы Сантага, аскердик шаарчадагыларга алыскы Кыргызстандан күйөөсүн изден келген мейман кызык көрүндү. Абайлар Ооганстанга жеткирчү жүгүн таштап Кушкага келишиптир. Анысын Санта уга элек болчу. Аскердик бөлүктөгүлөр аны "Махарашвили" деп коюшкан. Канмайданда жүргөн уулун табайын деп көрбөгөнү көр болгон грузин карыянын кинодогу элеси баарынын эсинде бекем сакталып калган окшойт, аны Сантага эч ойлонбой берип коюшпадыбы.

Абайлар келгенден кийин той түшүп эле калды. Дасторконун жайнаткан Пахырмамед ата оогандан келген түркмөндөрдөн экен, чек ара жабылып, туулган жерине баралбай Кушкада туруп калыптыр. Баарынын тилеги канмайданга катышкандар аман болсо экен, согуш эртерээк бүтсө экен болду. Толкунданган Абай "Менин Махарашвилим, Сантам" десе отургандар кол чаап ийишти. Кийин Абай аялына "ата-энемин казабына чыдабай кетип калабы" деп ойлогонун, минтип келип калат деп күтпөгөнүн айтты. Санта кетип калганын укса "өзүмдү атып таштайт болчумун" дейт. Сантанын ой-тилеги Абайым аман болсо эле болчу. Непадам, минтип арзып келген адамына ок жаңылып курман болуп калса "кара жолтой келин" деп коюшмак. Өңгөсү өңгө, "энем эле тытып жесе керек" деп коркуп жүрчү. Күн алыс аскердик бөлүккө барып күйөөсүнүн дарек-дайынын сурайт, "груз 200" дегенди поюзга жүктөп атканын укса күчүн ыйдан чыгарышат. Кайсы шордууну какшаттың экен, ооган!

"Азыркы биздин кыргыз аялдары кийген кара кийимди 1980-жылы мен Оогандын аялдары кийгенин көргөн элем, эркектери шалбар, ыштан менен узун көйнөк кийип жүрүшкөнүн, азыр кара кийгендерди көрсөм азар боюм тик турат, ыйманы жоктор, жамандык чакырган деп капа болом. Ошол кездеги эки жылга жеткен күндөрүм өмүрүмдөгү эң кайгылуу, бирок эсте каларлык жакшы да күндөрүм болгон бекен билбейм, менин ушул кезге чейин жүлүнүмдү зырылдаткан окуяларды эстесем жаза албай көзүмдөн жаш токтобойт. Эч качан согуш болбосунчу!".

Санта аскердик бөлүктөгү балдарды көргөндө зээни аябай кейийт. Бир жолу Ислам деген азербайжан жигит "биздин сүйгөндөрүбүз сизге окшоп ушул жерге келишсе гана, сизге таазим" деп атпайбы.

Ый

Каш-кирпиги төгүлгөн Исламдын сөөгү төрт айдан кийин туулган жерине жөнөтүлдү. Ислам менен өтө ынак болуп, аскер мөөнөтү бүтсө үйлөнөбүз деп жүрүшкөн Аккүл канмайдандан курман болгондордун сөөгү жүктөлгөн поюз ымырттыкка жутулуп кеткенче шаарчадагы кыздар менен солкулдап ыйлап турду. Ошондой кайгылуу күндөрдүн биринде КППдагы бир орус жигит:

- Силерге неге керек, алар жок эми келбейт, күтпөгүлө! - десе болобу. Менин жүрөгүм оозума тыгылып, аба жетпей баратты.
- Кандай алар эми келбейт деп жатасың, алар эми ошол жакта служба кылабы? - десем: - Ой жок, аларды душмандар талкалап, өрттөп жибериптир, тью-тью их нету больше! - дейт камырабай. Мен асманга учкандай эле айланам айланкөчөк болуп бара жатат, Нури дегенимди билем, өзүмдү жоготуп койдум. Көзүмдү ачсам ооруканада жатам. Нури бозоруп ыйлап отурат жанымда. Нури деп ыйладым өксүп". - Абайлар баары өлүп калган тура, мен кандай кылам", - деп ыйлай бердим.

Бир убакта бир күч келип, ордумдан атып туруп сыртка атып чыктым...

Узун коридордо чыңырып ыйлап бара жатам, алдымдагы солдаттар каякка деп колдорун жаят. – Абай өлбөйт, ал мени алдабайт, барам ошол Кандагарына, таап келем деп бакырып ыйлап жатам. Нури жетип кармап калды, Санта, ал өлгөндөр Абайлар эмес экен, десе уккум келбей, башымды чайкап ыйлайм өкүрүп. Бир маалда баягы офицер келип колуман кармап кучактап алып: - Извините, я не правильно сказал, оказывается душманы уничтожили не 13 колонну, а Урал 66той, - дейт".

Душман Урал-66 колоннасын жок кылыптыр, Абайлар ошол күнү келишти. Ый менен күлкү аралашкан андай учурлар эсинде калыптыр. Ооган СССРге карабаса эмненин кыйыны келди экен Брежневге деп капа болот. Канча чырактай балдардын сөөгү келди үйүнө, канчалаган ата-эненин сай-сөөгү сыздап кайгы жутушту.

Анан бир күнү булар уктап жатканда Кушканын үстүнөн бар тарабы жарык чачкан бир нерсе жай каалгып Ооганстан тарапка жылып баратыптыр. Чек ара аскерлеринин прожекторлору асманды жаркытып, сиреналар уңулдап, заматтын ичинде шаарчадагылардын келмеси оозунан түшүп, иттер каңшылап, калаты көрүнүштү ар ким өзүнчө жоруп тим болушту.

Абайлар аскердик сырды ачыштан коркуп канча жоокер набыт болгонун айтышчу эмес. Санта жапжаш балдарды ажалга айдап кирген чоңдорго нааразы болчу. Бирин-бири аянбай кырган эки тараптын жырткычтыгына өзү деле күбө болду.

Бир жолу тааныш жоокер "Эти душманы убивали наших" деп тартма жащиктен "сакалы сапсайган адамдардын баштарын" көрсөтүп атпайбы, алар "көздөрү акырайып мени өлтүргөнү келгендей, оңурайып карап турушкан экен".

Миңдеген жообу жок суроолор көөдөнүнө кадалган ок болду. Азыр өзү да ошондогу кубатына, чыдамкайлыгына, эркинин бекемдигине ишенбей кетет, баарын ыйлап-сыктап көтөрдү, андан башка айласы да жок эле. Душман болсо да адамдын башын кестирткен СССР башчысы Брежневди өлгүдөй жек көрүп, жерине келгиче толгон азаптарды башынан кечирди.

Мына азыр өмүрдүн кыйласын жашап койгон кезинде Кушканы, ошондогу көздөрү муңдуу жапжаш аскерлерди, оор жарадар болуп уруштан аман чыккан Абайын, ооган жарасы айыга электе тутанган Баткендеги уруштан каза тапкан Абайын эстейт.

"Жыйырма үч жылдан бери Абайсыз жашаганыма, беш баламды Абайсыз багып катарга кошконума, балдарды багуу үчүн Орусияга кетип орустун туш келген жумушун жасап, өз эл-жеримден, балдарымдан безип талаада өткөн өмүрүмө өксүп кетем. Абайым тирүү болгондо кандай жашоо болмок, мен да бактылуулар катарында жаштыгыма суктанып жашамак белем же деп ойлоп калам. Абай жаш, кайраттуу кезинде Мекенге керек экен, атуулдук кызматын абийирдүүлүк менен аткарып келди.

Авганец деп, Ош-Өзгөн, Баткен согуштарына барып, окко төшүн тосуп жүрдү. Акыркы демин, өмүрүн Баткенге берди. Жыйырма үч жылда бир жолу жоокердин аялы беш балаңды кантип өстүрүп жатасың деп өкмөт да эстебеди! Мен да таарындым, өкмөттүн, Ооган, Баткен согушунун ардагерлер жетекчилерине өтө таарындым.

Ооба, Авгандан өлтүрбөй сактап келген Абайым эми колубуз оозубузга жетип нан таап берип, балдардын бактысын көрөрдө каза болду. Менин бир этек чычкандай балдарым менен көргөн күндөрүм Кушкадагы азаптуу күндөрүмдөн да кыйын эле болду. Беш баланын окуусу, тамак-ашы, кийим-кечеси, күнүмдүк жашоолору мен үчүн иттей кыйынчылык болду, өтө-өтө кыйын күндөр болду чыдадым, баары жокко бардаш бердим. Жашоого наалып ыйласам балдарыма кандай таасир берет деп тиштенип тирилик кылдым. Эл жатканда, эч ким жокто ичим бошогончо жаздыкты оозума басып алып аурам чыкканча өкүрүп ыйлап алар элем".

Ушундай тагдыр. Балдары эрезеге жетип, тириглик түйшүгүнөн азыноолок бошогондон бери Санта – Зуурабү Маметова көңүлүнө тынчтык бербеген ойлорун кагазга түшүрүп, жан сырын калам менен бөлүшүп, убакты-саатынын кыйласын жазуу үстөлүндө өткөрүп жүргөн кези.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG