Израилдин армиясы менен "Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн жоочулар тобу жана саясий партия) бири-бирин ракеталар менен аткылоону күчөттү.
Баткен облусунун уюшулганына 25 жыл толду. 1999-жылы Зардалы айылы аркылуу "Өзбекстан Ислам кыймылынын" (Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган) жоочулары мамлекеттик чек араны бастырып кирип, 50дөн ашык аскер октон ажал тапкан окуядан кийин облусту түзүү чечими кабыл алынган.
Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү сунушуна пикирин билдирди.
Оштун Ноокат районундагы медреседеги өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин кармалган 16 жаштагы шектүү абакта кыйноого кабылганы айтылды. Милиция бул маалыматты четке какты.
АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) 5-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо "террордук чабуул" уюштурууну пландаган ооган жараны камакка алганын кабарлады. Бул аракет "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук уюмунун Батыш үчүн коркунучу күчөп баратканын айгинелейт.
Кыргызстандык Азамат Украинадагы согушта жаракат алып, аскердик госпиталда дарыланып жаткан жеринен "Азаттык" менен байланышты. Ал соңку бир айда эки ирет жарадар болуп, ага карабай кандуу кармашка кайра-кайра жиберилген. Азамат эки ай мурун орус абагынан согушка айдалган.
Украина Одесса аймагында соңку эки күндө Орусиянын чабуулдарынан кеминде 13 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди. Өлкө президенти Владимир Зеленский Жеңиш планын Европадагы өнөктөштөрү менен талкуулап жатат.
Адабият боюнча Нобел сыйлыгына бул жылы түштүк кореялык жазуучу Хан Ган татыды. Хан Ган жана анын чыгармачылыгы тууралуу кыргыз окурмандарына эмне белгилүү?
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин айрым окутуучулары, профессорлору окуу жайдын ректору Алпаслан Жейландын экинчи мөөнөткө келип иштөөсүнө каршы чыгууда.
10-октябрдын кечинде Бишкекте мурдагы бизнес өнөктөштөр ортосундагы чыр өлүм менен аяктады. Кандуу жаңжалда Кыргызстандагы таанымал спортсмендердин, бокс машыктыруучуларынын аттары аталып жатат.
Дагы жүктөңүз