Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Бишкек: Ок атышуу менен коштолгон териштирүүдө киши өлдү


10-октябрдын кечинде Бишкекте мурдагы бизнес өнөктөштөр ортосундагы жаңжал өлүм менен аяктады. Кандуу жаңжалда Кыргызстандагы белгилүү спортсмендердин, бокс машыктыруучуларынын аттары аталып жатат.

Окуядан бир жума мурда камактан чыккан белгилүү бокс калысы Мукаш Ырсалиев өлгөнү, ал эми машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиев жаракат алганы айтылууда.

Милициянын маалыматы

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, окуя 10-октябрда Бишкектин 7-кичи районунда болгон. Ы.М. жана Н.Ж. аттуу эки жарандын ортосунда финансылык пикир келишпестиктер болгону, ошол себептен Н.Ж. жана С.Э. иштеген машыгуу залына Ы.М. курал менен барып, дооматтарын койгону, өзүнө катталган “Сайга” мергенчилик мылтыгы менен Н.Жга ок чыгарганы маалымдалган.

"Алдын ала маалыматтарга ылайык, Ы. М. жана Н.Ж. ортосунда финансылык келишпестиктер болуп, ошол себептен Ы.М, Н.Ж жана С.Э. иштеген 7-кичи районунда жайгашкан машыгуу залына келген. Алгачкы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Ы. М. аттуу жаран Н.Ж. иштеген жумушуна келип, ага өз дооматтарын койгон. Андан кийин атайлап өзүнө катталган "Сайга" мергенчилик мылтыгы менен Н.Ж. аттуу жарандын курсагына ок чыгарган. Андан соң, кол салган Ы.М. аттуу жаран, кайра атуу үчүн ага каршы багытталган мылтыктын стволун алып салуу максатында аны менен күрөшүп кирген С.Э. аттуу жарандын бутуна аткан.
Бул коргоонунун жүрүшүндө кол салган Ы.М. аттуу жарандын өзүнүн башына кокустан ок атылып, ошол жерден каза болгон" деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш ишин козгоду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 11-октябрда Бишкекте бокс боюнча машыгуу залында ок атуудан жаракат алып ооруканага түшкөн эки бейтаптын абалы тууралуу маалымат берди.

Министрлик С.Э. аттуу адам Клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатканын, операциядан кийин абалы оор экенин билдирди. Анын санына ок тийген. Экинчи Н.Ж. аттуу кишинин ичине жана көкүрөгүнө ок тийген. Операция жасалып абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Каза болгон киши Эл аралык бокс ассоциациясынын үч жылдыз даражасындагы калысы Мукаш Ырсалиев, жараат алган Н.Ж. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын ага машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев экени айтылууда.

Жылдызбек Ниязалиев Мукаш Ырсалиевге каршы арызданган

Быйыл июнь айында Жылдызбек Ниязалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жолдоп, “Жунхай” базарынын маңдайындагы 8 сотых жери талашка түшүп жатканын айтып жардам сураган жана Мукаш Ырсалиевдин атын атаган.

Ошондон көп өтпөй Мукаш Ырсалиев кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет быйыл 15-июлда буларды маалымдаган:

"Тактап айтканда, Н.Ж. аттуу жаран 2010-жылы насыя алып, тендердин жыйынтыгы менен курулуш базарын уюштуруу үчүн «Жунхай» базарынын жанындагы 8,5 сотых жер тилкени сатып алган. Тергөөнүн жүрүшүндө Ы.М. уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышта болуп, алдоо жолу менен ишенимге кирип, укук белгилөөчү документтерди алып, Уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып, "Береке" базарын Н.Ж. аттуу жарандан мыйзамсыз тартып алган. Ошондой эле ал, криминалдык авторитет менен туугандык байланышы бар экендигин айтып ар дайым коркутуп келген. Ал эми Н.Ж. насыя боюнча пайыздарды төлөй албай, турак-жайынан ажырап, толук кандуу жашоо үчүн дээрлик каражаты жана мүмкүнчүлүгү жок калган. Мындан улам, мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча Н.Ж. укук коргоо органдарына кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.Чогултулган материалдардын негизинде көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ы.М. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды".

Ошондой эле атайын кызмат 13-августта тараткан дагы бир маалыматында мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы бир адам кармалганын билдирген.

“Тактап айтканда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурда кармалган Ы.М. аттуу жаран, Ж.Ы. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, анын уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин бири Э.Мамбеталиев менен туугандык байланышы бар болуп, Н.Ж. аттуу жарандан коркутуу жолу менен укук белгилөөчү документтерди алып, Уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып, "Дордой" СБКнын аймагында жайгашкан "Береке" базарын мыйзамсыз тартып алышкан. Аталган адамдар Н.Ж. аттуу жаранды, эгер ал базарды талап кылууну токтотпосо же укук коргоо органдарына кайрылса, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутушкан. Ошондой эле бул базардан түшкөн кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду колдоого жана кылмыштуу аракеттерди уюштурууга жумшалганы аныкталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, чогултулган материалдардын негизинде Ж.Ы. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды” деп маалымат тараткан атайын кызмат 13-августта.

Бирок камакка алынган Мукаш Ырсалиевди жакындары жана адвокаты Бишкекте маалымат жыйынын уюштуруп, ал рейдерликке, алдамчылыкка жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышта болууга негизсиз айыпталып жатканын айтышкан. Алар кармоо мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн билдиришкен.

Юрист Анатолий Сафонов Ырсалиев менен арыз ээси Жылдызбек Ниязалиев мурдатан тааныш болгонун, алар классташтар экенин жана ИИМдин атайын күчтөрүндө бирге кызмат өтөшкөнүн белгилеген.

"2014-жылы Ырсалиев Ниязалиевден "Джунхай" мини-базарынын жанындагы сегиз сотых жерде жайгашкан контейнерлерди сатып алган. Сатуу-сатып алуу келишими түзүлүп, Кыргыз Республикасынын МКК тарабынан белгиленген тартипте нотариалдык каттоодон өткөн. Жарым жылдан кийин Ырсалиев бул контейнерлер турган участокту сатып алган. Ниязалиев бул бүтүмдөр үчүн 600 миң доллардан ашык акча алган", - деген Сафонов Бишкектеги маалымат жыйынында.

Мукаш Ырсалиев абактан кандайча чыккан?

Мукаш Ырсалиев камактан бир апта мурда чыкканы белгилүү болду. Ал 4-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен эч жакка чыкпоо тил каты аркылуу тергөө абагынан бошотулган. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы 11-октябрда кабарлады. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Райондук соттун маалыматына ылайык, Мукаш Ырсалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) 1-бөлүгү – өзгөчө ири өлчөмдөгү аладамчылык менен айып тагылып, 12-июлда 9-сентябрга чейин камакка алынган. Кийин анын камактагы мөөнөтү 9-октябрга чейин узартылган.

4-октябрда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчисинин токтому менен Мукаш Ырсалиевге козголгон кылмыш иши кылмыштын курамы жок деген негиз менен токтотулган.

Тергөө тобунун башчысы ушул эле күнү башка токтому менен Мукаш Ырсалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) 3-бөлүгү менен кылмыш ишин ачкан. Башкача айтканда ага ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча кине тагылып, анча оор эмес кылмыш жасаган деген айып коюлган. Атайын кызматтын тергөөчүсү Мукаш Ырсалиев анча оор эмес кылмышка шек саналып жатканын, ушундан улам бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотуна өтүнүч берип, ал канааттандырылган.

Ырсалиев менен Ниязалиев ким?

54 жаштагы Мукаш Ырсалиев - IBA бокс уюмунун экстра-класстагы рефери. Ысык-Көл облусунда туулган. 1987-жылы Бишкектеги спорттук интернатта билим алган. Өспүрүмдөр жана жаштар арасында бокс боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгон. Бокс боюнча спорттун чебери. 2008-жылдардан баштап бокс боюнча мелдештерде калыс катары иштеп баштаган. Андан бери Азия, Европа чемпионаттарында дагы калыс болуп келген. Айрым маалыматтар боюнча Ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрүндө кызмат өтөп, милициянын ардагерлеринин коомдук бирикмесинде мүчө болгон.

Жылдызбек Ниязалиев – спорт чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Орзубек Назаровдун залында машыктыруучу болуп иштеп келгени белгилүү. 2021-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын улук машыктыруучу экенин билдирген. Ал бир катар мелдештерде мыкты машыктыруучу наамын жеңген.

XS
SM
MD
LG