Абактагы Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө кайрылып, банк кутучаларындагы акча боюнча үн катууну суранды.
Европа кеңешинин консультациялык органы болгон Венеция комиссиясы кыргыз өкмөтүн "чет элдик өкүл" деп аталып жүргөн мыйзамды артка кайтарууга чакырды.
Кыргызстандагы “Эсимде” изилдөө аянтчасы үч күндүк "Посткоммунисттик Борбор Азия - ой жүгүртүү мейкиндиги" конференциясын өткөрүп жатат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген тарыхчылар, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер катышты.
Фейсбукка жарыяланган посту үчүн айыпталып, кармалган Тариел Ботбаевге Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 26-сентябрда өкүм чыгарганы белгилүү болду. Соттон ырасташкандай, ага 120 миң сом айып салынган.
Калыс Москвада жети жыл такси айдаган. Бир нече ай мурда кардарынан баңгизат табылганда, полиция Калысты да камакка алган. Ал "Азаттыкка" автоунаасынан баңгизат табылган учурду видеого тартып, өзүн кылмыш ишинен куткарып калганын жана тергөө бөлүмүндө кыйноого кабылганын айтты.
Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди үч жылга абакка кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Адистердин айтымында, соңку жылдары омуртка оорусуна чалдыккандар көбөйгөн. Буга эмне себеп болууда? Туура эмес жашоо таризиби же турмуш кыйынчылыгыбы?
Жогорку Кеңештин соңку жыйындарынын биринде Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевге сын-доомат айтылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16-октябрда саат 22:00гө берген маалыматына караганда, эки күн мурда Чаткалдагы Ак-Сай ашуусундагы кар көчкүдөн улам кар алдында калганы айтылып, дайынсыз болуп жаткан алты адам изделүүдө.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ага жек-жаат, туугандарга байланган партиялар катышууда.
Кыргыз бийлиги бейиттин үстүнө эстелик тургузууну мыйзам жолу менен тыйгысы келет. Буга чейин маркумду узатуудагы ысырапкорчулукту тыюу тууралуу жарлык чыккан.
Дагы жүктөңүз