Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Ага айыптоо актысы убагында жазуу түрүндө берилбегендиктен, жараян 14-октябрга жылган.
АКШ трансулуттук баңгизат соодасынын маанилүү көзүрү деп таанып, “кара тизмеге” киргизген, кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын күч органдарынын кармоо операциясында жок кылынганына бир жыл болду.
Израилдин армиясы менен "Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн жоочулар тобу жана саясий партия) бири-бирин ракеталар менен аткылоону күчөттү.
Баткен облусунун уюшулганына 25 жыл толду. 1999-жылы Зардалы айылы аркылуу "Өзбекстан Ислам кыймылынын" (Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган) жоочулары мамлекеттик чек араны бастырып кирип, 50дөн ашык аскер октон ажал тапкан окуядан кийин облусту түзүү чечими кабыл алынган.
Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү сунушуна пикирин билдирди.
Оштун Ноокат районундагы медреседеги өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин кармалган 16 жаштагы шектүү абакта кыйноого кабылганы айтылды. Милиция бул маалыматты четке какты.
АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) 5-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо "террордук чабуул" уюштурууну пландаган ооган жараны камакка алганын кабарлады. Бул аракет "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук уюмунун Батыш үчүн коркунучу күчөп баратканын айгинелейт.
Кыргызстандык Азамат Украинадагы согушта жаракат алып, аскердик госпиталда дарыланып жаткан жеринен "Азаттык" менен байланышты. Ал соңку бир айда эки ирет жарадар болуп, ага карабай кандуу кармашка кайра-кайра жиберилген. Азамат эки ай мурун орус абагынан согушка айдалган.
Украина Одесса аймагында соңку эки күндө Орусиянын чабуулдарынан кеминде 13 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди. Өлкө президенти Владимир Зеленский Жеңиш планын Европадагы өнөктөштөрү менен талкуулап жатат.
Дагы жүктөңүз