Түркиянын Билим берүү министрлиги тарых боюнча окуу китептеринде жана тарых сабактарында чөлкөм аталышы болгон “Орто Азия” сөзүнүн ордуна тарыхый “Түркстан” топонимин колдонуу тууралуу чечти. Бул чечимге ичи бышпагандар да жок эмес. Албетте, аны кадыресе көрүнүш катары колдоого алгандар да бар. Тарыхчынын блогу.
Түркиядагы окуу китептер үчүн жер-суу аталышы боюнча жаңы сунуш
2024-жылдын жазында (30-апрелде) эле Түркиянын Билим берүү министрлиги алдыдагы окуу жылга карата тарых сабагынын жадыбалы боюнча айрым өзгөртүүлөр долбоорун шардана кылган.
Бул долбоордук сунуштарга ылайык айрым географиялык жана башка терминдер да алмаштырылмакчы болгон. Алардын бири – учурда колдонулуп жаткан “Орто Азия” (түркчө: “Orta Asya”) топоними.
Азыркы күндөргө чейин постсоветтик Борбордук Азия чөлкөмүн туюнтуп жаткан бул географиялык аталышты тарыхый “Түркстан” (түркчө: “Türkistan”) деген аталышка кайтаруу сунушу ошондо эле айтылган. Айтмакчы, бул түркчө (“Türkistan”) аталыштагы “i” тыбышы – катары менен келген төрт үнсүз тыбыштан (rkst) качуунун да ыкмасы болуп саналат.
Түркиядагы жаңы 2024–25-окуу жылындагы тарых сабагы боюнча окуу жадыбалына жана тартибине (“куррикулум”) дал ушул “Түркстан” (“Türkistan”) деген аталыш чөлкөмдүк аталыш катары киргизилгендиги жөнүндөгү кабарлар үстүбүздөгү аптада бул жумурияттын ички басма сөзүндө да, эл аралык чөйрөдө да кеңири шардана кылынды.
Бул терминдик чечимди калыс чечмелеп жаткандар, өзгөчө колдогондор жана сынга алгандар да арбын. Маселен, айрым орус тилдүү блогчулар бул жаңылыкты душмандык маанайда каршы алышты.
“Түркстан” топоними жаңы болуп саналабы?
Албетте, “түрк” этнонимин колдонуу менен Ички жана Борбордук Азиядагы түрк тилдүү калктар кубаттуу мамлекеттер түзгөн кезеңдер болгон.
Тарыхтагы Улуу Түрк каганаты, Батыш Түрк каганаты, Чыгыш Түрк каганаты сыяктуу мамлекеттердин доорунда “түрк” сөзү этностук аталыш болуп чектелбестен, Евразиянын кеңири аймагында ар башка элдер тарабынан жалпылама саясий аталыш (политоним) болуп колдонулуп калган.
Ошентип, түрк тилдүү калктарды (алардын далайы өздөрүн эч качан “түрк” деп аташкан да эмес) алардын тарыхый коңшулары жалпылап “түрк элдери” деп атай баштагандыктан, бара-бара эч бир саясий мамлекетке чегерилбеген орток географиялык аталыш катары “Түркстан” сөзү да келип чыкккан.
Өзгөчө баса айтсак, орто кылымдардын алгачкы мезгилинде өзүнүн түпкү эли тарабынан “Түркстан” деп аталган эч бир мамлекет болгон эмес. Бул сөз жаралгандан тартып эле “түрк тилдүү калктар байырлаган чөлкөм” маанисинде (б.а. тарыхый-географиялык аймактын аталышы катары) колдонулган.
“Түркстан” сөзүндөгү “түрк” этноними, демек, жалпы түрк тилдүү калктарды жана алардын ээликтерин шрттуу жалпылап гана туюнткан. (Көөнө “Түркстан” аталышын азыркы Түркиянын өлкө аталышы менен механикалык байланыштыруу – тарыхый анахронизмге тете, б.а. бул далаалат – тарыхты бурмалаган күлкү келтирчү жаңылыштык болуп саналат).
“Түркстан” сөзүндөгү “-стан” (-stan / ستان) топоним жаратуучу куранды сөзү парсы тилинде көп маанини – “жер”, “жерге”, “өлкө”, “журт”, “аймак” маанилерин туюнткан. Маселен, “Тохаристан” аймагы – бүгүнкү Түндүк Ооганстанды жана ага чектеш айрым тажикстандык жана өзбекстандык түштүк аймактарды туюнткан тарыхый-географиялык чөлкөм аталышы.
Ал эми байыркы доордо “Туран” чөлкөмү катары айтылып келген ири аймакты парсылар, согдулар жана алардан кийин жалпы арап жазмасында жазган мусулман калктары “Түркстан” (ترکستان) деп шарттуу атап калышкан.
Ошондуктан “Түркстан” сөзү чөлкөм аталышы катары бир жарым миң жылдан ашуун узун тарыхка ээ.
Арап адабиятында “Түркстан” жер-суу аталышындагы “-стан” сөзүнүн ордуна “билаад” (بِلَادِ) – “шаарлар(ы)”, “өлкөлөр(ү)” деген топонимдик сөздү дагы колдонуп келишет (“билааду т-Турк”).
Тарыхый булактарга келсек, мурдагы Улуу Түрк каганатынын бир канаты болгон Батыш Түрк каганатынын аймагына карата согду тилинде “Түркстан” ("twrkstn") деген топоним катталган. Демек, парсылар гана эмес, заравшандык жана башка согдулар дагы “Түркстан” сөзүн VII кылымда аймактык аталыш катары кеңири колдонушкан.
Түпкү эли “он ок / уруу эли” (“он ок бодун”) деп аталган Батыш Түрк каганатынын борбору азыркы Түндүк Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө жайгашкан.
Биздин замандын VII кылымынын экинчи жарымына (639-жылга) таандык болгон алиги согду жазмасындагы документ 1969-жылы азыркы КЭРдин ШУАРындагы Турпан ойдуңунда табылган. (Бул жазма даректе күңгө айланган согду тектүү аялдын кул базарда сатылышы жөнүндө чагылдырылган жана анда заравшандык согдулардын коңшусу катары Түркстан чөлкөмү да эскерилген.
(Караңыз: Yutaka Yoshida; Takao Moriyasu; Xinjiang Uygur Autonomous Region Museum. Documents on the sale and purchase of female Sogdian slaves from the Koji Gaochang period // Study of Inner Asian Languages-4. Kobe: Kobe City University of Foreign Studies, Institute of Foreign Studies, 1988. – Vol. 19. – Pp.1–50. ISSN (published journal) 0289-9256 – URL: https://ndlsearch.ndl.go.jp/books/R000000004-I2952542).
Ал эми “түрк” этноними бул согду документинен алда канча мурдараак эскерилет. Маселен, орто кылымдардагы кытай жазмаларында бул “Түрк” этноними б.з. 542-жылга карата алгачкы жолу “Tuküe” түрүндө эскерилген.
(Караңыз: Liu Mau-Tsai, Die Chinesischen Nachrichten zur Geschichte der Ost-Türken, I, Wiesbaden, 1958, s. 28).
Арийне, көөнө кытай иероглифтик жазмасында “түрк” сөзү чыгыш хундардын бир уруусу болгон “тик” (tik) этноними менен да байланыштуу болушу мүмкүн, тек гана ханзуча иероглифте “р” тыбышы чагылдырылбай калган, деген сыяктуу жоромолдор да бар.
(Караңыз: Johann Jacob Maria De Groot, Die Hunnen der Vorchristlichen Zeit, Berlin-Leipzig, 1921, s. 5; Durmuş, İlhami. Türk Adının Ortaya Çıkışı, Anlamı ve Yayılışı (The Appearance of the Word “Türk”, Its Meaning and Its Pervasion) // Gazi Akademik Bakış, Cilt 10, Sayı 20, 2017, s. 37–47. – URL: https://dergipark.org.tr/tr/download/article-file/313721 )
Византиялык тарыхчы Менандр Протектор 568-жылы Батыш Түрк каганы Истеми византиялык император Юстинге элчи жөнөткөнү менен байланыштуу “түрк” этнонимин алгач эскерген.
Ал эми санскрит жазмасында бул этноним “turuška” деп жазылса, тибет жазмасында “drug, drugu” деп берилген.
Айтор, “түрк” этноними менен “Түркстан” географиялык сөзүнүн тарыхы өз ара айырмалуу.
Бул терминди орусиялык оторчулар да, демократтар да, болшевиктер да колдонушкан
Борбордук Азиянын түрк тилдүү калктарынын негизги аймактарын XVIII–XIX кылымдарда көп баскычта каратып алган падышалык Орусияда дагы “Түркстан” сөзү чөлкөмдүк аталыш катары колдонулган. Маселен, чөлкөмдүн көпчүлүк аймактарын кармап туруу үчүн атайын падышалык аскердик оторчул башкаруу режими киргизилип, аны орустар “Түркстан генерал губернатордугу” (“Туркестанское генерал-губернаторство”) деп аташкан.
Кийинчерээк, 1917-жылы кышында Орусиядагы Феврал демократиялык ыңкылабынын негизинде падышалык режим кулатылган соң, чөлкөмдөгү ар кыл этностордон жана партиялардан куралган демократиялык күчтөр ошол жылдын соңунда көп улуттуу демократиялык Орусиянын курамында болот деп саналган “Түркстан автономиясын” негиздешкен.
Болшевиктер жана алардын жөкөрлөрү бул Түркстан автономиясын (аны негизделген борбор шаарына байланыштуу “Кокон автономиясы” деп да коюшчу) кандуу согуш жана жазалоолор аркылуу ойрон кылган соң, “Түркстан” терминин андан ары колдонушуп, чөлкөмдүн бир бөлүгүндө болшевиктик Түркстан АССРин негиздешкен.
Демек, “Түркстан” сөзү Осмон султандыгынын жана кийинки Түркия жумуриятынын эч тийешеси жок эле орус тилдүү саясий адабиятта жана коомдук-саясий турмушта арбын колдонулуп келген.
Түркия топонимди өз окуу китебинде өз каалаганындай чагылдырууга акылуу
Азыркы айрым орус тилдүү замандаштарыбыз “Түркстан” сөзүн түркиялык тарых сабагын окутуу жүрүмүндө географиялык аймак аталышы катары кайрадан колдоно баштоо аркылуу бүгүнкү Түркия постсоветтик Борбордук Азия өлкөлөрүн тим эле “басып алгысы келген кара ниетин тымызын” билдирүүдө, дегендей мааниде жазышууда. Аларды тоту куштай кайталап кыргыз тилинде ушундай жарамсыз ойду жазган улутташтарыбыз да учураганы өкүндүрөт.
Чын-чынында, бул “Түркстан” топоними Түркиянын ички билим берүү системасында гана мурдагы тарыхый чөлкөмдүк аталышты калыбына келтирүү деңгээлинде колдонулат. Бул топонимдин географиялык (чөлкөмдүк) аталыш катары азыркы Анатолияга эч кандай тийешеси жок.
Бул жаатта башка да дүйнөлүк мисалдарды келтирелик.
Кытаң, Кытай, Чин, Жуңго
Коңшу Кытай өлкөсүн биз орто кылымдардын XI кылымынан бери “Кытай” деп атап келебиз. Ал эми VIII кылымдын башында түрк тилдүү калктардын орток алфавити болгон битик жазмасында Түндүк Кытайда, Манчжурияда жашаган “кытаң” деген чакан этнос эскерилген.
Бул кытаң элинин тилинин кытай (ханзу) элине эч тийешеси жок, анткени кытаңдар (аларды ханзу тилинде “кидан” дешчү) түрк, монгол, тунгус-манчжур элдерине жакын алтай тилдеринин биринде сүйлөчү. Кийин түрк элдери “кытаң” сөзүн “кытай”, “хытай” деп атай баштаган.
Түрк элдеринен улам чыгыш славяндар дагы жалпы Кытай мамлекетин “Китай” деп атап калышкан. Парсы тилинде бул өлкө “Чин” делсе, арапча “ас-Сын” делет; англисче China деп аталат.
Ханзулардын эне тилинде бул өлкө “Жуңго” – “Чордондук мамлекет” деп аталат.
(Азыркы кытайлыктар Кыргызстан менен Орусияга мындан ары мамлекетибизди эне тилиңерде “Жуңго” / “Чжунго” деп атай баштагыла, деп эч кине койгон жок. Бул – биздин ички маселебиз).
Бахмут аталышына кайра учкай кылчайсак
Украинада Бахмут шаар аталышы бар. Бул украин жер-суу аталышынын келип чыгышы орто кылымдардан тартып ислам динин туткан кыпчак, татар, түрк элдеринин диалект вариантындагы “Махмут” сөзүнө барып такалат деген жоромол бар.
(Кыргыздар, тескерисинче, пахта сөзүн “макта”, “памук” сөзүн “мамык” дешчү. Ар кыл тилдерде б менен м тыбыштары орун алган учурлар арбын).
Чыгыш Европанын калкы орто кылымдарда көп этностуу болгондугу, анда хазар, печенег, булгар, кыпчак жана башка түрк этностору да, мажар сыяктуу элдер да чыгыш славяндар менен эриш-аркак жайгашкандыгы тууралуу маалымат жамы журтка белгилүү. Украиндер түрк тилдүү калктардан калган Махмут топонимин Бахмут түрүндө сактап, колдоно беришкен. (Топонимдин башка да этимологиялык варианттары бар).
1924-жылы бийликтеги большевиктер Артём деген каймана аты менен белгилүү болгон орус революционери жана советтик мамлекеттик ишмер Фёдор Андреевич Сергеевдин (1883–1921) атын бул шаарга таңуулашкан да, украиналык бул шаар Артёмовск (украинче Артемівськ) деп дээрлик 92 жылдай аталып калган.
2016-жылы Украинанын Донецк облусуна караштуу бул шаар тарыхый аталышына көчүрүлүп, кайрадан Бахмут аталып калган.
Ал эми Украинанын айрым аймактарын убактылуу каратып алган орусиялык баскынчылар азыркы тапта дагы Бахмут шаарын “Артёмовск” деп баса белгилеп атап келишет.
Орусиянын өзүндө эски болшевиктердин ысымдары 1990–91-жылдардан тартып шаар аталыштарынан жок кылынган. Мисалы, Ленинград шаары кайра Санкт-Петербург аталып, Горький шаары Нижний Новгород деген эски атына көчүп, Уралдагы Свердловск шаары Екатеринбург аталышын калыбына келтирген.
Иерусалим шаарынын аталышы
Жакынкы Чыгыштагы үч башка диндегилердин ыйык шаары болуп саналган Иерусалим шаарын жөөттөр “Йерушала(й)им” деп аташат.
Бул шаарды араптар “ал-Кудс” (القُدس) жана “Уршалим-ал-Кудс” деп да аташат.
Аны мусулман түрк калктары “Куддус” (анатолиялык түркчө “Kudüs”) деп да аташат.
Бул шаарды гректер “Иерусалим” (Ιερουσαλήμ), орустар аларга окшоп “Иерусалим” дешсе (Кыргызстанда негедир ушул орусча термин кыргыз тилинде расмий колдонулуп келет), чехтер “Йерузалем” (Jeruzalém) деп, англистер “Жерусалем” (Jerusalem) деп аташат.
Бул шаар ар бир элдин тилинде жана жазмасында ар башкача атала берет. Салт ошол.
Эгерде Кыргызстандагы мамлекеттик тилде бул шаардын аталышы “Ж” тыбышы менен башталып, “Жерүсалим” деп, же таптакыр “Куддус” деп атала баштаса, анда кайсы чет өлкөнүн өкүлдөрүнүн кыргыздарды жемелөөгө акысы бар?
Атаандаш жер-суу аталыштары
Албетте, айрым жер-суу аталыштары ар башка тилдерде айырмалуу аталып жана айтылып келет. Анын тилдик, этнографиялык, тарыхый, саясий жана башка өңүттөрү бар.
Бир катар тилдерде “Перс булуңу” деген аталыш бар. Аны араптар “Арап булуңу” же жөн гана “Булуң” – “ал-Халиж” (الخليج) деп атап коюшат. Аталышы талаш жараткан бул булуң Иран менен Арапстан жарым аралынын ортосунда жайгашкан. Ал Ормуз кысыгы аркылуу Оман булуңу, Арапстан деңизи жана Инд мухити менен байланышат.
Булуңду жээктей жайгашкан өлкөлөр: Бахрейн, БАЭ, Ирак, Иран, Кувейт, Оман жана Сауд Арапстан (алардын арасында бир гана парсы тилдүү өлкө бар, ошондуктан калган өлкөлөрдөгү араптар бул маанилүү булуңду “Перс булуңу” деп атагысы келишпейт).
Батыш Европадагы Ла-Манш кысыгын француздар “Ла-Манш” (la Manche) дешсе, англистер “Англис каналы” (the English Channel) дешет. Анын французча аталышы “тар кысык” маанисин берет жана бул сөз француздарда XVII кылымдан бери колдонулуп келген.
Бул терминдик айырмачылыкка карабастан, дал ушул кысыктын таманы аркылуу курулган жана Улуу Британия менен Франциянын ордо шаарларын 1994-жылдан бери байланыштырган “Эвротуннел” (“Eurotunnel”) темир жол туннели байсалдуу иштеп жатат.
Ырааакы Чыгышта падышалык Орусиянын оторчулары болочокку Владивосток шаарынын айланасын 1859-жылы гана (мындан 165 жыл мурда гана) ээлешкен. Ал эми 1860-жылы бул жерде курулган оторчул аскердик бекет “Владивосток” (“Чыгышты ээле”) деп аталып калган (бул топонимди Түндүк Кавказдагы “Владикавказ” шаар аталышы менен салыштырса болот).
Бул аймакта орустар келе электен мурда тунгус-манжур тилдеринде сүйлөгөн жана башка жергиликтүү калктар байырлашчу. (Айтылуу “Дерсу Узала” көркөм тасмасынын кейипкерин эскере кетели).
Тасма (орус тилинде). Кытайлык айым “Хайшэнвэй” шаар аталышы тууралуу. 13.04.2023.
Кытайды цин-манжур сулалеси бийлеп калган чакта, бул жердин аталышы “Хайшэнвэй” (““Деңиз бадыраңы” деп аталган суудагы азык болчу жаныбардын булуңу”) деп катталган. Азыр дагы Тайванда Владивосток шаарын “Хайшэнвэй” (Hǎishēnwēi) деп аташат. Ал эми КЭРде бул сөздү кашаа ичине алып, шаар аталышын “Фуладивоситоке” (Fúlādíwòsītuōkè) деп атап келишет.
Кытайдагы айрым жарандар Владивосток шаарынын аталышын ханзуча эле атоо сунуштарын байма-бай айтышууда жана ушул вариантта заманбап карта да жарыялашкан.
Борбордук Азия өлкөлөрү “Түркстан” аталышын калыбына келтириши ыктымалбы?
Албетте, ЮНЕСКОнун деңгээлинен алып караганда, “Борбордук Азия” термини азыркы Кытайдагы Ордос аймагын, Тибетти, ШУАРды, андан ары эгемен Монголияны, Орусиядагы Шибер жана Алтай аймактарын, постсоветтик беш өлкөнү (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды), Пакистан менен Индиянын түндүк бучкактарын, Түндүк Ооганстанды жана Түндүк-Чыгыш Иранды өзүнө камтыган ири тарыхый-географиялык чөлкөм болуп саналат.
Ал эми “Түркстан” тарыхый-географиялык аталышы постсоветтик Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан жумурияттарын гана бириктирген чөлкөмдүн жалпы аталышы кызматын мурдагысындай аткара алат.
Айрымдар “Тажиктер түрк тилдүү эмес да” деши мүмкүн. Бирок Тажикстандын жери да мурдатан эле тарыхый Түркстанда жайгашкан. Тажикстанда өзбек, кыргыз жана башка түрк тилдүү этностор дагы тажиктер жана башка иран тилдүүлөр менен эриш-аркак байырлашат. Тажиктер Кыргызстан менен Өзбекстанда да түрк элдеринин арасында байырлашат.
Демек, “Түркстан” сөзү азыркы тапта түрк тилдүү калктарды гана түшүндүрүп чектелбестен, байыртадан бери келе жаткан көп этностуу кырдаалды дагы чагылдырган демейдеги географиялык термин катары каралышы керек.
Түркстанда байыркы доорлордон жана орто кылымдардан бери түрк тилдүү калктардан тышкары өздөрүн түркстандык санаган ар кыл элдер (согдактар, тажиктер, несторийчи сириялыктар, бухаралык жөөттөр, түрктөшкөн ферганалык араптар, лөлүлөр, кытаңдар, монголдор жана башка этностор) жашап келишкен. Улуу жибек жолу аркылуу башка да элдердин айдыңдары жана соодагерлери конуш таап калышкан.
Азыр да чөлкөмдө славян тектүү, иран тилдүү, немис, корей, дунган, жана башка этностор түрк элдери менен эриш-аркак жашашат.
Бул чөлкөмдү адабиятта “Борбордук Азия” атаса дагы, “Түркстан” атаса дагы ар бир жумурияттын элдери өзүнүн эне тилин, мурасын жана улуттук асыл-нарктарын сактоосун уланта бермекчи.
Эгерде “Түркстан” географиялык аталышы чөлкөмдө кайрадан расмий колдонула баштаса, албетте, эч кандай кыйсыпыр башталып, асман төбөбүзгө түшүп кетпейт. Бул – эски тарыхый аталыштарды кайтаруунун эле кезектеги жана демейдеги бир көрүнүшү болуп калмак.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.