Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Зеленский Европада, Путин Түркмөнстанда жүрөт


Украина Одесса аймагында соңку эки күндө Орусиянын чабуулдарынан кеминде 13 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди. Өлкө президенти Владимир Зеленский Жеңиш планын Европадагы өнөктөштөрү менен талкуулап жатат.

Украинанын түштүгүндө, Кара деңиз боюнда жайгашкан Одесса аймагын 11-октябрга караган түнү Орусия баллистикалык ракеталар менен аткылаганын облус башчысы Олег Кипер билдирди.

Соңку маалыматта, эки кабаттуу үй талкаланып, уранды астында калган адамдар каза болду. Портту тейлеген ишканада жараат алган бир киши ооруканада көз жумду.

Одессанын жээк тилкесин, айрыкча жүк ташуучу кемелер жана дан сакталуучу кампалар жайгашкан жерлерин Орусия согуш башталгандан бери бутага алып келет.

Киев орус бийлигинин бул чабуулдарын Украинанын деңиз аркылуу тышка экспорттук жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн жок кылуу аракети катары баалоодо.

Мындан тышкары өткөн түнү жана эртең менен Киев, Житомир, Полтава, Черкасск жана Днепропетровск облустары дрон чабуулуна кабылганын, айрым жерлерде жарылуу болгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Орусия Украинада Patriot абадан коргонуу системасынын жабдыктары, радиолокациялык станциясы жок кылынганын бейшемби күнү маалымдап, Курск облусунда украин аскерлеринин чабуулдарынын мизи кайтарылганын билдирген.

Украина өлкөнүн чыгышында фронт тилкесинде кармаш уланып жатканын, Орусиядагы аскердик аэродромдордун бири бутага алынып, курал-жарак сакталган кампасы жок кылынганын маалымдаган.

Ал тапта украин президенти Владимир Зеленскийдин Европа сапары уланууда. Жолугушууларда фронттогу абал, Украинанын коопсуздук маселелери талкууланып жатат.

10-октябрда Лондондо Зеленскийдин Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана НАТОнун жаңы баш катчысы Марк Рютте менен жолугушуусу өттү. Анда украин тарап Орусияны жеңүү планын сунуштап, талкуулады.

Журналисттердин Украинага Батыш берген курал-жарак менен Орусиянын аймагына атууга уруксат берүү маселеси боюнча суроосуна жооп узатып жатып Рютте буга эч кандай юридикалык тоскоолдук жок экенин, бирок чечимди ар бир өлкө өз алдынча кабыл алышы керектигин айтты.

“Юридикалык жактан бул мүмкүн. Себеби юридикалык өңүттөн алганда Украина Орусия тараптан ага кандай коркунуч жаралып жатса, ошол жерлерди өз куралы менен бутага алууга укуктуу. Бирок союздаштар ошондойго барабы, аны ар кимиси өзү чечет. Албетте, биз муну да талкууладык”.

Зеленский Европада, Путин Түркмөнстанда жүрөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

Ошол эле күнү Зеленский Парижде Франциянын президенти Эммануэл Макронго кезигип, Украинанын Орусияга каршы согушундагы Жеңиш планын тапшырып, анын пункттарын жана жалпы стратегиясын, согуш талаасындагы абалды, биргелешип курал-жарак өндүрүү маселелерин талкуулаганын билдирди.

Украин президенти өнөктөштөр менен согушту токтотуу шарттарын эмес, жеңишке жетишүү формуласын жана планын талкуулап жүргөнүн белгиледи.

“Азыр союздаштар менен сүйлөшкөндө атышууну токтотуу жөнүндө сөз кыла турган кез эмес. Аны талкуулаган жокпуз. Жалпыга маалымдоо каражаттары бул жакка мен атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшкөнү келгеним жөнүндө жазганын көрүп жатам. Жок, андай эмес. Орусия жалган маалымат таратуу жагынан иштеп жаткандыр, андыктан түшүнсө болот”, - деди Владимир Зеленский.

Бир күн мурда италиялык Corriere della Sera басылмасы Киев эгер Батыш коопсуздук жагынан кепилдик бере алса, фронттогу азыркы чек арадан атышууну токтотууга даяр экенин жазган.

Зеленский бул сапар алкагында Римге барып Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен, 11-октябрда Ватиканда Рим Папасы Франциск, ошол эле күнү Германияда немис канцлери Олаф Шольц менен жолугушууда.

Украин лидеринин бул жолугушуулары өлкө күн сайын Орусиянын ракета жана дрон чабуулдарына кабылып, чыгыш тарапта орус аскерлери улам алдыга жылып жаткан кезде өтүүдө.

Апта соңунда АКШ президенти Жо Байден Германияга барып, Украинага аскердик колдоо көрсөтүп жаткан өлкөлөрдүн "Рамштайн" форматындагы кезектеги саммитине катышмак. Бирок "Милтон" бороонуна байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам ал сапарын токтотуп, саммит өтпөй турганы жарыяланган.

Зеленскийдин басма сөз кызматы ал негизги өнөктөштөр менен өз алдынча сүйлөшүү жүргүзөрүн билдирген.

Киев АКШдагы президенттик шайлоо алдында аскердик жана каржылык жардамдан болушунча көбүрөөк алып жетишүүгө аракет кылууда. Кошмо Штаттар Украинанын Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы согушунда негизги тарапташы жана колдоочусу болуп келет. Эгер шайлоодо мурдагы президент Дональд Трамп утса, Вашингтондун колдоосу уланышынан күмөн санатышы ыктымал деген кооптонуу айтылууда.

Ошол эле учурда Украина эл аралык коомчулукту иш-чара, жыйын же жолугушууларды өткөрүүдө Орусиянын президенти Владимир Путинди чакырбоого үндөдү. Өлкөнүн тышкы саясат мекемеси 10-октябрда Путиндин Түркмөнстанга сапарына байланыштуу жарыялаган билдирүүсүндө орус президенти согуш кылмышкери экенин, Эл аралык кылмыш сотунун ага карата ордери чыкканын, ошону баары түшүнүшү керектигин эскертти.

Путин 11-октябрда Түркмөнстанга барып, борбор калаа Ашхабадда түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракесине арналган эл аралык форумга катышты. Форумга Борбор Азиянын лидерлери, Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн бийлик өкүлдөрү чакырылган.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылы февралда ачкан. Ошондон бери агрессиясын улантып, Украинанын чыгышында жай болсо да улам алдыга жылып баратканы маалымдалууда. Жакында Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн учурда украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айткан.

XS
SM
MD
LG