Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

Медреседеги өлүм: Шектүү кыйноого кабылдыбы?


“Имам ат-Термизий”
“Имам ат-Термизий”

Оштун Ноокат районундагы медреседеги өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин кармалган 16 жаштагы шектүү абакта кыйноого кабылганы айтылды. Милиция бул маалыматты четке какты.

Медреседе 14 жаштагы баланы бычактоого шек саналып, бир айга камалган 16 жаштагы өспүрүмдүн жактоочусу кыйноого байланыштуу прокуратурага арыз даярдап жатканын билдирди.

Шектүү учурда Ош шаарындагы №5 тергөө абагында кармалып турат.

"10-октябрда тергөө абагына кирип, бала менен учурашып чыктым. Ал мага кыйноого кабылганын айтты. Бүгүн буюрса прокуратурага арыз жазабыз. Бирок мен баланын денесинен эч кандай так же көгала көргөн жокмун. Ата-энеси дагы нааразы болуп жатат",- деди 16 жаштагы өспүрүмдүн жактоочусу Хусанбай Салиев.

Бирок Ош облустук милициясы бул маалыматты четке какты.

“Бала кармалганда жанында мугалимдер социалдык педагогдор чогуу болгон. Шектүүнүн кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт”, - деди Ош ОИИБнын маалымат катчысы Чынара Сейитбекова.

Дин иштери боюнча комиссиянын түштүк аймагындагы жетекчиси Фархадбек Адилбек медреседеги өлүмдү териштирүү үчүн муфтият, мамлекеттик органдар менен чогуу атайын комиссия түзүлүп, бир канча жагдайлар ачыкталганын билдирген.

Анын айтымында, жашы жете элек баланы диний окуу жайга тарткан деген негизде медресеге айып салынган.

Фархадбек Адилбек уулу
Фархадбек Адилбек уулу

“Ош облустук казыяты буйрук чыгарып, тиешелүү мамлекеттик органдар кошулуп, окуяны жеринен иликтейли деп бардык. Ал жерде биз окуу журналдарын, каттоо журналдарын көрдүк. Текшерүү учурунда каза болгон баланын катталганы жөнүндө маалыматтар чыккан жок. Биз мугалимдердин пикирин угуп, алардан маалымат алганыбызда "үч күн башта дем салдырганы келген" деген сөздөр болду. Ага карабастан милиция кызматкерлери Укук бузуулар кодексинин 142-беренесинин 1-бөлүгү менен 17500 сом айып пул салынды. Бул жерде диний окуунун регламенти бузулуп, жашы жете элек баланы диний окуу жайга тартканы үчүн ушундай чара колдонулду”.

Маркум Өзгөн районундагы №5 Ленин атындагы орто мектептин окуучусу болгон. Ош облустук бийлиги бала 9-классты сырттан окууну чечип, быйыл мектептен чыгып кеткенин айтууда. Иликтөө иштери жүрүп жатканда медресе белгисиз мөөнөткө жабылган.

Кенжебек Абдылдаев
Кенжебек Абдылдаев

“Бул иштен кийин кийин муфтияттан, дин комиссясынан, УКМК, милициядан жетекчилер жана адистери менен биргеликте текшерүү болуп, тапшырма берилди. Ошол учурдагы медреседе 200дөй бала болгон. Жогорудагы мен айтып өткөн комиссия чечим кабыл алып медресени жапты. Эми тиешелүү кортундулар чыкканга чейин медресе жабык турат”.

Ош облустук милициясы тараткан маалыматта шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.

Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты, дин таануучу Элмурат Кочкор уулу медреселердеги билим берүү тармагын сынга алды.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

"Ал жердеги мугалимдердин педогогикалык усулу, педогогикалык методикасы жетишсиз. Баары эмес бирок! Силер билесиңерби же жокпу, медреседе агайын чыбык же шапалак менен уруп койсо "акыретте тозок отуна ошол жериң күйбөйт" деген эрежелерди таап алышкан. Адистерди текшерүү заман талабы болуп жатат. Куран, хадис жататкан оңой эле иш, аны керек болсо тоту кушка да жаттатса болот".

Коомчулукта бул үрөй учурган окуядан кийин диний жайлардагы билим берүүдөн сырткары, балдардын коопсуздук маселесин көзөмөлдөгөн окутуучулар жана диний окуу жайдын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо маселеси дагы айтылды.

Медреседеги өлүмдөн кийин диний окуу жайларга видео камераларды коюу тапшырмасы берилип, ички тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдерди дайындоо да тапшырылган.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев бул окуя окуу жайлар үчүн чоң сабак болгонун белгиледи.

Максат Атабаев
Максат Атабаев

"Бул бир эле диний окуу жайларга эмес, башка окуу жайларга дагы чоң сабак. Анткени адам өмүрү кыйылып жатат. Учурда биздин ички иликтөө комиссиясы эки күндөн бери иштеп жатат. Тарбиячы болобу жетекчилиги болобу жыйынтык чыккандан кийин аларга чара көрүлөт”.

Окуя катталгандан кийин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы каза болгон бала дем салдыруу үчүн медресеге үч күнгө келгенин, ал диний билим берүү жайында окубаганын билдирген.

Ал эми маркумдун жакындары өспүрүм төрт айдан бери медреседе билим алып келгенин “Азаттыкка” ырастаган.

Ноокат районундагы медреседе киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүм Куршаб айылынын тургуну, беш бир туугандын ичинен жалгыз эркек бала болгон. Орусияда иштеп жүргөн атасы 8-октябрда үйүнө учуп келгенден кийин маркумдун сөөгү жерге берилген.

Каза болгон баланын жакындары
Каза болгон баланын жакындары

6-октябрда Ноокаттагы “Имам ат-Термизий” атындагы медреседе бычак жеп, жараат алган 14 жаштагы бала аймактык ооруканага жетпей каза тапкан.

Өткөн жылдын август айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мекемелер аралык жумушчу топ менен бирге Ош облусундагы диний жайларды текшерип, баш-аягы алтымыштай мечит-медреселердин ишин убактылуу токтоткон эле.

Ага негиз катары бир катар кемчиликтер айтылган. Соңку окуядан кийин өлкөдөгү жатак мектеп, медреселердеги коопсуздук, көзөмөл маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Өлкө боюнча жалпысынан 140тан ашуун диний окуу жай болсо, анда жылына 5-6 миң балдар-кыздар окутулат.

XS
SM
MD
LG