Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Корей коомунун өксүгүн көрсөткөн "Эт жебес аял"


Нобел сыйлыгынын лауреаты Хан Ган.
Нобел сыйлыгынын лауреаты Хан Ган.

Адабият боюнча Нобел сыйлыгына бул жылы түштүк кореялык жазуучу Хан Ган татыды.

Нобел комитети сыйлык анын “тарыхый өксүктөргө каршы күрөшкөн жана адам өмүрүнүн морттугун ачкан күчтүү поэтикалык прозасы үчүн” ыйгарылганын жарыялады. Хан Ган жана анын чыгармачылыгы тууралуу кыргыз окурмандарына эмне белгилүү?

Кыргыз окурмандары Хан Ганды билеби?

Акын, адабиятчы Гүлзада Станалиева Хандын ийгилиги Азияда чоң жаңылык болгонун, бул бир катар аял жазуучуларды шыктандыра турганын белгиледи:

Гүлзада Станалиева.
Гүлзада Станалиева.

"Хан Ган дүйнөдө Нобел сыйлыгын алган он сегизинчи аял калемгер болсо, Азиядагы аялдардын ичинен алгачкы лауреат болуп отурат. Бул жазуучунун ысымы буга чейин биздин Кыргызстанда анчейин белгилүү эмес эле. Мен анын орус тилине которулган “Эт жебес аял” чыгармасынан сырткары “Адам жоругу” деген романын билем. Учурда башка да чыгармалары которулуп жатса керек. Хан Ган чыгармаларын абдан жеңил, ошол эле убакта кызыктуу жазат. Ошондуктан анын чыгармалары бүгүнкү күндө башка тилдерге которулуп, көп сатылган романдардын катарын толуктап турат".

Өлкөдөгү IQ BOOKSTORE китеп дүкөнүнүн негиздөөчүсү Айдай Максатбекова Хандын жогорудагы чыгармасы орус тилинде сатылганын белгиледи:

Айдай Максатбекова.
Айдай Максатбекова.

"Эт жебес аял” (Vegetarian) аттуу китебин биз мурда дүкөнгө алып келгенбиз. Бул чыгарма анын жалпы жазган он алты чыгармасынын ичинен көрүнүктүүсү экен. Менин билишимче, Хан Ган - 1990-жылдан бери эле жазып жүргөн калемгер. Алгач чыгармачылыгын поэзиядан баштаса, проза жанрына кийинчерээк өткөн. Анын бардык китептери англис, айрымдары орус, украин жана башка бир нече тилдерге которулган".

Ал эми "Бугу пресс" басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин дүйнөдөгү абройлуу сыйлыкты алгандан кийин Хан Гандын чыгармаларын кыргыз тилдүү окурмандарга да сунуштап көрүүнү ойлонуп жатканын айтты:

Жаныбек Абидетегин.
Жаныбек Абидетегин.

"Хан Ган опурталдуу көйгөйлөрдү көтөрөт экен. Ал Нобел сыйлыгын жөн албаптыр. Биздин “Бугу пресс” басма үйү алдыда бул жазуучунун чыгармаларын которолу деп жатабыз. Себеби ал дүйнөгө таанымал болгону менен, чыгармалары Борбор Азия элдеринин тилдерине которулбаптыр. Биз эмне үчүн которолу деп жатабыз? Анын чыгармаларында КМШ өлкөлөрүнө тиешелүү көйгөйлөр да көтөрүлүптүр. Дегеле акыркы жылдары мейли кино же адабият тармагында болсун, корей маданияты алдыңкы сапта туруп, дүйнө көңүлүн өзүнө бурдуруп жатат. Биз андыктан корей маданиятын, адабиятын терең таанууну ушул жазуучунун чыгармаларын которуу кадамы менен баштасак дейбиз".

Зомбулук темасын көтөргөн калемгер

Патриархалдык корей үй-бүлөсүнөн чыккан Ёнхе аттуу жаш келин түш көргөндөн кийин эт жегенден баш тартып, кийинчерээк таптакыр наар албай калат. Бул көрүнүш анын жакындарын чочулатат. Күйөөсү бара-бара андан "аялдык милдеттерин" аткарбай жатканы жана эттүү тамак жасабай калганы үчүн кол үзөт. Бул учурда карачечекей жездеси келинди сүрөткө тартуу үчүн чакырып, сексуалдык кызыкчылыгына колдонот. Ёнхе ооруканага түшүп, даракка айлангысы келет.

Кыргызстандык акын, жазуучу Гүлзада Станалиева "Эт жебес аял" романына нагыз турмуш чындыгы камтылган метафоралык чыгарма деп баа берди:

"Баш каармандын үрөй учурган түштөн кийин эт жебей калганы – метафора. Башкача айтканда анын бул кадамын өзүнө жасалган зомбулукка, түрдүү басымга карата каршылыгы десек болот. Чыгарманын өзөгүн аялдын ички күрөшү, жеке революциясы түзөт. Автор окурмандардын алдына алсыз аял жеңишке жетеби, өз үнүн угуза алабы деген маселени коёт".

2016-жылы жарык көргөн "Эт жебес аялды" америкалык New Yorker журналы үнсүз каршылык жана анын кесепеттери жөнүндө притча деп атаган.

Бул үчүн калемгер эл аралык абройлуу Букер сыйлыгына ээ болгон. Бул сыйлыктан кийин анын китеби эл аралык деңгээлде сатыла баштаган.

Сыйлыктын акчалай бөлүгүнүн жарымын англис тилине которгон котормочу Дебора Смит алган — ал ошол учурда аспирант болуп, корей тилин болгону алты жыл гана үйрөнгөн экен.

Айрым адабият сүйүүчүлөр автор чыгармасы аркылуу корей коомундагы аялдар кабылган зомбулуктун кесепетин көргөзгөнүн белгилешкен.

Анткен менен чыгарманын англисче котормосун түштүк кореялык адабиятчылар, жазуучулар "бурмаланган" деп катуу сынга алышкан.

Нобел сыйлыгынын лауреаты Хан Ган.
Нобел сыйлыгынын лауреаты Хан Ган.

Нобел сыйлыгынын адабият боюнча комитети чыгарманы "тарыхый жарааттарга каршы күрөшкөн жана адам өмүрүнүн морттугун ачкан күчтүү поэтикалык проза" деп баалаганы 10-октябрда белгилүү болду.

"Хан Ган өзүнүн чыгармачылыгында тарыхый травмаларга жана көзгө көрүнбөгөн эрежелерге каршы туруп, ар бир чыгармасында адам жашоосу канчалык морт экенин ачып берет. Ал дене менен жандын, тирүү менен өлүктүн байланышын өзгөчө кыраакылык менен баамдап, өзүнүн поэтикалык жана тажрыйбалык стили менен азыркы прозада новаторго айланды", - деп белгилеген адабият боюнча Нобел комитетинин төрагасы Андерс Олссон.

Атадан ашкан кыз

54 жаштагы Хан Ган адабият боюнча Нобел сыйлыгын алган алгачкы түштүк кореялык жазуучу болуп калды.

Чыгармачылык жолун 1993-жылы "Адабият жана коом" журналында жарыяланган ырлары менен баштаган, анын прозалык дебюту 1995-жылы "Бозгундун сүйүүсү" аттуу аңгемелер жыйнагы болгон.

2014-жылы "Адамдын жоруктары" аттуу романы жарык көргөн. Мында ал өзүнүн туулуп-өскөн шаары Кванжуда 1980-жылы демократиялык митингчилерди аскерлер кырып ийген учурду, мындай кыргын адамдын руханий дүйнөсүнө канчалык оор таасир тийгизерин чагылдырган.

Бул тарыхый окуя Түштүк Кореядагы эң кайгылуу учурлардын бири болуп саналат.

Ал эми 2016-жылы чыккан "Ак китеп" романында Варшавадагы окуяларды жазган. Бул чыгармасында да согуштун үрөй учурган учурлары жана өлүм темалары негизги орунду ээлейт.

"Тарыхый окуяга негизделген роман жазуу – бул өткөн окуяларды жөн гана айтып берүү эмес, адам табиятын изилдөө дегенди билдирет", – деп айткан Хан былтыр Yonhap маалымат агенттигине берген маегинде.

Ал эми 2023-жылы Кванжуда өткөн лекциясында жазуучу романдарындагы оор көрүнүштөрдү сүрөттөөдөгү максаты зомбулукту эмес, андан кутулууну көрсөтүү экенин түшүндүргөн.

Хандын атасы Хан Сон-вон да белгилүү романист болгон. Ал эми 2007-жылы "Эт жебес аял" китеби Түштүк Кореяда эң көп окулган чыгармалардын катарына киргенде, жергиликтүү маалымат каражаттары аны ата жолун улантуучу деп сыпатташкан. Бирок жазуучунун атасы: "Ал менден эчак ашып кеткен", – деп баа берген экен.

Быйылкы адабият боюнча Нобел сыйлыгына талапкерлердин арасында кытай жазуучусу Цань Сюэ, кениялык Нгуги Ва Тионго, австралиялык Жералд Мурнейн жана канадалык Энн Карсон болгон.

Былтыр Нобелдин адабият сыйлыгы норвегиялык автор Юн Фессеге "сөз менен айтып жеткирилгис нерселерди угуза алган новатордук пьесалары жана прозасы" үчүн берилген.

Ал эми 2022-жылы франциялык Анни Эрно, 2021-жылы танзиялык Абдулразак Гурна, 2020-жылы америкалык Луиза Глюк алган.

Нобел сыйлыгына татыгандарга алтын медал, диплом жана 11 миллион швед крону өлчөмүндөгү (быйыл бул сумма 1,1 миллион долларга барабар) акчалай сыйлык тапшырылат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG