2024-жылы Кыргызстандын Орусияга экспорту 25% кыскарып кетти. Кескин азайган товарлардын жарымы жеңил өнөр жай продукциялары болсо, тизмеде кош маанилүү товарлар дагы бар. Мунун себебин талдап көрдүк.
“Азаттык” радиосунун Борбор Азиядагы беш кызматы “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген жаңы сынак жарыялайт.
Президент Садыр Жапаров КМШнын башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Орусияга барды. Иш сапар учурунда ал мигранттар маселесин көтөрдү. Бул сапар мигранттарга карата Москванын мыйзамдары катаалдашып, эреже-талаптар күчөгөн маалга туш келди.
Орусиянын түрмөлөрүндө Украинадагы кан күйгөн кармашка азгырган учурлар көбөйдүбү? Темир тор артындагы мигранттар эмне себептен согушка барууга макул болуп, бөтөн жердеги өлүмгө баш байлап кетип жатат? Уулу кандуу кармашка айдалган эне-атанын зарын ким угат?
Быйыл жазында Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай жана такси айдоочуларына карата катаал чектөөлөр жол киренин кымбатташына алып келди.
“Памир кыргыздары” коомдук фондунун төрагасы Абдулвахил Турдакун уулу Ооганстандын Памир аймагынан Кыргызстанга көчүп келген кыргыздардын бир катар көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырууда.
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 8-октябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан бошотулду. Мунун алдында Жогорку сот жазуучуну коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарган.
Израилдин Газа тилкесинде АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобуна каршы күрөшүп жатканына бир жыл болду. Сентябрь айынан бери Израил армиясынын Кошмо Штаттар террордук деп санаган “Хезболла” жоочулар тобу менен кармашы күчөдү.
Кыргызстандын өкмөтү жана Орусиянын "Росатом" корпорациясы кыргыз жергесинде атомдук электр станциясын (АЭС) курууга байланыштуу коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Бул боюнча эки жыл мурда меморандум кабыл алынып, долбоордун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгон.
2024-жылдын жети айында Москва өлкөдөн чыгарылгандардын жана кирүүгө тыюу салынгандардын саны рекорддук чекке жеткенин жарыялады. Алардын дээрлик көпчүлүгү Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары экени белгилүү болду.
Балыкчы - Корумду автоунаа жолун куруп жаткан 80ге жакын жумушчу сегиз айдан бери кытайлык “Лонг Хай” компаниясынан айлык ала албай жатканын айтып, бийликке кайрылды. Алар ишкана эч кандай түшүндүрмө бербестен маяналарын кечиктирип жатканын билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз