Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотту. Расмий Тегеран 2-октябрда тараткан маалыматка караганда, зарылчылык болбосо чабуул кайра жанданбайт. 1-октябрдын кечинде Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды.
Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун иликтөөсүнө жооп берип, Өзгөн шаарын айланып өтө турган жолду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевге таандык компания куруп жатканын, бул үчүн ага рахмат айтыш керектигин билдирди. Айланма жол 14 чакырымга созулат.
Өзбек президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Комил Алламжонов кызматынан кетти. Ал мындан ары өлкөгө инвестиция тартуу менен алектенерин билдирди.
Кыргызстандын өкмөтү Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ичинде миграциялык мыйзамдарды катаалдаштыруу демилгелери тууралуу үн катып, жаңы чаралар уюмдун келишиминдеги нормаларга карама-каршы келбеши керектигин билдирди.
Кыргызстанда соңку жылдары рак илдетине чалдыккан балдар үчүн жардам чогулткан жарнамалар көбөйдү. Мындан улам коомчулукта “балдар арасында рак илдети жайылууда” деген пикирлер арбын. Бирок бул маалымат чындыкка жакынбы? Көйгөй тууралуу "Сергек жашоо" подкастында кеп кылабыз.
Сооронбай Жээнбековдун президенттик аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кайра камалды. 25-cентябрдан бери камакта жаткан "Эмаком" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, экс-депутат Эмилбек Жусупов Салиевге каршы көрсөтмө бергени айтылууда.
Канатбек Жолоев 10 жылдан ашык Орусиянын абагында отурду. Ал Орусияга айдап бараткан машинеден маңзат табылып, төрт киши кармалган. Канатбек 17 жылга кесилген. Ал азыр жазасын жеңилдетилген тартипте өтөп жатат. Көзөмөл органдын тыкыр текшерүүсү менен иштейт.
Ош облустук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов сол колундагы күрөө тамыры жана булчуңдары кесилген абалда ооруканага түшкөнү маалым болду. Аймактагы клиникалык оорукана, шаардык милиция судья колун өзү кескенин билдирди. Бирок жабырлануучунун жакындары бул маалыматка ишене албай турушат.
Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк берүүдөгү паракорчулукка шек саналып кармалган кызматкерлер тууралуу комментарий берди. "Кабар" агенттигине курган соңку маегинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигиндеги (мурдагы "Унаа") коррупциялык схема болгонун айтты.
1-октябрдын кечинде Иран Израилдин бир катар аймактарын баллистикалык ракеталар менен аткылады. Тегерандын бул кадамы АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" тобуна каршы Израил армиясынын Ливандагы операцияларына жооп катары каралууда.
Дагы жүктөңүз